УЛУУ НАРКТЫ УЛАГАН “САРМЕРДЕН”

  • 22.03.2023
  • 0

Чүй жатак-мектебинде өткөн “Сармерден” оюну жазгы майрамдын шаңына шаң, көркүнө көрк кошту. Улустун улуу майрамы сүмөлөксүз болмок беле, сүмөлөктөн да ооз тийдик.

УЛУУ НАРКТЫ УЛАГАН “САРМЕРДЕН”

Жаштардын эсте каларлык оюн-зоок таймашынан улам, бир окуя эсиме түштү. Илгери союз маалында залкар комузчу Болуш Мадазимовдун “Саринжи Бөкөйүн” өзүнүн аткаруусунда угуп калгам. Ошондо кайталангыс зор талант: “Кыргызды кыргыз катары көрсөткөн үч ыйык белгиси бар. Биринчиси, бул анын ак калпагы. Экинчиси, көчмөн турмуштан калган боз үйү. Үчүнчүсү, үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комузу” деп айтты эле. Ошол улутту улут кылып бийик көрсөткөн белгинин баары бул күнкү майрамдык кечеде элибиздин кылымдардан кылымга унутулбай сакталып келе жаткан көөнөрбөс маданиятын даңазалап турду. Төрдөгү сахнада боз үйдүн көрүнүшү элестүү берилгенин белгилей кетейин. Балбан билек жигиттерге тебетей, ак калпак куп жарашса, ак элечек, ак жоолукчан кыздар ары сымбаттуу, ары нарктуу көрүнөт. Апапак көйнөкчөн кыздар кыргыздын салтын улап, жарыштагы биринчи аткарууну үйдүн, журттун ээси деп жигиттерге ыроолошту. Бирок баарын болгонун болгондой катары менен айтсак, таймашты эзелки салт боюнча борбордон ат арытып келген төкмө акын, Элмирбек Иманалиевдин окуучусу баштап берди. Таланты бир топ экенин ушундан билиңиз, бир сөзүн экинчи кайталабады. Же бир да жолу тажатма ыргакка түшүп, жеңил-желпи уйкаштыкты кубалаган жок. Тескерисинче, комуздун керемет добушуна актаңдай акындын чебер аткаруусу төп келип, көрөрмандар коштоп кол чапкан сайын сөздүн каймагын калпып, салабаттуусун, маанилүүсүн, ширелүүсүн уккулуктуу үнү менен жазгы жамгырдай төгүп турду. Сөз баккан акындан соң кыз-жигиттер ортосундагы мелдеш чындап башталды. “Башканы коюп, манасты айт” демекчи, биринчи болуп сахнага эки тараптан манасчылар чыкты. Манас атабыздын дооруна барып калгандай болдук. Добулбастар тынымсыз урулуп, жигиттер командасынан чыккан манасчы зор чеберчилик менен “Манас” эпосунан үзүндү айтты. Кыздар карап турабы, бир өкүлү манасчыга жооп кылып, кыргызда Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзадай баатыр кыздар өткөнүн обонго салып, ырдап берди. Андан кийин обондуу ырлар ырдалып, макал-лакаптар, жаңылмачтар айтылды. Кыздар тал чыбыктай ийилип, кыргыз бийин бийлешсе, жигиттер кара жоргону катырды. Анан кезек кыз-жигиттердин айтышына келди. Мында да бир чекилик кеткен жок. Шайыр жеңе менен эрке бала баш болуп, калгандары да катардан калбай, эзелтеден келаткан наркты улап, тамашаны да чеги менен айтып, орундуу суроого орундуу жооп берип жатышты…

Бабалардан калган улуу мурас Ноорузга арналган кызыктуу жарышка күбө болуп жатып, убакыттын кантип өткөнүн байкабай калдык. Аягында калыстар тобу өзүнүн калыс баасын берди. Оюнда эки топ бирдей упай алганын белгилеп, бул ирет ынтымак жеңгенин жарыя кылды.

P.S. Биздеги маалыматка караганда Нооруз күнүндө ушул эле “Сармерден” кыз-жигит жарышы Токмок шаарында жалпы элге тартууланып, Назгүл Мусаева жетектеген Чүй жатак-мектебинин агай-эжейлери райондук кароодо биринчи орунду ээлеп, Чүй райондук администрация башчысы-акимдин Ардак грамотасына татыктуу болуптур. Куттуктайбыз!

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер