УСТАТ-ШАКИРТ НУСКАСЫ

  • 23.01.2022
  • 0

 

Жаӊы жылдын майрамдык шаӊы кайта электе Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими Орозали Сайдилкановдун педагогикалык ишмердигине арналган “Заманбап мектеп модели: гумандуу, улуттук жана демократиялык баалуулуктар” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул иш-чара өзгөчө нукта уюштурулуп, өтө мазмундуу, орчундуу идеялардын талкууланышына өбөлгө түздү.

Көчтү түзөөр кез келди

Педагогиканын башаты – элдик таалим, эзелки макал-лакаптардан баштап рух океаны болгон “Манаска” чейинки улуу дөөлөттөр. Анын мазмуну, даремети дүйнөлүк маданияттын, билимдин баа жеткис мурастары менен толукталып, өркүндөтүлөт. Ушул ыӊгайдан алганда, бул жыйындын тематикасына ылайык сөз козгоого келгендердин катарында атайын даярдалган бет ачар (презентация) же баяндамалар менен катар куттук сөзгө чыккан расмий коноктордун айткандары да орундуу, таасирдүү болду. Мисалы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов кыргыздын тиричилик маданиятын айкалыштырган улуттук этнопедагогикадан өзү бала чагында көрүп калган кызыктуу мисалдарды келтиргенде, катышуучулар баары абдан таӊ калды.

70 жылдык мааракесин тойканада тон жапмай, эт тартмай менен эмес, иштиктүү жыйында илимий талкуу форматында өткөрүүнү чечкен Орозали Сайдилкановдун Кара-Кулжада автордук мектеп ачуу, кыргыздын жана башка улуттардын чыгаан педагогдорунун идеяларын жуурулуштура элет жеринде ишке ашыруу үчүн кандай татаал жолду басып өткөнүн үзөӊгүлөш достору, кесиптештери, шакирттери абдан жакшы баяндап, залдан узатылган суроолорго жакшы жооп беришти. Окутуу-тарбиялык иш багыты боюнча өзгөчөлөнгөн бул мектептин бүтүрүүчүлөрү билим шарапаты менен жеткен ийгиликтерге дал ушул устаттык таалимдин шарапаты тийгендигин чын ыкластан айтып, ыраазылык билдиришти.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Абдывахап Нурбаев жана башка коноктор конференцияда коюлган маселелердин олуттуулугун баса белгилеп, азыркы кезде мерчемделип, жүзөгө ашырылып жаткан, ошондой эле ойдогудай жүрбөй жаткан иштер жөнүндө сөз кылышты. Ал эми Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими Гапыр Мадаминов конференциянын катышуучуларына видео аркылуу кайрылды.

Алдыӊкы тажрыйбага таяналы

 

Саламатсыздарбы, бүгүнкү конференциянын катышуучулары.

Белгилүү устат Орозали Сайдилкановдун 70 жылдыгына карата ушул темада конференция өткөрүлүп жатканы — жакшы саамалык.

Орозали агай 1998-жылы ачкан авторлук мектептин өзөк багыты демократиялык, гумандуу, улуттук таалим-тарбия болуп келгендиги белгилүү. Бирок бул бийик мүдөөнү ишке ашыруу үчүн агай кандай чоӊ эмгек кылганын, далай кыйынчылыктарга карабай, өжөрлүк менен ишти уланта бергендигин элдик баары эле билбейт. Орозали агайдан эки жыл мурун Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназияны ачкан адам катары мындай түйшүктүн канчалык оор болорун жакшы билем. Андыктан агайга терең ыраазычылык билдиремин. Ошону менен биргеликте бул мектептин ишин улантып, тереңдетүү жана кеңейтүү керек деп ойлойм.

Урматтуу катышуучулар, агайга, мектебине арналып «Устаттык жолдун уңгусу» аттуу китептин чыгарылышы дагы жакшы башталыш болуптур. Ал китепти алып, барактап көрдүм, эми шашпай окуй баштадым. Кириш сөзүндө профессор Дүйшөн Шаматов айтмакчы, Орозали агай өткөн кылымдын 80-90-жылдардагы Сухомлинский, Шаталов, Амонашвилилердин гумандуу мектеп идеяларын Кыргызстандын шартында турмушка ашырган. Бул чоң эмгек. Мына заманбап мектеп дейбиз, 21-кылымда мектепке жаңы талаптар пайда болду. Алардын эӊ башкылары: компетенттүүлүккө негиздеп билим берүү, заманбап технологияларды өздөштүрүү, азыркы күндө актуалдуу болуп жаткан үзгүлтүксүз билим алууга окуучуларды даярдоо.

Дүйнөлүк масштабдагы Болония системасында билим берүүгө окуучу, студенттерди даярдоо жагын дагы ушул заманбап мектеп концепциясына кошуу зарыл деп ойлоймун. Европа Кеңешинин «Европа үчүн компетенциялардын жыйнагы» аттуу документинде беш негизги түйүндүү компетенция көрсөтүлүп, алардын ичинен эң негизги деп окуучу студенттердин өз алдынча билим алуусу белгиленген. Биз дагы окуучулардын, студенттердин өз алдынча билим алуусун дагы заманбап мектеп моделине киргизишибиз керек. Бул багытта биздин «Акыл эмгегинин маданияты» сабагын киргизгенбиз жакшы натыйжаларды берүүдө.

Заманбап кыргыз мектеп моделин түзүү үчүн Орозали Сайдилканов мектеби менен катар Ноокат билимканасы, Ысык-Көл облусундагы лицей ж.б. Кыргызстандын ар бир облусундагы мыкты педагогдордун тажрыйбасын үйрөнүп да кошуп чыкса жакшы болот. Бүгүнкүдөй конференциялардын сериясын мындан да көп окумуштуулардын, практик мугалимдердин катышуусунда өткөрүп, заманбап мектеп моделин бүткүл Кыргызстандагы алдыңкы педагогдордун тажрыйбасынын негизинде түптөсөк жакшы болот деп ойлойм.

Мектептердин ийгилигин аныктаганда акыркы беш жылдагы ЖРТ боюнча орточо баллын, олимпиаданын жыйынтыгын, республикалык, эл аралык мелдештердеги жеӊиштерин да эске алып, чет өлкөлөрдө окуган бүтүрүүчүлөрүнүн саны, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кошулуусун да эске алуу зарыл.

 

Гапыр Мадаминов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими.

 

УСТАТ-ШАКИРТ НУСКАСЫ

Башкаларга да өрнөк

Илимий жыйындын иштиктүү өткөнү өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Жердешибиз, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн ШАМАТОВ мындай деди:

— Бүгүнкү конференция катышуучулар үчүн абдан пайдалуу болду. Башка юбилярлар өрнөк алышы керек деп ойлойм. Анткени көбүнчө тескерисинче болуп келет. Ушул маселе жөнүндө айта кетейин.

Жакында жаш окумуштуулардын изилдөө компетенттүүлүгүн кантип өркүндөтүү боюнча кызыктуу талкуу болду. Жаштар: “Агай канткенде жаштарга илим жагынан жардам беребиз?” — деп сурашканда, мындай ойлор пайда болду.

Менимче, изилдөө усулдары боюнча курстарды жогорку деңгээлде окутуу менен бирге, жаш окумуштууларды илимий конференцияларга активдүү катыштыруу керек. Бирок, тилекке каршы, салттуу конференциялар жаш илимпоздорго пайдасы тийбей келет. Анткени мурдагы СССР өлкөлөрүндө илимий жыйындын мазмунуна эмес, сырткы көрүнүшү менен кооздугуна көбүрөөк басым жасалып калат. Мисалы, башынан эле куттуктоо сөзүнөн кийин 4-5 аксакалдын докладын программага киргизишет. Бирок аксакал акырын баштап, регламенттеги 20 мүнөттө эми эле күүлөнүп калган болот да, эч ким аларды токтотууга даабайт. Ошентип, ар бири бир сааттан сүйлөшөт. Анан түшкү тамактан кеч калдык деп баары топурап чыга жөнөшөт.

Кээде пленардык отурумдагы докладдарга бөлүнгөн убакытты да күтүүсүздөн кыскартышат да: “Эми мындан ары программага өзгөртүү киргизели, себеби Баланча Бастанчаев(а) деген ардактуу агайыбыз же эжейибиз 60 (65, 70 ж.б.) жашка чыгыптыр, ошого грамота менен белегибизди салтанаттуу түрдө тапшыралы”, — деп калышат. Анан ар кайсы окуу жайлардын өкүлдөрү грамота, калпак жана чапандарын кийгизиш үчүн кезекке турат.

Түшкү тамактан кийин эми секциялык иштерде жакшы талкуу жүргүзөбүз деп жаштар деп абдан даярданышат. Бирок уюштуруучу секциянын жетекчилерине: “Бир саатта бүтүргүлө, анан кайра чоң жыйынга кайра келгиле”, — деп эскертет.

Ошондо ар бир секциядагы докладчыларга 2-3 минутадан убакыт берилет. Баары докладынан бир-эки тезисин үзүп-жулуп айтууга шашып калат. Кээ бирлерине силер окубай эле койгула, докладыӊар жыйнакка чыкса болду деп укпай койгон учурлар да кездешет. Суроо-жооп, пикир алышууга убакыт калбай калат.

Анан чоң залга баары кайра келгенде, уюштуруучулар атайы сиздерге эс алсын деп концерттик программа даярдаган элек деп, ырчы балдар менен кыздарды биринин артынан бирин ырдатып, бийлетет. Ошентип, илимий конференция оюн-зоокко айланат. Илимди бир аз көркөмдөп койбосок, жаштар кызыкпай коёт дегенденби?

Албетте, иштиктүү ыргак менен өткөрүлгөн илимий жыйындар деле болот. Бирок көпчүлүгү ушундай. Кесепети эмне болот? Жаштар көӊүлүндөгү ойлорун ортого салып, конструктивдүү сын пикир укпай калат. Жаш илимпоздор жакшы өспөй калат. Ошондуктан конференцияларды өзгөртүү керек деп ойлойм. Балким, жаштар үчүн кайсы бир идея боюнча талкууга бир күн арнаса болор? Ошондо аларга насаатчы катары тажрыйбалуу илимпоздор кеп-кеӊеш берет.

 

(Дүйшөн Шаматовдун, ЮНЕСКОнун Өмүр бою окуу институтунун программа жетекчиси Рахат Жолдошалиеванын, И. Арабаев ат. КМУ педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратовдун, “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу деректири Догдургүл Кендирбаеванын жана башка замандаштардын,

ошондой эле конкурста жеӊип чыккан мугалимдердин ушул конференцияда жасаган илимий баяндамаларын гезиттин кийинки сандарынан окуй аласыздар. – ред.).

Сүрөттөрдө: 1. Профессор Д. Шаматов окуучулар арасында өзү уюштурган «Мен мугалим болгум келет» дилбаяндар конкурсунун жеӊүүчүсү Рахат кызы Салтанат (Ак-Талаа районунун Б. Календеров ат. орто мектебинин окуучусу), Орозали Сайдилканов жана «Китеп.kg» басмасынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов менен.

  1. Конференциянын темасы боюнча мугалимдер арасында өткөрүлгөн конкурстун жеӊүүчүлөрү О. Сайдилканов жана уюштуруучулар менен.
Бөлүшүү

Комментарийлер