ВАУЧЕРДИК СИСТЕМАГА ӨТҮҮГӨ ДАЯРБЫЗБЫ?

  • 10.03.2023
  • 0

Билим берүү тармагын жакшыртуунун бир аргасы катары ваучердик системаны киргизүү идеясы 28-февралда “Билимдүү Кыргызстан” форумунда айтылды. Билим берүү тармагында ырааттуу реформалар зарыл, бирок жакшы ниет менен башталган иш жетик ойлонулбаса, теӊирден тескери натыйжа бериши ыктымал дешет айрым эксперттер.

ВАУЧЕРДИК СИСТЕМАГА ӨТҮҮГӨ ДАЯРБЫЗБЫ?

Рахат Жолдошалиева, салыштырма билим берүү боюнча адис:

“АРТЫК КЫЛАМ ДЕП ТЫРТЫК КЫЛЫП АЛБАЙЛЫ”

 

– БУУнун төртүнчү Туруктуу өнүгүү максаты – бул акысыз, теңдүү, жеткиликтүү, сапаттуу билим берүү жана өмүр бою үйрөнүү. Бул жаатта иштер жакшы жүрүшү үчүн көз карандысыз изилдөөчүлөр ассоциациясы түзүлүп, анда түрдүү көз караштагы адистер пикир алышып, талкуу жүрүгүзүп турса жакшы болмок.

Абдывахап Нурбаев жетектеген “Билимдүү Кыргызстан” кыймылына ийгилик каалайм. Ошентсе да мындай топто жалаӊ эле бипбирдей ойлонгон кишилер эмес, кайчы пикир айтып, ар бир идеянын “бирок…” деген жагын көрсөтүүгө аракет кылгандар да болушу керек. Ырас, талаш-тартыш – максат эмес, жалпы иштин кызыкчылыгы үчүн өз ара түшүнүшүүгө умтулуу зарыл.

Эгер мамлекеттик органдарда, университетте, мектепте иштеген, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн, айрыкча чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын жакындан билген адистер катышса, бирикменин жалпы компетенттүүлүгү жогорку болмок.

Билим берүүдөгү ваучердик система бардык социалдык катмарларга бирдей мүмкүнчүлүк түзбөйт деп чочулайм. Мында көбүнчө жеке менчик мектептер материалдык пайда көрүүнү эле ойлоп калышы мүмкүн.

Социологиядан белгилүү болгондой, билим берүү системасынын башкы максаты – бул коомдогу социалдык жана экономикалык ажырымды жоюуга, жок дегенде азайтууга өбөлгө түзүү. Айлана чөйрө, баланын, үй-бүлөнүн ресурстары жана башка факторлор баланын мүмкүнчүлүгүн мектеп босогосун аттай электе эле аныктап коёт. Теӊсиздикти жоюу үчүн бардык балдардын билим алуусуна бирдей шарт түзүү зарыл.

Ырас, ваучердик системасы ата-эненин, окуучунун мектепти тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бирок көбүнчө иш жүзүндө жеке менчик билим берүү системасынын өнүгүшүнө, андан пайда көрүүгө кызыкдар адамдардын бизнесине айланышына жана мамлекеттик билим берүү системасынын мындан дагы ары начарлоосуна алып келерин адистер баса белгилеп жүрүшөт.

Жеке менчик мектептер көбөйсө эле баары сонун болот деп ойлобош керек. Мисалы, мен иштеп келген Пакистанда жеке менчик мектептер көп ачылган, алардын ишмердигине мониторинг жүргүзүлбөй, билим сапаты начарлап, мамлекеттик мектептердеги абал ого бетер оорлошуп кеткен.

Ата-энелер канчалык туура тандай билери да белгисиз. Швециянын тажрыйбасы кыйла жакшы дешет, бирок биздин жарандар шайлоодо талапкердин канчалык татыктуу экенин иликтебей эле добуш берип жүргөнү баарыбызга белгилүү да. Айырма асман менен жердей. Ырас, дал ушул коомдук аӊ-сезимди өнүктүрүү үчүн билим берүүнү түп тамырынан жаӊыртуу керек. Бирок реформаны ар тараптан кылдат ойлонуштуруп, ырааттуу жүргүзбөсө, натыйжасы тескери болуп калышы ыктымал.

Финдерди, грузиндерди үстүрт туурасак, өзүбүздүн коомдун деӊгээлин эске албасак, казга теӊелем деп карганын буту сынгандай болуп калабыз. Эксперт катары ар кандай реформаларды кантип жүргүзүү керек деп бизден ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү кеӊеш сурашат. Биздин сунуш ылайык келбесе же бир жактуу түшүнүүдөн улам тескери жыйынтык берсе эмне болот деп дайыма этияттанабыз. Биздин эле сөзүбүздү угуу менен чектелбей, өзүӊөрдүн ички шарт-жагдайыӊарды, өзгөрүүлөргө болгон иш жүзүндөгү даярдыгыӊарды көбүрөөк изилдегиле дейбиз. Азыр Кыргызстанда “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга да жетиштүү ойлонулбаган жоболор кирип кетпесин, миӊдеген балдардын тагдырына зыяны тийбесин дейм.

Ар бир жаңы реформалык ойдун оң жана терс жактарын, алыскы жана жакынкы келечекке таасирин иликтеш керек. Мында апробация ырааттуу жүргүзүлүп, анын мөөнөтү жетиштүү болушу, ошол эле учурда өтө создугуп да кетпеши кажет.

Балдардын көпчүлүгү үчүн мектепке даярдануу мүмкүнчүлүгүн жамааттык бала бакчаларды ачуу менен кеңейтүүгө болот. Мектептеги билим берүүнүн сапатын системалуу, комплекстүү жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган реформалардын ийгилиги жакшы болот. Биздеги реформалардын жыйынтыктары жана сабактары анализделбей, адистердин сунуштары эске алынбай келет.

Мунун эӊ башкы себеби – бизде билим берүүнүн баркы төмөндөп кеткен. Тилекке каршы, жумушка алганда жаштардын билимине, компетенттүүлүгүнө эмес, тууганчылык, жердештик катышына карашат.

Билим берүү бир эле экономикага керектүү жумушчуларды эле эмес (бул инструменталдык, кыска түшүнүк), коомдун турмушуна дилгир катышкан, өз салымын кошкон жарандарды даярдашы керек. Бизде азыр инструменталдык түшүнүк басымдуулук кылууда. Ал эми заманбап билим берүү өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү, мамлекеттин коопсуздугун бекемдөө, бүтүрүүчүлөрдүн дүйнөлүк деңгээлде суралуучу билгилигин калыптандыруу үчүн керек.

Мектептеги билимдин сапатын жакшыртып, жеткиликтүүлүгүн арттыруу жагынан ваучерде башка да көп жолдор бар. Айрыкча маалымат технологиялары катуу өнүгүп, кеӊири жайылган азыркы заманда окуучулардын өз алдынча билим алуу мүмкүнчүлүгү канчалык өскөнүн эске алып, мектептерге окуу китептерди, усулдук каражаттарды, башка маалымат булактарын тандоо жагынан толук эркиндик берүү зарыл. Мамлекеттик жооптуу орган (министрлик) бул жерде адистердин жардамы менен билимдин минималдуу деӊгээлин жана милдеттүү түрдө камтылуучу мазмунун гана аныктап бериши керек.

 

Дүйшөн Шаматов, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору:

“ИДЕЯ ЖЕТИК ИШТЕЛИШИ ЗАРЫЛ”

 

– Биз ваучерди бардык маселелерди чече турган сыйкырдуу таякчадай көрбөй, мектептерди өз алдынча жигердүү иштөөгө шыктандыруу жолдорунун бири гана деп билели. Бул системаны тактык, этияттык менен киргизүү керек.

2000-жылы Дүйнөлүк банктын ваучерге окшош “Жан башына каржылоо” долбоорун пилоттук негизде киргизгенге аракет кылышкан. Демилге жаман эмес эле, аны ошол ишке киргизгендер өздөрү толук түшүнбөй туруп баштаган болчу. Негизи, “жан башына каржылоо” көп мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп жатат. Бул эмнени камсыз кылат? Мектепти каржылоо системасында ийкемсиздикти жоёт. Азыр муниципалитеттен, министрликтен, райондон жыл сайын келген акчаны мектептин жетекчилиги смета боюнча гана сарптай алат. Андан ашканын кайтарып берет. Кайтарып берсе, кийинки жылы бул мектепке азыраак акча жетет экен деп кыскартып коюшат.

Мектептин өзүндө эч кандай автономия жок, үнөмдөгөн акчаны мектептин өнүгүшүнө, мугалимдердин билимин өркүндөшүнө жумшоо жагынан мектеп жетекчисинде эч кандай укук жок. Мугалимдер жакшы иштейби, жаман иштейби – баарына бирдей эле маяна бере берилет.

“Жан башына каржылоонун” алкагында мектептин өзүнө автономия берип, деректирдин ролун күчөтүп, атайын бухгалтерди жумушка алып, мектепке тиешелүү каражатты окуучулардын санына жараша үнөмдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок. Артып калган каражатты мугалимдерди шыктандырууга жумшай алмак. Ошентип, билимдин сапатына таасир этиши керек эле. Бирок, тилекке каршы, ал реформа ишке ашпай калды.

Ваучер системасынын жакшы жагы – мында ар бир окуучуга тиешелүү акча каражаты бөлүнөт, ошол окуучу өзү каалаган мектебин тандайт. Бирок ашыкча атаандашуунун кесепети чоӊ болушу ыктымал.  Мисалы, Бишкектеги 3-4 мектеп өнүгүп, калганы артта кала берет дейли. Шаар тургундарынын баары балдарын ошол мектептерге берип окуткусу келет. Калган мектептер эмне болот? Алар начар бойдон калса, көпчүлүк балдардын убалы кимге? Жапайы атаандаштыктын коомго зыяны көбүрөөк тийет.

Ырас, мамлекет мыкты мектептердин алга озушуна тоскоол болбошу керек. Бирок артта калган мектептерге кантип көмөк көрсөтөт? Бул маселени чече алабы? Мисалы, мыкты иштеп жаткан мектептин директоруна: “Сиз азаматсыз, эми кийинки жылы артта калган мектепти өнүктүрүңүз”, – деп милдеттендире алабы?

Ошондой эле шаардын сыртындагылар балдарын Бишкекке алып келсе, анда ошол мектептин сыйымдуулугу кандай болот? Эгерде ваучердик система кире турган болсо, ушул маселелерди да эске алуу керек. Талкуу жогорку аналитикалык деңгээлде болушу абзел.

Дагы бир чоң кооптуу жагдай – ваучердик системаны киргизгенде, ар бир мектептин жайгашкан жерине, ошол жердеги окуучулардын санына жараша коэффициент колдонулбаса, анда алыскы тоолуу райондо адам аз жашаган жерлердеги мектептер жок болуп кетиши мүмкүн. Буга жол бербеш үчүн жогорку коэффициент менен каражат бөлүнүшү керек. Ар бир баланын билим алуу укугу камсыздалууга тийиш.

 

Редакциядан: Албетте, жалпы улуттук маанидеги реформанын ийгилиги баарыбызды кызыктырат. Ошондуктан бул ирет ортого коюлган суроолорго ваучерди жактаган тарап ынанымдуу жооп жазып берет деп күтөбүз.

 

Фото булагы: https://kloop.kg/blog/2022/01/21/tri-smeny-po-troe-za-partoj-kyrgyzstanu-pryamo-sejchas-nuzhny-sotni-novyh-shkol/

Бөлүшүү

Комментарийлер