ВАЛЕНТИНА ЛИСНИЧЕНКО №28 МЕКТЕПТИН ДИРЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 27.08.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы №28 мектептин директору болуп Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко дайындалды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева кол койду.

Валентина Лисниченко кесиби боюнча математик, эмгек жолун №8 мектепте математика мугалими болуп иштөө менен баштаган. Андан кийин №9 мектепте директордун тарбия иштери боюнча орун басары, андан соң директор болуп эмгектенген.

Бишкек шаардык кеңешинин 22-27-чакырылыштарынын депутаты. Былтыркы жылы «Газпром Кыргызстан мектеби» фондунун башкармасынын кеңешчиси болуп дайындалган.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер