УШУНДАЙ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРГЕН МЕКТЕПТЕР КӨБӨЙСӨ ЭКЕН

  • 11.08.2020
  • 0

Чакан мектептеги 23 бүтүрүүчүнүн баары бюджеттик орундарга өтүшүн сүйүнчүлөп, «Гапыр агайдын гимназиясына ким теңелет?» деп жазганбыз. Гимназиянын быйылкы жетишкендиги, өзгөчө Азамат Бекбаев аттуу бүтүрүүчүнүн Президенттин колунан «Алтын сертификат» алышы окурмандарды катуу таасирлентти. 

 

УШУНДАЙ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРГЕН МЕКТЕПТЕР КӨБӨЙСӨ ЭКЕН

Субанбекова Айтбүбү, тармактык бизнес өкүлү, Бишкек шаары, Арча-Бешик конушу:

Таң каларлык мектеп тууралуу окуганымда, убагында Чубак ажынын: «Кыргызстанда билим денгээли төмөн түшүп кетти, азыр ата-знелер балдарынын билимине КӨҢҮЛ бөлбөй эле, «Россияга барып иштеп кел!», Мударис болмок белең»,  «Окуган мен эмнени кыйраттым!?», «Иштесем айлыгым бир жумалык тамак-ашка араң жетет, ошондуктан окубай эле иште!» деп балдардын аң сезимине «ИШТЕ » деген нерсени уютуп койгон. «ИШТЕ! » дебей,, «АКЧА ТААП КЕЛ!» деген программаны киргизбейби жок дегенде», -деп айтканы эсиме түштү.

Ооба, бизде баары чет жерге иштегени барышат.  Бир жерге иштесе, айлыгы аз, башка жерде иштесе, кожоюну начар, акчасын төлөбөй коёт, дагы бир жерге иштейт, иши жүрбөй коёт, ушинтип иштеп, эптеп-септеп өз жанын багат.

Ошол эле учурда Ата Мекенине кайтып келе албай жүргөн жарандарыбыз канча!  Ошондуктан биз балдарыбызга Чубак ажы айткандай, «ИШТЕП КЕЛ!»дегенди эмес, жок дегенде «АКЧА ТААП КЕЛ!» деген программаны аң-сезимдерине киргизсек жакшы болмок.

Чет жерде кара жумушта иштеп жүргөндөрдү ойлосом, жүрөгүм ооруйт.  Менин деле Россияда иштеп жүргөн тааныштарым бар. Алар да башкалардай болуп, кыйналып-кысталып иштеп жүрүшөт.

Ошол маегинде Чубак ажы: «Эгерде биз, кыргыздар, балдарыбызга  сапаттуу билим бербесек, анда 20, 30 ,40, 50 жылда билимсиз элге айланабыз. Учурда биз кимдерди тарбиялап жатабыз? Үйдө, мектепте билимсиз, көчөдө алдым-жуттум  «Кайдан болсо да акча табыш керек!» деген  шылуун инсандарды тарбиялап жатабыз,»,  -деп ачуу чындыкты айтыптыр.

УШУНДАЙ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРГЕН МЕКТЕПТЕР КӨБӨЙСӨ ЭКЕН

Мына ушул маселелерди кантип чечебиз?  Мен  «Лейлектеги гимназия берип жаткан билимди ар бир мектеп берсе, өлкөбүз оңолот беле!?» деп ойлойм. Менимче, «Башка иште иштесең деле сөзсүз билимдүү болушуң керек,  билимдүү адам жерде калбайт, сөзсүз жогорку билим алыш керек!» деген философияны үйдөн да, мектептен да, балдардын мээсине жабыла киргизсек, Кыргызстанды сактап калабыз.

Баарыбыз азыртан балдардын сапаттуу билим алышына жапа тырмак киришели!

Нажимидин Абдыгулов, эмгек мигранты,  Саратов шаары,  Орусия:

Мен да азыркы билим берүү сапаты боюнча өз оюмду силер менен бөлүшкүм келди. Баарыңар күбө болуп жүргөндөй, Союз кыйрагандан  баштап, бизде билим берүү сапаты мектептерде  кескин төмөндөп  кеткен.

Көпчүлүк билимдүү мугалимдер заман оордугунан мектептерди таштап, башка чет жерге жумуш издеп кеткенин билебиз. Алардын ичинен кээ бирлери жеке ишкердүүлүккө өтүшкөн. Көпчүлүк мугалимдер базарларда соода-сатык менен алек болуп жүрүшөт.

Мектептерде билим сапатынын төмөндөшүнө ушул фактылар бирден-бир себеп болду.

Азыркы учурда деле «Балдарыбыз билимдүү болсун!» деген ата- энелер аз эмес. Бирок коомдун артка кетиши мектептеги билим сапатына өз таасирин тийгизип жатат.

2000-жылга чейин жана андан кийинки жылдарда мектепти бүтүргөндөр, жогорку окуу жайын контракт төлөө менен аякташып, диплом алышып, мектептерде иштеп жатышат.

Мындайлар көп десем жаңылышпайм. Ушул мугалимдер мектептен жеткиликтүү билим албай туруп, жогорку  окуу жайларынан да сапатсыз билим менен диплом алышып, кайра мектептерде иштеп жаткандыгы өкүнүчтүү!

Алар өздөрүнүн сапатсыз билими менен кантип сапаттуу билим бере алат?… Сапатсыз мугалимдердин айынан дээрлик көпчүлүк мектептерде билим сапаты  төмөндөп кетти. Буга кошумча бизде өз иштерине салкын,  жоопкерсиздик менен мамиле кылган жетекчилер да жок эмес.

Бирок терс коомдук агымдан өз агымын, нугун  туура жолго койгон, билим сапатын ойлогон мекенчил инсандарыбыз бар экендиги бизди  шыктандырат.

УШУНДАЙ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРГЕН МЕКТЕПТЕР КӨБӨЙСӨ ЭКЕН

Канчалаган кыйынчылыктарга карабай, билим сапатын оң жолго коё алган гимназиянын директору Гапар Мадаминовдун иш-аракетин сыймыктануу менен белгилесек болот.

Талыкпас  жетекчинин жаратман иши  өз жемишин берип жатканы баарыбызды кубандырат.  Жетекчинин билим берүүгө өтө чоң маани бергендиги көрүнүп турат.

«Билим алуу — ийне менен кудук казганга  барабар» дегендей, Гапыр агайдын ийгиликтүү  ишин, билим бешигинде күйүп турган  шам чыракка теңесек болот.

УШУНДАЙ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРГЕН МЕКТЕПТЕР КӨБӨЙСӨ ЭКЕН

Ошол шам чырак, өз жемиши менен келечекте алоолонгон билим кенчине айланышы ыктымал. Ушул шам чырактай болуп, гимназияда билимдин жарык нурун алган билимдүү жаштардын саны көбөйө берсин!.

Лейлектеги чакан гимназиянын чоң жетишкендиги кыргыз жери, кыргыз эли ушундай билимге сугарылган инсандардан кур эместигин билдирип, элибизде келечекке болгон жакшы үмүттү жаратат.

Гапыр агайдын  өзүнө ден-соолук, иштерине албан ийгиликтерди каалайм! Бар болунуз, агай!!!.

Бөлүшүү

Комментарийлер