ВАУЧЕР МЕХАНИЗМИ БАЛА БАКЧАГА ЖОЛ АЧАТ

  • 29.03.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 1-сентябрдан тарта мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун пилоттук ваучердик механизмин киргизет. Ал эки жыл аралыгында иликтенип, жыйынтыгында республикага жайылтылат.

Ваучердик механизмди иштеп чыгуучулардын айтымында, бул ыкма балдардын мектепке чейинки билим берүү менен камтылышын жогорулатып, жумуш орундарын көбөйтүүгө шарт түзөт.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алмазбек Нишараповдун айтымында, пилоттук апробация учурунда жалпы эсеби 1 миң ваучердин орун чыгаруу  жана ал ваучерлерди, жеке менчик жана үй-бүлөлүк бала бакчаларга баруу үчүн балдарга берүү пландоодо.

— Министрлер Кабинетинин Токтомуна ылайык, 2024-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 1-сентябрына чейин менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ваучердик каржылоо механизми пилоттук апробациялоодон өткөрүлөт.

Ваучердик механизм аркылуу мектепке чейинки билим берүү кызматын алуучу деп ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) Билим берүү жана илим министрлигинин электрондук платформасында катталган жана ваучердин ээсинин статусун алган мектепке чейинки курактагы бала эсептелет, — дейт.

ВАУЧЕР МЕХАНИЗМИ БАЛА БАКЧАГА ЖОЛ АЧАТ

Ким ваучер ээси боло алат?

Биринчиден, жеке бала бакчаларда бир жаштан алты жашка чейинки балдар, ал эми үй-бүлөлүк балдар бакчаларында эки жаштан алты жашка чейинки балдар ваучер ээси боло алат. Ваучер алууда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана Баткен районунун калктуу конуштарында жашагандар артыкчылыкка ээ боло алат.

Ваучерди алуу үчүн ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр министрликтин электрондук платформасында каттоодон өтүп, идентификациялык жеке номери (ИЖН), аты-жөнү, паспортунун маалыматтары, уюлдук телефон номери, электрондук почтасы керектелет. Ошондой эле баланын толук аты-жөнү, туулган жылы, баланын жынысы, ИЖН, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн номери жана үй-бүлөнү аз камсыз болгон деп таануу жөнүндө аймактык социалдык коргоо органдарынын маалымкаты тиркелүүгө тийиш.

Маалыматка ылайык, пилоттук сыноо учурунда жалпы билим берүү уюмунун мектепке чейинки даярдоо классына кирүү алдында бир жашка чейинки куракка жеткен бала бир ай бою жүйөлүү себептерсиз жок болгон учурда жана пилоттук райондун/шаардын чегинен тышкары мектепке чейинки билим берүү кызматын алуучунун жашаган жери алмашкан учурда ваучер белгилөө токтотулат.

Бир айда бир балага канча акча чегерилет?

Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан камсыздалат:

1) жеке жана үй-бүлөлүк бакчалар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын ваучеринин базалык наркынын өлчөмүндө (Баткен облусундагы жеке жана үй-бүлөлүк бакчалардан жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынан тышкары);

2) Баткен облусунун калктуу конуштарында жайгашкан жеке жана үй-бүлөлүк бакчалар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын ваучеринин базалык наркынын өлчөмүндө.

Үй-бүлөлүк бала бакчага жолдомонун базалык наркын аныктоодо (Баткен районундагы үй-бүлөлүк бала бакчалардан жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынан тышкары) эмгек акыга чыгашалар эске алынат. Билим берүү жана министрлигинин эсеби боюнча, бир балага чегерилген акча айына болжол менен 5-6 миң сомду түзөт.

Баткен районунун аймагында жайгашкан үй-бүлөлүк бала бакчаларга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жолдомонун наркына эмгек акыга, тамак-аш сатып алууга, тарбиялоо процессине жана баланы жеке гигиена каражаттарына айына 7570 сом чыгым жумшоо каралат.

Жеке менчик бала бакчаларга (Баткен районундагы жеке менчик бала бакчалардан жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынан тышкары) базистик баасын аныктоодо эмгек акыга жана Социалдык фондго чегерүүлөргө, педагогдордун квалификациясын жогорулатууга, үй чарбасы үчүн буюм сатып алууга чыгымдар муктаждыктары, жайларды жана инженердик коммуникацияларды утурумдук оңдоолор камтылган (3,9 миң сом).

Эгерде жеке бала бакчадагы төлөм жолдомонун базалык наркынан төмөн болсо, анда бөлүм мектепке чейинки билим берүү ваучеринин базалык наркын төлөйт.

ВАУЧЕР МЕХАНИЗМИ БАЛА БАКЧАГА ЖОЛ АЧАТ

 

Балдардын укуктары жана милдеттери

Үй-бүлөлүк бакчага мамлекеттик же муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган балдарды кабыл алууга жол берилбейт.

Мамлекеттик же муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмуна киргизүү үчүн маалыматтары Электрондук кезекте турган бала Үй-бүлөлүк бакчага киргизилиши мүмкүн, бирок мында анын кезеги жокко чыгарылат.

Үй-бүлөлүк бакчага киргизилген бала ваучердик каржылоо механизмин пайдалануу менен мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн башка уюмга окуу жылында эки жолудан ашык эмес которулууга укуктуу.

Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жолдомонун базалык наркы Министрлер Кабинети бекиткен региондук коэффициентке жараша өлчөмүн жогорулатат.

Инклюзивдик билим алууда өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн ваучердин базалык баасы 1,75 эсеге көбөйөт.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын ваучердик каржылоо механизминин моделин пилоттук апробациялоо мезгилинде ваучердик каржылоо механизмине катышкан мектепке чейинки билим берүү уюмдары көзөмөл органдары тарабынан текшерилбейт жана белгиленген казыналык жол-жоболор боюнча финансылык отчеттуулукту тапшырбайт. Ошондой эле мамлекеттин үлүштүк катышуусу бар коммерциялык банктарда акы албастан тейленет.

Расмий маалыматтарга ылайык, учурда 988,8 миң баланын ичинен 220 миң бала, же 22,2% гана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине камтылган. 1 жаштан 6 жашка чейинки 768,8 миң бала мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен тышкары калууда. Аларды толук камтуу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 2746 имаратын куруу зарыл, бул азыркы шарттарда иш жүзүндө мүмкүн эмес. Ошондуктан, түзүлгөн шарттарга байланыштуу мамлекет балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине камтуу үчүн ваучердик каржылоо аркылуу жеке менчик бала бакчалардын инфраструктурасын пайдаланууну көздөп жатат.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер