ВАУЧЕР – СЫЙКЫР ЭМЕС, РЕАЛДУУ ТАЯНЫЧ

  • 15.03.2023
  • 0

ВАУЧЕР – СЫЙКЫР ЭМЕС, РЕАЛДУУ ТАЯНЫЧ

Дүйшөн Шаматов менен Рахат Жолдошалиеванын өзгөчө пикирин “Кут Билим” гезитинин сайтынан окудук. Албетте, “жаман айтпай жакшы жок”, ар бир жаӊы демилгенин ийгиликтүү жүзөгө ашырылышы үчүн аны ар кайсы өӊүттөрдөн карап, ыктымал кыйынчылыктарды, кылдат жагдайларды эске алуу зарыл. Андыктан кесиптештердин сынчыл ойлорун туура кабыл алабыз. Бул макалада маселенин айрым жагдайларын тагыраак түшүндүрүп берүүнү чечтик.

 

Адилеттик тиреги

Ваучер – бул мамлекет тарабынан мектептеги ар бир окуучуга бекитилип, кепилденген минималдуу каржылоо механизми.

Ваучер шартында мектептин менчигинин түрүнө карабастан, бала ата-энеси менен тандаган мектепке бара алышы керек. Балага, анын ата-энесине ваучер кандай мүмкүнчүлүк берет?

  1. Үй-бүлөсүнүн материалдык абалына же ден соолугуна карабастан, ар бир бала татыктуу билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Анткени бала менен кошо каржы келет.
  2. Ваучер балдарды окутууда аз камсыз болгон ата-энелердин мектепти, ал тургай жеке мектепти да тандоо укугун теңдейт.
  3. Ваучер Каржы министрлигинен мектептерге түздөн-түз жөнөтүлүш керек. Ошондо коррупция азаят.

Ваучерди киргизүүнүн эң маанилүү шарты мектептердин каржылык жана административдик өз алдынчалыгы, ошондой эле каржыны башкаруудагы ачык-айкындык менен отчёттуулук болуп саналат.

“Бюджеттик акча окуучуларды ээрчийт” деген принципке негизделген билим берүүнүн ваучердик каржылоо механизми азыркы кезде 60тан ашуун өлкөдө колдонулуп келет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 5-пунктунда “Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка формадагы билим берүү уюмдарын өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды түзөт” деп айтылган. Бул жобону ишке ашырууга дал ушул ваучер мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын коому жана балдары үчүн ваучер АДИЛЕТТИК дегенди билдирет.

ВАУЧЕР – СЫЙКЫР ЭМЕС, РЕАЛДУУ ТАЯНЫЧ

Дүйнөлүк тажрыйба жана улуттук демилге

Биз мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ бир жыл бою иш жүргүздүк. Бул убакыт аралыгында 1000ге жакын мугалимдер, билим берүүгө кызыккан адистер менен жолугуп, бул тармакты терең талдадык. Мыйзам долбоору даяр болгон соң билим берүү тармагында төбөсү көрүнгөн бардык адистерге анализ менен кошо жөнөтүп, сунуш-пикирлерин угууга, эске алууга аракет кылдык. Бул ишке Кыргызстандын көптөгөн мамлекеттик жана жеке менчик университеттери, мектептери катышты. Мамлекеттик органдар Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров түзгөн ведомство аралык комиссияга кирген эле.

Ошондой эле Казакстанда жан башына каржылоо системасын киргизген билим берүү министринин мурунку орун басары, азыркы премьер-министрдин кеңешчиси Бибигүл Асылова, Грузиянын мурунку билим берүү министри Дмитрий Шашкин жана Эстониянын PISA боюнча координатору Гунда Тире менен да онлайн талкуу уюштуруп, алардын тажрыйбасын иликтеп көрдүк. Ырас, ар бир өлкөнүн шартына, өзгөчөлүктөрүнө жараша бул тутум ар түрдүүчө ишке ашырылат. Бирок эӊ башкысы – бардык жерде ваучер билим берүүнүн эффективдүү каржыланышын камсыздайт.

“Билимдүү Кыргызстан” улуттук кыймылы – Кыргызстанда сапаттуу билим берүүгө көмөк көрсөтүүчү жарандар менен уюмдардын ыктыярдуу бирикмеси. Уюмдун катарына бардык каалоочуларды чакырабыз, ар дайым сын пикирлерди жана сунуштарды угууга даяр экенин билдиребиз.

Социологиядан белгилүү болгондой, билим берүү системасынын башкы максаты – бул коомдогу социалдык жана экономикалык ажырымды азайтууга өбөлгө түзүү. Айлана чөйрө, баланын, үй-бүлөнүн ресурстары жана башка факторлор баланын мүмкүнчүлүгүн мектеп босогосун аттай электе эле аныктап коёт. Теӊсиздикти жоюу үчүн бардык балдардын билим алуусуна бирдей шарт түзүү зарыл.

Билим берүүдө ваучер эӊ оболу адилеттүүлүктү камсыздайт деп эсептейбиз. Балдардын ар бирине каражат бөлүнгөндө ар бир мектеп окуучуларды тартууга кызыкдар болуп, алардын билимине көбүрөөк маани бермек. Мектептер балдарды тартууга кызыкдар болот, анткени баланын артынан окуучуларга бөлүнгөн каражат да келет.

Ваучердик система – теңсиздикке каршы эң жакшы жол, адилеттүүлүктүн тиреги. Азыр байлардын же чиновниктердин балдары мыкты мектептерде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ваучер колунда жок же миграцияга кеткен жарандарыбыздын балдарын мектепке тартууга шарт түзөт. Анткени, жогоруда белгилегендей, мектеп жетекчилиги ар бир баланы мектепке тартууга кызыкдар болот.

Кыргызстанда 200гө жакын мектеп авариялык абалда, чоң шаарлардагы мектептерде ченемден 2-3 эсе көп сандагы балдар окуп жатат. Аларды мектеп менен толугу менен камсыздоого азырынча мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетпейт. Жеке менчик жана муниципалдык мектептердин көбөйүүсү мамлекеттин мойнундагы бул жүктү жеңилдетип, окуучулардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзөт.

Жеке менчик мектептер дүйнөдөгү жаңылыктарды бат өздөштүрүп, атаандаштыкка жөндөмдүү болуш үчүн дайыма аракет кылат. Мамлекеттик мектептер алардан үйрөнүп, жаңы усулдардын бат жайылуусуна шарт түзөт. Бизде Финляндия, Эстония сыяктуу өлкөлөргө бардык мамлекеттик мектептердеги мугалимдерди алып барып көрсөтө албайт, бирок Ош, Бишкек шаарларындагы эл аралык мектептер менен тааныштырууга, алардын жаңылыктарын жайылтууга болот.

Жеке менчик жана муниципалдык мектептер мамлекеттик мектеп сыяктуу эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен “Билим берүү стандарттарына” таянат. Даректүү бөлүнгөн акчасын төлөп жаткандан кийин ата-эне билим сапатына сөзсүз көзөмөл жүргүзөт.

Ооба, ваучерди киргизүүдө ар кандай күтүүсүз кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Ошондуктан буга чейин жан башына каржылоо демилгеси эмне үчүн толук ишке ашырылбай калгандыгын да иликтедик. Мунун эӊ башкы себеби – акча ар бир балага эмес, кайра эле жалпы мектептерге байланып калгандыктан, кошуп жазуу мүмкүнчүлүгү сакталып кала берген. Ата-энелер да балдары менен тандоо укугуна ээ болбой калган эле.

Дароо бардык мектептерди ваучерге өткөрүп салабыз деген да эч ким жок, ал этабы менен киргизилип, алынган тажрыйбаны эске алуу менен, этап-этабы менен жайылтылат.

Ваучер системасында бардык окуучулар үчүн каражат бирдей бөлүнбөйт. Чек арага жакын, тоолуу райондордогу мектептерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга жана мектептин көлөмүнө жараша жараша коэффициент кошулуп, атайын формула менен каражат бөлүнөт.

Дүйшөн Шаматов “ваучер – сыйкыр таякча эмес” деп туура айтыптыр. Бирок бул башкаруу менен билим сапатын эффективдүү тескөө мүмкүнчүлүгүн жаратат.

Каржылоонун эки гана түрү бар: 1) азыркы колдонулуп жатканы – окуучулардын санына карай мектептерге ажыратуу жана 2) ар бир окуучуга бекитилүүчү ваучердик каржылоо. Башка түрү жок.

