УСТАТ-ШАКИРТ – УЛУУ КӨЧТҮН УЛАНТУУЧУЛАРЫ

  • 18.08.2020
  • 0

Редакциядан: 17-август – Кыргызстандагы эӊ таанымал мектептердин бири болгон Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү жана жетекчиси Гапыр Мадаминовдун туулган күнү. Устатты өздүк майрамы менен өлкөбүздүн туш тарабындагы, ошондой эле Казакстандагы кесиптештери, шакирттери жана окуучулары чын ыкластан куттукташты. Жакшы тилектердин баарына биз да кошулабыз!

Фейсбукта «Гапыр Мадаминовдун мектеби» аттуу тайпа ачылганын көпчүлүк мугалимдер жакшы билет. Анда билим берүү маселелерине тиешелүү утурумдук жаӊылыктар менен катар лейлектик залкар педагогдун таалимин кандайча алып жатканы жөнүндө шакирттеринин дилгир баяндары, мугалимдерге жана ата-энелерге пайдалуу тексттер, видео сабактар ж.б.у.с. чыгарылып келет. Көбүнчө бул жакка илинген посттордун астына көӊүл жаркыткан жакшы ойлор, кээде кызыктуу сунуштар, суроолор да жазылып, жакшы талкуулар болот экен. Кез-кезде бул тайпага биз да баш багып, айрым баяндарды тандап алып, редакциялап, «Кут Билимге» да жарыялап турууну чечтик.

УСТАТ-ШАКИРТ – УЛУУ КӨЧТҮН УЛАНТУУЧУЛАРЫ

Аталган гимназиянын биология мугалими Нарбүбү Анаркулова буларды кошумчалады:

— Гапыр Мадаминовдун тажрыйбасын жайылтуу максатында ОшМУнун доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Бактыгүл Байтикова, Кадамжай районундагы “Күнбала” энени жана баланы өнүктүрүү борборунун жетекчиси Азада Арзыбаеванын демилгеси менен май айында “Энелер мектеби, «Акыл эмгегинин маданияты» жана «Жаш мугалимдер мектеби” тайпалары ачылган. Аларга жети облустун демилгечил мугалимдери, ата-энелери кирип, өздөрүнүн райондорунда ватсап тайпаларды ачышты. Чүйдөн Динара эже, Акылымай эжей, Нарындан Байыш агай, Таластан Салтанат эжей, Жалал-Абаддан Эркингүл эжей, Венера эжей, Оштон Шайыргүл эжей жана башкалар өз облустарында, райондорунда жалпысынан 40тан ашуун ватсап тайпа ачып, иш жүргүзүп жатышат. «Жаш мугалимдер мектебин» Бердиева Гүлназа жетектеп келет. “Акыл эмгегинин маданияты” боюнча 5-6 тайпа иштеп, 40тан ашуун ватсап тайпаларда сабак өтүп жатышат. Видеосабактар даярдалып, дүйшөмбүдөн жумага чейин окуганга китептен темалар жиберилет. Жети суроону биз жиберебиз. Аудио же видео түрүндө болот. Ал суроолор боюнча талкуу уюштуруп, жоопторун жазышат. Төрт айдан бери Кыргызстандын жети облусунда ушинтип тынбай иш жүргүзүп келебиз.

 

ЭЛ МЕНЕН БААРЛАША БИЛЕЛИ

УСТАТ-ШАКИРТ – УЛУУ КӨЧТҮН УЛАНТУУЧУЛАРЫ

Бул аптада устат-шакирт мамилесин талкууладык.

“УСТАТ». Бул сөздүн мааниси канчалык бийик, терең, баалуу! Мен Гапыр агайдын устаттык сабактарынан сөз кылайын:

  1. Адамдар менен мамиле кура бил, сүйлөшүү маданиятын өстүр. Бул маданиятты да агайым өзү үйрөтүп келүүдө. Семинарларда, жыйындарда, атайын чакыруулар менен жолго чыкканда ар бир адамдын кыймыл аракетин, жакшы жактарын табууну айтып, жолун көрсөтүп берет. Жолдо унаада кетип жатканда да, дасторкондо да, жөн гана баарлашып отурганда да айтылган сөзгө маани берип, керектүүсүн жазып алып, сөзгө конок берип сүйлөөнү, айтылган пикир, ойду колдоп, кубаттап турганды үйрөтүп келүүдө.

 

  1. Залды, аудиторияны, маектешиңди сыйла. Агайым «Ата-энелер, сиздер үчүн», «Акыл эмгегинин маданияты», «Ой өрүшү (кругозор)» ж.б. китептердин автору болсо да, дайыма сөзгө чыгарда же атайын чакырууларга жөнөгөндө китептерди колго алып, калем менен жазып, сызып, белгилеп окуп даярданат.

Бизге да унаада бара жатып да тема берип, темага даярдануу үчүн он-он беш мүнөт убакытты берип, анан кайра убакыт белгилеп тема боюнча оюбузду угат, суроо берет, кошумчалайт, баалайт. Мунун өзү чыныгы устаттын сабагы десем болот. Мындан биз шакирттери, агайдын аудиторияны сыйлаганын, убакытты туура пайдаланганын, анан бизди эл алдына алып чыгуу үчүн даярдап жатканын сабак катары алсак болот.

 

  1. Суроо берүүнү, суроого жооп берүүнү бил. Агайымдын устаттык тарбиясында белгилеп айта турган сабактарынын бири – суроо берүү маданияты. Көп жерлерде суроо бергиле десе эле «Канча балаңыз бар?», «Президент болсоңуз не кылат элеңиз?» деген сыяктуу кагазга жазылган суроолор келет. Эгер устатыма жолугуп, бул сабакты албаганымда, менин да деңгээлим ошондой болмок.

Агай бизге: «Берген сурооң темага ылайык болсун, сурооң ушунчалык так, анык берилсин – жооп бере турган адам чын жүрөктөн жооп бергидей болсун», – дейт. Анан дагы агайдын жанында жүрүп адамдарды таанып билүүдө, жылуу мамиле түзүүдө, ошол инсандын ички сезимин, жан дүйнөсүн ача билүүдө суроонун мааниси чоң экенин билдим.

«Суроолорго жооп бергенде ойлонуп жооп бер, берген суроодон алыстаба, жообуң далил, мисалдар менен бышыкталсын, суроо берген адам сенин жообуңа канааттансын», – дейт. Бул сөздөрдүн өзү бир университетти бүткөндө алынган билимден баалуу.

 

  1. Адамдардын оюн, сын пикирин уга бил. Бул боюнча бизге агай өзү үлгү болуп, дайыма: «Жыйындарга чейин мага сунуш айткыла, ушул темаларды айтсам болобу, менин кемчилигимди жазып алгыла кийин мага айтасыңар, мени сындагыла», – дейт.

Кандай гана бийик сапат! Сиз да өз шакиртиңизден же окуучуңуздан менин кемчилигимди айткыла, сындагыла деп сурадыңыз беле?

Мен агайымдан бул маданиятты үйрөнүп, азыр окуучуларымдан сурап турам жана айтылган сынды туура кабыл алып, өз катамды, кемчилигимди оңдогонго аракет кылам.

 

  1. Залды, классты, маектештериңди байка, үйрөн, жол тап, сезимтал бол. Бул сабагында агайдын психолог экендигине тан бердим. Зал толо элди ынандыруунун, үч-төрт саат тажатпай кызыктыра билүүнүн өзү айтып бүткүс эрдик. Агай 600-700, кээде миң адам катышкан залды ынандыра алат. Байкап турат, залдын арты бир аз кыймылдай баштаса, көңүлдү ошол жакка бурат.

Бизчи? Сабак өтүп жатып арттагы окуучунун абалын, көз карашын эске алдыкпы? Анын өзү эле оңой иш эмес экендигин түшүндүм.

Кээ бир жыйындарда бир киши сүйлөй берет, зал менен иши жок, элдин пикири суралбайт. Бирок агайдын сабактарында мындайды көрбөдүм. Мен да окуучулар менен болобу, же башка жыйын болобу – аудиторияны үйрөнүп туруу керектигин билдим.

 

  1. Убакыт учкан куштай, ал сени күтүп турбайт, аны туура пайдалан, башкалардын да убактымды сыйла.

Мына устаттын сабагы кандай болушу керек! Мен өз убактымды да башканын убактысын да баалабай жүргөн экенмин. Агайымдын айткандарынан улам сабак учурунда сабак жөнүндө сөз болуш керектигин, окуучунун да убагын сыйлап тема боюнча маалымат берүүнү үйрөндүм. Мурда окуучуларды: «Формаң кана?!», «Неге кечиктиң?!» – деп жемелеп, убакытымды коротуп жүргөнүм үчүн уялдым.

«Мени угат экен деп эле сүйлөй бербе – балким, ал адам шашып тургандыр», – дейт Гапыр агай.

Эми бир окуяны айта кетейин. Ошол катам үчүн азырга чейин агайдын, ошондогу элдин алдында уялып келем. Ноокаттагы жолугушуулардын биринде жыйын бүтүп жолго чыкканы жатканда мен билимсиздигимден сөзгө алаксып, кечигип чыгып алдым. Чуркап барсам, агайлар машинада отуруп күтүп калышыптыр, анан агай: «Курсанай, артыңды бир карагын», – деди эле, карасам, бизди жолго узатып чыккан адамдар үшүп турушат. Бул кылыгымдан катуу уялдым, ошондон бери адамдардын абалына да, убактысына да маани берип үйрөндүм.

Эх, наадандыгым, акылсыздыгым! Эгер устатым мага сабак бербегенде, ошол бойдон калмак экем. Агайдын ар бир сөзү, турушу, жүрүшү өзүнчө сабак.

Бул сабактар сизге да пайдасы тиет деген үмүт менен ой бөлүштүм, урматтуу кесиптеш.

 

Якубова Курсанай. Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов ат. №3 орто мектебинин химия мугалими.

 

УЛУУ МУГАЛИМ ШЫКТАНДЫРАТ

УСТАТ-ШАКИРТ – УЛУУ КӨЧТҮН УЛАНТУУЧУЛАРЫ

«Катардагы мугалим айтып берет. Жакшы мугалим түшүндүрөт. Алдыңкы мугалим көрсөтүп да берет, улуу мугалим шыктандырат». Кандай гана асыл сөздөр! Өзүмдү ушул мугалимдердин катарынан көргүм келди – ал убак келерине ишенем. Ал үчүн талыкпаган мээнет, күчтүү эрк жана туура максат менен аракет кылуу керек.

Мен бул темадан окуучуларды шыктандырып сабак өтүүнүн мазмуну, кыйынчылыгы, кызыктуулугу, карама-каршылыгы, түшүнүктүүлүгү, жеткиликтүүлүгү, жаңылыгы, сырдуулугу боюнча эң жакшы маалымат алдым десем болот. Адатта мугалимдик кесипти аркалап, окуучунун жан дүйнөсүнөн орун алган күндөн баштап баарыбызда эле ойлор жаралса керек. «Мен окуучума бүгүнкү сабакта жеткире алдымбы, түшүндүрө алдымбы, қандай ойдо калды экен?» деген суроолор мага окшогон жаш мугалимдердин көӊүлүн бир топ эле убакыт өйүшү мүмкүн.

Ырас, көч бара-бара түзөлөт. Бул дүйнөгө эч ким баарын билип келген эмес. Өзүңдүн кесибиңди сүйсөң, анын ысык-суугуна чыдап, көтөрүмдүү болушуӊ керек экен.

Окуучуларды шыктандыруу үчүн биринчи кезекте мугалим менен окуучунун ортосунда бекем байланыш, сый-урмат жана ишеним болуусу зарыл деп ойлойм. Мугалим канчалык кызыктуу кылып сабак өтпөсүн, окуучунун өзүнүн дилгирлиги да керек.

Бизде пайдасы жок кээ бир тажатма кагаз иштери мугалимди чарчатат. Сабактагы эң маанилүү нерсе – бул мугалимдин окуучуларды бөлүп кароосу. Кээ бир окуучулар ошол мугалиминин ачуу сөздөрүнөн коркуп, сабакка кирбей качат. Негизи окуучу да, мугалим да жеке жашоосундагы болуп жаткан кыйынчылыктар үчүн башка бирөөлөрдөн талап кылбоосу керек эч нерсени. Мугалим өз кесибин аркалаган соң, өзүнүн предметин терең, ар тараптуу билип, турмуш, илим, азыркы заман, келечек менен байланыштырса, баары жакшы болот.

Окуучуларга сабак учурунда өтө катуу талап да, өтө мээримдүү камкордук да, артыкча мактоо, өтө эле күйүп-бышып сабак өтүү да керек эмес экенин түшүндүм.

Ар тараптуу мугалим болуу үчүн башка мыкты мугалимдердин да сабактарына тынбай катышууну сунуштайт элем. Ар бир мугалим ар башка артыкчылыкка ээ. Ошол сабактан жок дегенде бир нерсе ала алсак, биздин мыктылыгыбыз, келечек үчүн кам көргөнүбүз деп билем.

Агайдын алдына ала көрө билгендей тапкычтыгын, окуучу менен мугалимдин ортосундагы байланышты калыбына келтирүү жолун мыкты изилдеп жазгандыгын,  келечек ээлерине кайталангыс сөздөр, каалоолор, турмуштагы көрүнүштөр менен байланыштырып отуруп баарыбызга бирдей кам көргөндүгүн байкадым. Кемчилик баарыбыздан кетет, бирок ошону оңдоп алуу биздин колубузда.

Мырзабай кызы Айчүрөк, Токтогул районундагы Т. Жүндүбаев ат. орто мектебинин соцпедагогу.

 

 

ОКУУЧУЛАРДАН КАНТИП СУРАШ КЕРЕК

УСТАТ-ШАКИРТ – УЛУУ КӨЧТҮН УЛАНТУУЧУЛАРЫ

‎Биз кол көтөргөн окуучулардан сурайбыз да, баасы жок окуучуларга көӊүл бурбайбыз. Жооп бербеген окуучуга катуу айтуудан этияттанып, эмки сабакта окуп кел деп кайрадан тапшырманы берип, отургузабыз. Сага 2 койдум десек, ал окуучу кемсинип калбасын деген ойго келебиз. Сурап турганга убакытты кантип жеткиришти билбейбиз. Ушул кемчиликтерди жоюш үчүн Гапыр Мадаминовдун “Устаттык өнөр” китебин окуп чыгып, өтө таасирлендим.

Мен 5 -1-класстарга орус адабияты сабагын өтүүдө үй тапшырмага төмөнкүдөй усулду колдонуп көрдүм.

Окуучуларды үч тайпага бөлүп, темачаларды беремин.

М.: 1-тайпа жазуучунун өмүр баянын толук айтып берет.

2-тайпа жазуучунун чыгармачылыгы жөнүндө баяндайт.

3-тайпа жазуучунун китепте берилген чыгармасын талдайт.

Же темачалар боюнча бөлөмүн.

Азыр ал окуучуларым 9-класска көчтү. Алар ич ара абзацтан абзацка чейин бөлүп алып, даярданып келишет да, бири-бирине жардам беришет. Начар окуган окуучуларды кичинекей абзацтарды беришип, жатташына, түшүнүүсүнө көмөктөшүп, сүрөшөт.

Менин дагы бир кемчилигим окуучулардан жардамчы албаганымда жана бирге отурган окуучулардын жубу менен иштетүүнү ойлонбогонумда экен. Гапыр агайыбыздын жазган ар бир китебиндеги бизге өтө пайдалуу кеӊештерди окуп үйрөнүү менен өз кемчиликтеримди байкадым деп ойлойм. Китеп абдан жеткиликтүү тил менен жазылган.

Агайыма жана анын тажрыйбасын жайылтып жаткан уюштуруучулар Айдайка, Аида жана Алтынай эжекелерге алкыш айтам.

15 жылдык стажым менен жол берип жүргөн кемчиликтеримди мойнума аламын.

Эми үйрөнгөн усулдарымды жаӊы окуу жылында сабагымда пайдаланып, жакшы натыйжага жетишүүгө аракеттенем.

 

Рапия Өсөрова. Өзгөн районундагы № 48 Каныбек Омурзаков мектебинин

Орус тили жана орус адабияты мугалими.

 

Бетти даярдаган Жолдош Турдубаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер