USAIDДИН «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУНУН ГЕНДЕРДИК ТАЛДОО ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

  • 16.12.2022
  • 0

Жаңыланган отчеттон кыскача маалымат

Жалпы маалымат

2022-жылдын апрель-май айларында USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору башталгыч мектептердеги окуучулардын, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, негизги билим берүү процессине катышуусуна тоскоолдуктарды аныктоо үчүн гендердик жана инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча изилдөө жүргүзгөн.

Изилдөө төмөнкү максаттарга багытталган:

  • Республиканын түштүк аймактарында жайгашкан максаттуу мектептерде долбоордук иш-чараларды ишке ашырууда гендердик жана башка тоскоолдуктарды талдоо.
  • Долбоордун алкагында иштелип чыккан окуу-методикалык материалдардын карап чыгуу жана талдоо жүргүзүү.
  • Кемчиликтерди жоюу же мүмкүнчүлүктөрдү оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Изилдөө үчүн маалыматтар төмөндөгү ыкмалар менен чогултулган:

  • Долбоордун инклюзивдик билим берүү менен байланышкан окуу-методикалык материалдары менен таанышуу (кабинеттик изилдөө);
  • Долбоордун иш-чараларында жана материалдарында гендердик теңчилик жана инклюзивдик практика кандайча чечилгени жөнүндө терең түшүнүк алуу үчүн долбоордун адистери менен маектешүү;
  • Тандалган мектептерге баруу;ы
  • Сабактарга байкоо жүргүзүү;
  • Класстардагы жана китепканалардагы окуу-методикалык материалдарга сереп салуу;
  • Тандалган мектептердеги мугалимдер, китепканачылар жана ата-энелер менен гендердик теңчиликке жана мектеп чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тең укуктуулугуна карата алардын маалыматтуулугун жана практикасын жакшыраак түшүнүү үчүн топтук талкууларды уюштуруу;

Тандалган мектептердин мугалимдери менен алардын мамилесин жана квалификациясын аныктоо, ошондой эле алардын күнүмдүк ишиндеги көйгөйлөрдү түшүнүү үчүн маектешүү (сурамжылоо) өткөрүлдү.

USAIDДИН «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУНУН ГЕНДЕРДИК ТАЛДОО ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Изилдөө

Мугалимдердин көбү инклюзивдик билим берүүнү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен байланыштырышат жана алар жөнүндө айтып жатканда “инклюзивдик бала” деген терминди колдонушат. Алардын айрымдары мигрант ата-энелердин балдары да өзгөчө окутуу ыкмаларына  муктаж экенин белгилешти.

Алардын көпчүлүгүнө “өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар” деген терминди түшүнүү кыйынга турду.

Өзгөн шаарындагы Маматжанов атындагы орто мектебинин мугалимдери өз мектебинде мугалимдерге насаатчылык кылуу боюнча жакшы тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алардын айтымында, бул жардам мугалимдердин усулдук ишине кошумча маалыматтарды, практикалык иштерди кошту. Мугалимдер жумасына бир жолу ар кандай окуу жана жүрүм-турумунда кыйынчылыктары бар окуучулар менен кантип иштешүү керектиги боюнча тажрыйба алмашуу үчүн чогулушат.

USAIDДИН «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУНУН ГЕНДЕРДИК ТАЛДОО ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Мээрим Узгенбаева, Ош шаарындагы №22        С.Шарипов атындагы мектеп-гимназиянын башталгыч класстар мугалими:

— Мен модулдардагы бардык стратегияларды колдоном, бирок окуу сабактарында формативдүү баалоону тез жана эффективдүү колдонуу үчүн BaalooApp программасын өзгөчө белгилеп кетким келет. Колдонмо студенттердин баасын дифференциялоого мүмкүндүк берет.

Мугалимдердин жарымынан көбү инклюзивдик билим берүү боюнча атайын курстарга барышкан эмес. Атайын билим берүү тренингдери же ресурстары жок болгонуна карабастан, мугалимдер көбүнчө  окуучуларга диний баалуулуктарга ылайык жардам берүүгө милдеттүү сезишкен. Кээ бир мугалимдер мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар туугандары бар экенин, ошондуктан алар ата-энелеринин тажрыйбасы менен таанышып, туура окутуп, тарбиялашса, мындай балдарды өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтышты.

Көпчүлүк мугалимдер атайын билим берүүнүн же инклюзивдик билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн билген, балдарга психологиялык-педагогикалык колдоо көрсөтүүнү уюштура ала турган, өзгөчө билимге муктаж балдар үчүн жеткиликтүү шарттарды кантип  түзүү керектигин билген, мугалимдерге жеке билим берүү программаларын кантип иштеп чыгуу керектигин үйрөтө турган бир мугалимди тартуу зарылдыгын белгилешти. Бул өзгөчө билимге муктаж окуучуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, алар да инклюзивдик өнүгүүнүн, социалдашуунун, ден соолукту чыңдоочу жана колдоочу окуу чөйрөсүнүн артыкчылыктарынан пайдалана алышат дегенди билдирет.

Мектептердин жетекчилери ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жалпы билим берүү мектептеринде окуса болот деп эсептешет, бирок «эгерде мугалимдер майып балдарды окутууну кааласа жана окута алса», «эгерде ата-энелер майып балдарга жардам берсе», «эгерде бала окуу программасына жетишсе» деген ойлорун да билдиришти.

Мектепке барганда бир нече ата-энелер менен аңгемелешүү болду. Көпчүлүк ата-энелер мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар же жок экенин билишчү эмес. Бирок алар майып балдарын мектептердеги башка балдар аларды шылдыңдашат деп чочулашкандыктан үйдөн окуткан ата-энелерди билишчү. Ата-энелер балдары үчүн тынчсызданып, мектептен позитивдүү гана тажрыйба алышын каалап, мугалимдер балдарына көбүрөөк көңүл бурушса деп тилек кылышат. Көптөгөн ата-энелер балдарынын коомго аралашуусу, башка балдар менен баарлашуусу, ошондой эле билимге ээ болуу зарылдыгын көргөндүктөн балдарынын мектепке барышын каалашкан.

USAIDДИН «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУНУН ГЕНДЕРДИК ТАЛДОО ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Физикалык чөйрө жеткиликтүү билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу үчүн: маалыматтык-коммуникациялык ресурстардын жеткиликтүүлүгү,  өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар окуучуларга педагогикалык, медициналык, социалдык жана башка жардам көрсөтүү, ошондой эле зарыл болгон учурда техникалык окуу куралдарын камсыз кылуу сыяктуу өзгөчө шарттарды талап кылат.

Биз барган бардык мектептерде имараттар жалпысынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ылайыкташтырылган эмес: дээрлик бардык мектептерде пандустар бар, бирок көбү өтө тайгалак болгондуктан талаптарга жооп бербейт.

Мектептердеги пандустарды айта кетели. Пандустардын коюлган максаты – майыптардын арабасындагы адамдын өз алдынча башкалардын жардамысыз ары-бери жүрүшүнө шарт түзүү. Бул функцияны аткаруу үчүн пандус белгилүү бир түзүлүшкө ээ болушу керек. Мектептерде орнотулган пандустардын көбү талапка жооп бербейт (2-сүрөт).

1-Сүрөт. Мектеп чөйрөсүнүн мисалдары

Сүрөт 1(а): Мектептин кире беришиндеги пандус стандартка жооп бербейт.

Сүрөт 1(б): Мектептин бир кире беришинде пандус жок.

1(а)-сүрөттө көрсөтүлгөн пандус дубалга чектеш эмес, бул атайын кармагычтарды орнотуу зарылдыгын көрсөтүп турат. Конструкция коопсуздук кармагычы  бар кош тосмолор менен жабдылышы керек.

Бардык мектептерде тепкичтер абдан тар. Эч кандай белги жок, класстын эшиктери майда тамгалар менен белгиленген. Бардык мектептерде ашкана – биринчи кабатта. Бир гана мектептин экинчи кабатында ашкана бар.

Ага кирүү жолу тепкич аркылуу болгондуктан араба менен жургөн окуучуга кыйын. Көпчүлүк мектептердин ажаатканалары эшикте.

Бардык мектептерде китепканалар бар; бирок бул бөлмөлөрдө көбүнчө эски китептер коюлган жана китеп текчелери көбүнчө балдар үчүн жагымсыз, ыңгайсыз. (2(а)-сүрөт).

2-сүрөт: Мектеп китепканалары

 Сүрөт 2(а). Бөлмөлөр караңгы жана өтө жык.

Иллюстрация 2(б). Балдар үчүн ылайыкташтырылган окуу аянты.

2-сүрөт (в). Дубалдагы стенд дубалга начар чапталган мыктарга илинип турат.

Балдардын талабына ылайыкталган бир гана китепкананы белгиледик. Ал Ош областынын Гүлчө айылындагы Алай райондук китепканасы. Балдар жылуу шырдактарда (кийиз килемдер) жерге отуруп да окушат. Улуу жана кичүү балдар үчүн өзүнчө, чоңдор үчүн өзүнчө окуу аянтчалары бар (2(б) сүрөт).

USAIDДИН «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУНУН ГЕНДЕРДИК ТАЛДОО ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Ошондой эле мектептерде балдардын жаракат алуу коркунучун жараткан туруксуз илинген көргөзмө стенддерин көрүүгө болот (2-сүрөт (в)).

Корутундулар

  1. USAID дин “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында түзүлгөн окуу жана математика боюнча модулдары, класстан тышкаркы иш-чаралар боюнча колдонмолору, балдар үчүн чыгарылган адабий китептери инклюзивдик билим берүүнүн талаптарына жооп берет, бардык балдардын кызыкчылыгы эске алынган.
  2. Окуучулардын бардык муктаждыктарын канааттандыруунун эң натыйжалуу жолдорунун бири дифференцияланган окутуу болуп саналат. Долбоордун материалдарындагы дифференцияланган окутуу стратегияларын колдонуу бардык окуучуларга билим берүү процессине катышууга мүмкүндүк берет жана ар бир окуучунун өзгөчө муктаждыктарына ылайыкташтырылган.
  3. Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрү бардык деңгээлде өтө чектелген. Алар үчүн мектепке чейинки жана мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү зарыл.
  4. Мугалимдер мектептерде майып балдарды окутууга даяр. Бул балдар алардын жардамына муктаж экенин түшүнүшөт жана алардын окууда ийгиликке жетишине жардам берүү үчүн кошумча аракеттерге барууга даяр; бирок алар тиешелүү кесиптик кайра даярдоодон өтүшү керек.
  5. «Окуу керемет!» долбоорунда каралган класстан тышкаркы иш-чаралар мугалимдерге окуучулардын бири-бири менен мамиле түзүүсүнө жана мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы байланышты да жакшыртууга жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул мамилелер окутууну тең салмактоого да жардам берет.
  6. Мугалимдердин олуттуу пайызы өз мектептеринде билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жана инклюзия саясатын иштеп чыгуу боюнча жакшы ой-пикирлерин айтышты. Бирок окуучулар жана алардын ата-энелери мектеп чөйрөсүндөгү аны жеткиликтүү кылуучу олуттуу өзгөрүүлөрдү сезишпейт, же алардын билим берүү мекемелерин инклюзивдик кылуу үчүн киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматка ээ эмес.
  7. Атайын кесипкөй кадрлардын, сурдо-мугалимдердин, логопеддердин ж.б. тышкы ресурстар сыяктуу адистердин жетишсиздиги ар кандай типтеги майыптыгы бар балдардын билим берүү системасына бүтүндөй интеграциялануу процессине тоскоол болууда.
  8. Инклюзивдик билим берүү деген эмне экендиги тууралуу так түшүнүк жок. Ошол себептен ден соолугунан улам мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын баары эле мектепке кабыл алынбайт, мугалимдер майыптуулугу бар балдарды кантип окутууну билишпейт.
  9. Мектептерде инклюзивдик чөйрө түзүлө элек, анткени «инклюзивдик мектеп» деген эмне экендигинин улуттук деңгээлде кабыл алынган көрсөткүчтөр жок.
  10. Мектептин инфраструктурасы жана окуу планы азырынча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды камтуу үчүн иштелип чыга элек.

Сунуштар

«Окуу керемет!» долбоорунун алкагында өзгөчө билимге муктаж балдарга колдоо көрсөтүүнү күчөтүү максатында төмөндөгүлөр сунушталат:

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бардык дисциплиналардын мугалимдерин инклюзивдик билим берүү маселелери боюнча, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга багытталган теориялык жана практикалык усулдарды окутууну сунуштоо жана кызматташуу. Бул окутууга үйдөн окутуу менен алектенген мугалимдер да кириши керек.
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине мугалимдер, педагогдор, психологдор жана логопеддер үчүн майыптардын топторунун ортосундагы айырмачылыктар жана алар менен иштөө ыкмалары (мисалы, когнитивдик жана физикалык майыптардын ортосундагы айырмачылыктар, аутизм жана Даун синдрому бар балдар менен иштөө ыкмалары) боюнча атайын курстарды уюштурууга көмөк көрсөтүү зарыл;
  3. Класста мугалимдер менен балдардын өз ара аракетине өзгөчө көңүл буруу керек. Ошондой эле ата-энелердин жана балдардын инклюзия процесси кандай иштээри тууралуу түшүнүгүн күчөтүү маанилүү.
  4. Башталгыч мектепте окуу процессин уюштурууда окутуунун универсалдуу дизайнын колдонуу жакшы натыйжаларга алып келет.
  5. Конференциялар, чогулуштар жана маалымат сессиялары аркылуу ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.
  6. Балдар китептеринин авторлорун, иллюстраторлорун жана китеп басып чыгаруучуларын инклюзивдик билим берүү концепцияларына, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды басмырлоого жол бербөө, балдар адабиятында жана окуу китептеринде ар кандай жөндөмдүүлүктөгү адамдарды бирдей көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн үйрөтүү да зарыл.
Бөлүшүү

Комментарийлер