Бүгүнкү күндө мектептерге бөлүнгөн каражат айланыш жол менен, төгүлүп-чачылып, эсеп-чоту такталбай жетет, ошондуктан берекеси жок. Бюджеттен ажыратылуучу акчанын ар бир тыйыны туура, эффективдүү иштетилиши үчүн ачык-айкындык керек. Ваучер системасы каржылоо ишин толугу менен санариптештирүү аркылуу ушундай мүмкүнчүлүктү түзөт.

Кыргызстанда билим берүүгө кеткен каражат жыл сайын өсүүдө. Алсак, мамлекет 2001-жылы билим берүүгө 3 миллиард сом, 2007-жылы 9 миллиард сом, 2012-жылы 21 миллиард сом, 2022-жылы дээрлик 38 миллиард сом жумшаган. 2023-жылга өлкө бюджетинен билим берүү тармагына 60 миллиард сом бөлүнөт. Ошентип, 2001-жылдан бери билим берүүгө мамлекеттик чыгашалар 20 эсеге өстү! Бирок чыгымдардын көбөйүшү билим берүүнүн сапатын жогорулатууга алып келбей жатат. (рамкага)

ВАУЧЕР – СЫЙКЫР ЭМЕС, РЕАЛДУУ ТАЯНЫЧ

Кошуна Казакстанда кандай?

Бибигүл Асылова Казакстандын билим берүү министринин орун басары болуп турган кезде ваучерди киргизүү боюнча топтолгон тажрыйбаны бөлүшүү үчүн кыргызстандык кесиптештерин чакырганда, эч ким барбай койгон экен. Азыр кошуналар бардык шаарлардагы мектептерине жайылтышкан. Жакында айылдык мектептер да камтылат.

Ваучердин аркасы менен Казакстанда жеке менчик мектептер көбөйүп, мамлекеттик мектептерде мурункудай орун тартыш болбой калды. Мектептер ортосундагы таза атаандаштыкка жол ачылып, мунун натыйжасында билим сапаты жогорулай баштады. Майыптыгы бар балдар үчүн ваучердин өлчөмү чоӊойтулгандыктан, эми мектептер ушундай окуучуларды да кызыгуу менен кабыл алып жатат.

Бибигүл Асылова айткандай, ваучер системасы акчанын адилеттүү бөлүштүрүлүшүнө жол ачты, анткени эми акчанын аз же көп бөлүнүшү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги же Каржы министрлиги менен “келишүү” зарыл эмес, андан көрө балдарды көбүрөөк тартуу керек. Азыр мурдагыдай “жел окуучулар (өлүү жандар)” да жок. Эӊ башкысы – мектептер автономияга ээ болушту.

Мамлекеттик саясаттын өзөгү

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 5-майында Кыргызстандын элине кайрылганда билим берүү тармагын реформалоо үчүн аны каржылоо системасын өзгөртүү, б.а. ваучерди киргизүү зарыл деген.

Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында “бюджеттик акча окуучуларды ээрчийт” деген принцип боюнча жан башына каржылоону текши киргизип, мектептердин каржылык жана администрациялык өз алдынчалыгын камсыздоо зарыл экендиги айтылган.

Кыргыз Республикасынын 2021-жылы 4-майында кабыл алынган өлкөнүн билим берүүсүн 2021-2040-жылдарда өнүктүрүү программасында билим берүүнүн бардык деӊгээлдеринде ченемдик каржылоого өтүүнү бекемдөө, бул үчүн билим берүү уюмдары ресурстарды өздөрүнүн муктаждыгына карай тескөө жагынан көбүрөөк укуктуу болушу керектиги белгиленген.

Бир сөз менен айтканда, билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын өзөгү туура аныкталууда. Эми баарыбыз биригип, реформаны ишке ашыралы!

Сүрөттө: “Билимдүү Кыргызстан” форумунун ачылышында.

Элдар Абакиров, экономика боюнча эксперт,

Гулнара Каликова юрист,

Абдывахап Нурбаев, “Билимдүү Кыргызстан” улуттук кыймылынын жетекчиси

Бөлүшүү

Комментарийлер