УЛУУ КЕСИПТИН ЭЭЛЕРИНЕ УРМАТ-СЫЙ ЖЕТИШТҮҮБҮ?

  • 05.09.2019
  • 0

Мамлекеттин көз карандысыздык күнүнө карата  Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бир катар кызматкерлер мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Алардын арасында «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими», «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам, Президенттин ардак грамотасын алган агартуу тармагынын бир катар кызматкерлери дагы бар. 

 

СЫЙЛЫК АЛГАН СЫЙМЫКТУУЛАР

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген наам алты агартуучуга — Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбиялык комплекс-гимназиясынын директору Сайрагүл АТАЕВАга, Талас облусунун Манас районундагы «Бала-Саруу» жалпы билим берүүчү мектебинин мугалими Сагынбүбү БАЯЛЫШОВАга, Бишкек шаарындагы Р.Шүкүрбеков атындагы №38 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясынын директору Роза ЖУМАЛИЕВАга, Бишкек шаарындагы Ж.Садыков атындагы №84 жалпы орто билим берүү мектебинин директору Динар ИМАНАЛИЕВАга, Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Ирина НЕФЕДОВАга, Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин биология мугалими Айна ОСМОНОВАга ыйгарылды.

Ал эми М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин проректору АТЫШОВ Көбөгөн, Ош шаарындагы «Бейби Лайф» билим берүү комплексинин директору АШИМБАЕВА Саламат, Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын №5 балдар искусство мектебинин окутуучусу БАЗАРОВА Лариса, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы БАЙСАЛОВ Жоомарт  «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам менен сыйланышты.

 

 

АК ЭМГЕКТИН АКЫБЕТИ

УЛУУ КЕСИПТИН ЭЭЛЕРИНЕ УРМАТ-СЫЙ ЖЕТИШТҮҮБҮ?

Жогоруда аты аталган сыйлык ээлеринин агартуу тармагына сиңирген эмгеги опол тоодой. Мисалы, №69 окуу-тарбиялык комплекс-гимназиясынын директору Сайрагүл Атаева билим берүү системасында 40 жылдан бери эмгектенет. Бул мектепти 2006-жылдан бери жетектеп, терең билим жана татыктуу тарбияга ээ болгон миңдеген окуучуларды тарбиялап чыгарды. Ал мыкты   жетекчи-насаатчы.   Иш тажрыйбасын шаардык, республикалык мектептерге гана эмес, эл аралык деңгээлдеги семинарларда, конференцияларда бөлүшүп келет.  Ал жетектеген билим очогу ийгиликке жетишкен алдыңкы билим берүү мекемеси катарында 2017-2018-окуу жылында жүргүзүлгөн рейтингде шаардагы мектептердин арасында 3-орунга, ал эми  окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин арасында 1-орунга ээ болгон. Окуучулары болсо шаардык, республикалык билим жарышында алдыңкы орундарды беришпейт. Мектеп ар түрдүү кароо-сынактарда дагы дайыма алдыда.

 

УЛУУ КЕСИПТИН ЭЭЛЕРИНЕ УРМАТ-СЫЙ ЖЕТИШТҮҮБҮ?

№38 МГ ОТКнын директору Джумалиева Роза болсо өзүнүн эмгек жолун 1976-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Саруу орто мектебинде орус тил жана адабияты мугалими болуп баштагандан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. Бул мектепти жетектегенине быйыл он үч жыл болду. Бул аралыкта мектепте гуманитардык-эстетикалык, гуманитардык, математикалык багыттагы профилдик класстар иштей турган эсперименталдык аянтчалар уюшулуп, мектептин педагогикалык-психологиялык көйгөйлөрүн чечүүдө жогорку жана төмөнкү мотивациядагы окуучулар менен иш алып баруу программасы иштелип чыккан. Роза Бусурманкуловна  өзүнүн ишинде тарбиялык иштерге өзгөчө маани берет. Анын демилгеси менен толук эмес үй-бүлөдө тарбияланган жана тартиби начар балдар менен иштөөдө үчүн “Аталар кеңеши” түзүлгөн, “окуучу – мугалим – ата-эне” системасы иштейт. Шаарда өткөн түрдүү кароо-сынактарда бул мектеп дагы  алдыңкы орундарды бербей келет.

УЛУУ КЕСИПТИН ЭЭЛЕРИНЕ УРМАТ-СЫЙ ЖЕТИШТҮҮБҮ?

Дагы бир жогорку мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон жетекчи  Динар Иманалиева борбордогу  №84 мектепти жетектейт. Ал жетектеген билим очогунда дагы алгылыктуу иштер арбын. Ал жакта эң негизгиси билим сапатына көңүл бөлүнөт. Мектеп заманбап технологиялар менен жабдылган. Бардык окуу-тарбиялык процесс окутуунун интерактивдүү ыкмасы менен жүргүзүлөт. Сырткы байланышын дагы чыңдап алган. “Тынчтык Корпусу” менен тыгыз кызматташып келет. Ыктыярчылык дагы колго алынган.

УЛУУ КЕСИПТИН ЭЭЛЕРИНЕ УРМАТ-СЫЙ ЖЕТИШТҮҮБҮ?

Ак-Талаа районуна караштуу Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин биология мугалими Айна Осмонованы болсо тааныбаган киши жок. Ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн, курагы келип калса дагы чарчаганды билбеген, күжүрмөн мугалим катары белгилүү. Качан да болсо чоң баштыгын каруусуна илип алып жаш мугалимдер менен теңтайлашып иштеп жүргөнүн көрөсүң. Бир күнү карасаң Бишкекте, бир күнү карасаң Акталаада жүрөт. Биздин редакция менен дагы дайыма байланышта.

Мына ушуга окшогон дагы эки агартуучу жогорку мамлекеттик сыйлыкка ээ болду. Бирок “Медалдын эки бети бар” дегендей, мамлекет тарабынан берилип жаткан бул сыйлыктардын көмүскөдө калган экинчи бети тууралуу дагы сөз козгобой кетүүгө мүмкүн эмес болду.

 

 

МЕДАЛДЫН ЭКИНЧИ БЕТИ

Албетте, ар бир жасалган ишке көңүл бөлүнүп, ага корогон эмгектин акыбети кайтып, мамлекет тарабынан жогору бааланганы жакшы. Бирок биздин айтайын дегенибиз башкада. Эмнегедир бул жолу дагы мамлекеттик жогорку сыйлык алгандардын көбүн маданият тармагынын кызматкерлери түздү. Мисалы, “Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артисти” деген ардактуу наамды он төрт киши алса, маданият кызматкерлеринин арасынан он тогузу “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, дарыгерлердин арасынан он үч киши “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” деген наам алышты. “Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалими” наамы менен сексен миңге жакын мугалимдин ичинен болгону алтоо сыйланды. Ал эми II, III даражадагы «Манас» ордени, “Даңк” ордени менен “Даңк” медалы болсо бул жолу бир дагы агартуучуга буюрган жок. Тилекке каршы, кандайдыр бир себептер менен мурда берилип келген “Кыргыз Республикасынын Эл мугалими” деген ардактуу наам дагы такыр эле жоюлуп кетти. Түмөн түйшүктүү ишти алып барган, ошол эле акын-жазуучуларды, сүрөтчүлөрдү тарбиялаган эки миңден ашуун мугалимдин армиясынан мындай сыйлыкка татыктуулар чыкпайбы, же алар татыктуу эмеспи? Андан дагы эмне үчүн татыктуу мугалим Кыргыз Республикасынын баатыры боло албайт, эл катары “Манас”, “Даңк” ордени менен сыйланбайт деген сыяктуу бир катар суроолор агартуучулардын арасында жоопсуз бойдон калууда. Тилекке каршы, буга чейинки “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген жогорку даражадагы наамды алгандардын арасында бир дагы агартуучунун жоктугу албетте, агартуучуларды өкүндүрбөй койбойт. Мындай жогорку сыйлыкка татый турган, өмүр бою каруусун казык кылып иштеген агартуучулар жок эмес. Мисалы, бүт өмүрүн бала тарбиялоого арнаган, улуттук педагогика, “Манас” эпосу, салттык, нравалык-маданияттык, кайталангыс баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө, гуманизмдин, демократиянын жана жаш муундун руханий-дене тарбиялык таалиминин принциптерин бекемдөө багытындагы бир катар эмгектердин автору Советбек Байгазиевдин эмгеги эмне үчүн бааланбайт? Кыргыз тилинин вариативдүү окуу программасын (5-кл.), Манас сабагын окутуу чежиресин (3–11 кл.), «Ыйман сабагы» боюнча окуу программасын түзүүгө катышкан, «Биздин адабияты» (5-кл.), «Кыргыз адабияты» (8-кл.), Кыргыз тили (7–9-кл.), Манас сабагы (3–11кл.) окуу китептерин жазган, «Б.Исаковдун алдынкы тажрыйба мектеби» деген ат менен республикада биринчи жолу республикалык алдыңкы тажрыйбалык мектеби уюшулган Бектур Исаковго канча жолу көрсөтүлгөнүнө карабастан «Баатыр» наамы ыра көрүлгөн жок.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер