«УСТАТКА ТААЗИМ»: ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

  • 05.01.2018
  • 0

Илимий-педагогикалык «Мугалим» журналы 2017-жылды жыйынтыктап,  салтка айланган «Устатка таазим» иш-чарасында он номинация боюнча сыйлыктарын тапшырды. Салтанаттуу аземге КР Эл мугалимдери, академиктер, окумуштуу-педагогдор, шаардык кеңештин төрагасы, мектептин, бала бакчанын жетекчилери катышты.

«УСТАТКА ТААЗИМ»: ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Иш-чаранын максаты – жыл бою «Мугалим» журналынын беттеринде агартуу тармагынын чалкеш маселелерин байма-бай көтөрүп, атуулдук позициясын билдирген мыкты авторлорубуздун, биз менен бирге кызматташкан, коомчулуктун пикирине арзыган мыктыларды Жаңы жыл алдында жыл сайын сыймык менен атап келебиз. Быйыл он номинация боюнча, т.а.  Жылдын мыкты дарыгер-мугалими – КР Баатыры, окумуштуу-хирург, гуманист, мамлекеттик жана коомдук ишмер, меценат, медицина илимдеринин доктору, профессор, эмгек сиңирген врач Эрнст Акрамов, жылдын мыкты окумуштуу-педагогу – билим берүү жана илим министринин орун басары, педагогика илимдеринин доктору Салидин Калдыбаев, жылдын мыкты мугалими – Ысык-Көл облустук билим берүү  институтунун  директорунун  орун басары, Каракол шаарындагы №2 кесиптик-лицейинин кыргыз тили жана адабият сабагынын мугалими Нургүл Шарапова, жылдын мыкты мектеп жетекчиси — Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы  №4 Р.Жолбаев орто мектебинин  директору Нургүл Ырысова, жылдын мыкты билим берүү бөлүмү  –  Сүлүктү жана Сокулук райондук билим берүү бөлүмдөрү (жетекчилери Абдубахап Исманов, Качкынбек Эмилбеков),  жылдын мыкты чыгармачылык өнөр мектебинин жетекчиси – Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты  Сабийра Челпакова, жылдын мыкты бала бакчасы – Бишкек шаарындагы №186 бала бакча (директору Дильнара Майгулакова), жылдын мыкты автору – Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Галина Васильевна Безродняя, жылдын мыкты ата-энеси – Каракол шаарындагы спорттук мектептин машыктыруучусу Алим Майдалбеков менен Каракол шаарындагы “Өрнөк” балдар реабилитациялык борборунун психологу Бермет Майдалбекова, ошондой эле  интернет жылдызы — 2017 номинациясына Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылынын «Перизат» балдар бакчасынын  тарбиячысы Элмира Абдыбекова сыяктуу элдин баасына арзыган педагогдор сыйлыкка татышты. Баары тең атайын жасалган статуэтка жана диплом менен сыйланышты.

«УСТАТКА ТААЗИМ»: ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

  • Быйыл биз үчүнчү жолу өткөрүп жатабыз. Жаңы жылдын алдында билимдин, акыл-эстин саяпкерлеринин астында дагы бир жолу тизе бүгүп таазим кылабыз. Билим берүү тармагында таанылган он гана мыкты инсанды алып чыктык. Бул иш-чарага Илим, билим кесиптик бирлик профсоюз комитетинин төрагасы  Асылбек Токтогулов агайыбыз демөөрчүлүк кылды. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, агайга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.  “Мен мугалиммин” деген интернет сынакты да республикалык деңгээлде уюштурганбыз. Бул сынакка да жети дубандын мугалимдери катышып, жыйырма мугалим сынактын жеңүүчүлөрү деп табылды,  — деди баш редактор Рахат Сулайманова.

Ал эми Максим Галкиндин “Лучше всех” телешоусуна катышкан Каракол шаарындагы №6 мектептин 2-классынын окуучусу Алим уулу Албан-Алиге  “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева менен “Айгине” маданий-изилдөө борборунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор Гүлнара Айтпаевалар анын интеллектуалдык жактан өсүп-өнүгүшүнө керектүү, эң баалуу китептерди белек кылышты. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев дагы кур келген жок. Ал өзүнүн атынан Албанга ийгиликтерди каалап, белегин тапшырды. Аялдар Конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева болсо Албандын мугалими Людмила Ивановна Каптильнаяны Ардак грамота менен сыйлады.

Ошентип быйылкы жыйынтыктоо иш-чарабыз дагы жогорку деңгээлде өттү. Иш-чарага келген  “Сейтек” борборунун “Шаттык”, “Дилгир”, “Ак шоола” үлгүлүү ансамблдери, консерваториянын, филармониянын жаш ырчылары аземдин көркүнө көрк кошуп, көрөрмандарды кубантышты.

Салидин Калдыбаев, Билим берүү жана илим министринин орун басары, «Жылдын мыкты окумуштуупедагогу — 2017»:

— “Мугалим” журналынын атынан сыйлык алыш — мен үчүн чоң сыймык.  Өлкөдөгү  билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артында, албетте, мугалим турат. Министрликтин чоң багыттарынын ичинде үчөө бар: биринчиси — билим берүү системасын материалдык-техникалык база менен камсыз кылуу; экинчиси — билим берүү системасын методикалык жактан камсыздоо; үчүнчүсү — мугалимдин аброюн көтөрүү жана мугалимди профессионалдык жактан өстүрүү. Мугалим профессионалдык жана сапаттык жактан канчалык жогору болсо  өлкөнүн билим берүү системасынын сапаты да ошончолук жогору болоору баарыбызга айкын.

Асылбек Токтогулов, Илим, билим кесиптик бирлик профсоюз комитетинин төрагасы:

— “Мугалим” журналы өз ордун тапты. Мугалимдердин социалдык абалын көрсөткөн, ошолордун таламын талашкан, методикалык жактан жардам берген жогорку деңгээлдеги журналга айланды. Мугалимдерге көрсөтүп жаткан көмөгү айтаарга татыктуу. Журналдын келечеги кең.  Мугалимдердин көбүрөөк социалдык абалын, т.а. бүгүнкү күндө эмнеге муктаж, демилгелери, чыгармачылык жолдору тууралуу көбүрөөк берилсе, басылманын келечеги мындан дагы кең болот. Мугалимдерди колдоого керек болуп турган жагдайда, журналдын жасап жаткан иши ат көтөргүс, абдан зор иш.

Алмаз Кененбаев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы:

—   «Устатка таазим»  иш-чарасы салтка айланып калды. Билим берүү тармагынын мугалимдери – шаардын элитасы. Устаттарга терең таазим этебиз.  Шаардын 96 мектебин окуу китептери менен камсыздоо демилгесин өткөн сессияда көтөрүп чыгып, шаардык бюджетке киргиздик. Келе жаткан жылы 1-сентябрь Билим күнүндө «Биринчи мугалим» деген эстеликти тургузуу демилгени көтөрүп чыктым.

Советбек Байгазиев, профессор:

— Келе жаткан жылыбыз ак жолтой жыл болсун! Бүгүнкү салтанат өзгөчө кырдаалда, өлкөбүздүн коңшу өлкөлөр менен мамилеси жакшырып, мекенибиз жаңы багытка бет алып турган кырдаалда өтүп жатат. Иштин башында турган Рахат Токтогуловна дайыма өзүнүн жарандык, жогорку  активдүүлүгү менен айырмаланып келет. «Мугалим» журналы үч жылдан бери уюштуруп келаткан салтанаттуу иш-чаралары биздин педагогдорго шык берип, демине дем кошуп, күчүнө күч кошуп келет. Мугалим билим берүүнүн лидери, флагманы катары дайыма окуу-тарбия ишинин башында туруп, жаңы жетишкендиктерге, жаңы ийгиликтерге жете берсин! Биз ага ортоктош бололу!

Сабийра Челпакова, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун директору, «Жылдын мыкты чыгармачылык өнөр мектебинин жетекчиси 2017»:

— “Жылдын мыктысы — 2015” иш-чарасында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин арасында “Мыкты таалим-тарбия берүү борбору” номинациясына ээ болгон. Бул да болсо  борбордун  мугалимдер жамаатынын иш билгилигин, кесипкөйлүгүн, өз кесиптеринин мыктылары экендигин  дагы бир жолу белгилегендиги. Быйыл дагы бир  кубаныч, “Мыкты  чыгармачылык өнөр мектебинин жетекчиси” деген номинация мага ыйгарылды.   Бул эмгек  менин бүткүл жамаатыма тиешелүү, анткени  алар менен биргеликте бул бийиктикке жетиштим деп эсептейм. Бул журналдан биз атактуу окумуштуулар, алдыңкы, изденүү менен иштеген жаш, таланттуу  мугалимдердин  иш тажрыйбасы менен  жакындан  таанышып,  кызыктуу нерселерди  өзүбүздүн  ишибизде  колдонууга  аракет кылып жатабыз. Өзүлөрү жаш болсо дагы, республиканын булуң-бурчунан мугалимдерди чогултуп, алардын эмгегин баалап, республикалык  деңгээлде иш-чара өткөрүп келишүүдө.

Нургүл Шарапова, Ысык-Көл облустук билим берүү  институтунун  директорунун  орун басары, Каракол шаарындагы №2 кесиптик-лицейинин кыргыз тили жана адабият сабагынын мугалими, «Жылдын мыкты мугалими — 2017»:

— Мугалим мамлекеттин тиреги. Келечектин пайдубалын түптөп турган зор күч болуп эсептелинет. «Мугалим» журналы мугалимдин кадыр-баркын даңазалап, келечеги үчүн зор эмгек жумшап жатат.

Галина Васильевна Безродняя, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси, «Жылдын мыкты автору — 2017»:

— Менин эмгегимди баалаган журналдын жамаатына терең ыраазычылыгымды билдирем. Үч жылдан бери тыгыз иштеп келатканыбызга сыймыктанабыз. Журналдын беттеринде шаардык билим берүү мекемелеринин, мыкты педагогдордун алдыңкы тажрыйбалары республикага жайылтылып жатат. Журналдын артынан региондон кесиптештерибиз чыгып, бизге келип бетме-бет жолугуп, тажрыйбалар менен бөлүшкөндү каалап жаткандардын саны арбып баратат.

Качкынбек Эмилбеков,  Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

— Академик Аманбек Жайнакович бизди окутту эле. Бүгүн бул кишилердин алдында өзүбүздү окуучу катары сезип атабыз. Мугалим болуш өтө татаал, өтө оор. Ал эми мугалимдик ысымды алып жүрүш жүз эсе оор. Оор кесипти аркалап жүргөн адамдарды сыйлап, ушул иш-чараны уюштуруп, республика боюнча жакшы бийик тепкичтерге көтөрүп, кадыр-баркын жогорулатып жаткандарга ырахмат.

Абдубахап Исманов, Сүлүктү райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

— Бүгүнкү берилген сыйлык, биринчиден, сыймык, экинчиден, шык, үчүнчүдөн, чоң жоопкерчилик. Үч жылдын ичинде журнал республиканын булуң-бурчтарына тарады. 75 миң мугалим болсо, ушул журнал ар биринин үйүнүн китеп текчесинде  болушун каалап кетем.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер