УСУЛЧУЛАР ОКУУ КӨНДҮМҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ БОЮНЧА БААЛУУ БИЛИМ АЛЫШТЫ

  • 25.09.2019
  • 0

25-сентябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Ж.Касымбаева атындагы №2 Лебединовка мектеп-гимназиясында Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнүнө арналган USAIDдин «Келгиле окуйбуз!» долбоорунун алкагындагы республикалык тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү.

Окуу көндүмдөрүндөгү негизги фактор туура деңгээлдеги китептерди окуу болуп саналат. Китептер окурмандын окурмандык деңгээлин эсепке алуу менен тандалса, анда окуу көндүмдөрү ийгиликтүү өнүгүп, тажрыйбалуу окурман боло алат.

Мындай ойлор – бул күнкү семинардын негизги лейтмотиви болду. Республиканын туш тарабынан келишкен семинар катышуучуларынын жалпы пикиринде учурда жаштар китепти аз окуп калышты. Мунун обьективдүүда, субьективдүүда себептери бар. Бир жагынан балдарды китеп окууга кызыктырган, аларды китептин сыйкырдуу дүйнөсүнө шыр жетелей алчу  мыкты  адабий китептер, балдар үчүн аңгемелер, жомоктор, ыр-поэмалар чындыгында аз болсо, экинчи жагынан колдогу адабияттарда ар башка курактагы балдардын окуу темпи, текстти түшүнүү дэңгээли эске алынбай келинген. Союз маалында, андан кийин эгемендүүлүк жылдары басылып чыккан балдар үчүн арналган китептерде  чаржайыт узун сүйлөмдөр, балдар үчүн бейтааныш сөздөр басымдуулук кылганы байкалат. Дагы бир себеби, мугалимдердин да китеп окутууга үйрөтүү усулдары көп учурда майнапсыз болуп, салттуу ыкмалардан алыстай алган эмес.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта иштеген USAIDдин «Келгиле окуйбуз!» долбоорунун эң негизги максаты – өлкө боюнча башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында башталгыч класстардын окуучуларына арналган түрдүү окуу деңгээлиндеги китептер илгенип, классификацияланып, жаңылары жазылып, басылып чыкты. Экинчиден, балдардын окуу көндүмдөрүн калыптандырууда башталгыч класс мугалимдеринин методикалары өркүндөтүлүп, семинар-тренингдерди уюштуруу аркылуу аларга иштиктүү усулдук колдоо көрсөтүлдү.

— Бүгүнкү тажрыйба алмашуу семинарына ар бир облустан долбоордун окууларынан өткөн методисттер чакырылды. Алар долбоор адистери менен биргеликте бул мектептеги мини-сессияларга катышуу аркылуу өз ара кесиптик тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, -дейт  USAIDдин «Келгиле окуйбуз!» долбоорунун директору Валерия Пауэр.

Семинар катышуучулары алгач Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн коштоосунда Лебединовка №2 мектеп-гимназиясынын китепканасында болушуп, мында коюлган USAIDдин «Келгиле окуйбуз!» долбоорунун китептери менен таанышты. Андан соң, коноктор эки топко бөлүнүп, окутуу кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлгөн эки 3-класстардагы ачык сабактарга киришти. Мугалимдер Фарида Баудинова жана Кундуз Табышева жер-жерлерден келишкен райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттерине китеп окутууну үйрөтүүнүн сабакта өздөрү колдонуп жүрүшкөн алгылыктуу ыкмаларын көрсөтүп беришти.

Башталгыч класстын окуучусуна китеп окууну үйрөтүүдө балдардын ата-энелери мугалим менен катар бир орунда турат. Окуучу үчүн класстагы эле эмес, үйдөгү китеп окуу да маанилүү. Семинардын жүрүшүндө ата-энелер тобу үй-бүлөлүк китеп окуунун маанилилүүгү боюнча өз ойлорун ортого салышты. Мында айтылган ойлор кийинки класстан тышкаркы иш-чарада улантылды.

Семинардын алкагында Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери Мария Узденова, Светлана Орозобаева мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү боюнча мини-семинар тартуулашты. Катышуучулардын пикиринде район мектептеринде  долбоор сунуштаган тажрыйба алмашуунун 4 механизми ийгиликтүү ишке ашып жатыптыр. Усулчулардын изденүүсүнөн жаралган «Айфон-10»ролдук  баарлашуу телефону, окуучулардын сүрөт-диафильмдери, жылдыз-таблицасы, муундап ырдоо менен үйрөтүүчү таблица, фразеолгизм сөздөргө сүрөт тартуу  ыкмалары катышуучулардын зор кызыгуусун жаратты.

Семинарда ушул эле райондогу Каратал Табалдинов атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Калипа Күмүшбекова өзү иштеген мектепте жайкы эс алуу мезгилинде «Окуу лагери» уюштуруларын, мектепте болсо балдарды китеп окууга тартуу ишине ата-энелер активдүү кол-кабыш кыларын, сабакта китеп окуп беришерин жандуу мисалдар менен айтып берди.

— Бүгүнкү семинар абдан кызыктуу, башкысы биз үчүн пайдалуу болду. Бул долбоордун аракети менен Кыргызстандагы көптөгөн агартуучулар окуу процессинде азыр мугалим  багыттоочу гана болуп эсептелерин, ал эми окуу – бул бардык предметтерге тиешелүү зарыл көндүм экенин билип калышты. Андай болгон соң, бизде бул долбоордун туруктуулугу тууралуу айтууга толук негиз бар, — дейт семинардын катышуучусу Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башталгыч класстар боюнча методисти Бактыгүл Ташкенова.

Ушундай эле пикирди Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнөн Эшбаев Нурдин да билдирди.

—  USAIDдин «Келгиле окуйбуз!» долбоору башталгыч класс мугалимдеринин усулдук бирикмелерине колдоо көрсөтүү максатында уюштуруп жаткан бүгүнкү семинар өз максатына жетти деп ойлойм. Анткени биз өзүбүзгө зарыл билимдерди алдык. Тажрыйбаларыбыз менен бөлүштүк.  Келечекте  долбоордун туруктуулугун камсыз кылуучу иштерди  кесиптештер менен биргеликте белгилеп алдык, -дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер