Окуучулар Бектур агайдын кештелери аркылуу эле кыргыз тилинин жазуу эрежелерин жакшы билгендиги байкалып турду.
Окуучулардын санат сөздөрдү айтып, толуктап, улап кетип турганы, Бектур агайдын «Сабат алиппеси», «Санат сөз» ж.б.китептериндеги учкул сөздөрдү жатка айтканы келген мугалимдерди да таң калтырбай койгон жок. Агайдын китебиндеги көнүгүүлөрдө акыл насаат, санат сөздөр абдан орундуу, ырааттуу колдонулган.
Учкул сөздөрдү билүү жагынан жарышып, балдар менен кыздардын беттешүүсү эң кызыктуу болду. Бектур агайдын усулдарына облустун булуң бурчунан келген мугалимдер ого бетер кызыгып калышты. Бул семинарда чектелүү орундан ашыкча келгендер да болду.
«Бектур агай» жылына арналган иш-чаралар жер-жерлерде уюштурулуп жатат. Облус боюнча ар бир райондо атайын түзүлгөн «Бектурчулар кербени» бар. Келерки жолугушуу 28-октябрда Кара-Буура районунда болмокчу…