УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ

  • 23.08.2022
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине ректор болуп дайындалды.

Төлөбек Абдырахманов — тарых илимдеринин доктору, профессор. 2010-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик университетин жетектеп келе жаткан.

Абдырахманов Төлөбек Абылович1962-жылы 1-январда Нарын областына караштуу Куланак айылында туулган. 1980-1982-жылдары Совет армиясында кызмат кылган. Үй-бүлөөлү, беш баланын атасы. 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУга өтүп, 1987-жылы ийгиликтүү бүтүргөн жана КРнын УИАнын аспирантурасына кабыл алынган.

1989-жылы КМУнун тарых факультетинин лаборанты, 1992-жылы Азия, Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген. 1996-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, тарых илимдеринин кандидаты даражасында Улуттук университеттин тарых факультетинде декандын орун басары, чөлкөм таануу бөлүмүнүн башчысы, 1998-2001 жылдары “Кыргызтаануу” окуу-илимий борборунун директору болуп иштеген.

2001-жылдан баштап И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу-инспекциялык башкармалыгынын башчысы, 2005-жылы Академиялык иштер боюнча департаменттин директору, ал эми 2006-жылы университеттин Гуманитардык билимдер институтунун директору болуп иштеген. Ушул эле жылы ага “тарых” илиминин доценти наамы берилген.

2009-жылы И. Арабаев атындагы КМУнун биринчи проректорлук кызматына, 2010-жылы ректорлук кызматка дайындалган.

2015-жылы шайлоодо И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жамаатынын көпчүлүк добушуна ээ болуп, кайрадан ректорлук кызматка бекиген.

2020-жылы шайлоодо И. Арабаев атындагы КМУнун жамаатынын көпчүлүк добушу менен кайрадан ректор болуп шайланган.

2011-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактап, 2013-жылы “Тарых”  адистигинин профессору наамына жана “Билим берүүнүн менеджменти” магистрлик даражасына  ээ болгон.

2014-жылы “Саясат-таануу” адистигинин профессору наамына татыган.

Окумуштуу-насаатчылык  ишинде беш илимдин докторун, 13 илимдин кандидатын жана казакстандык эки, кыйтайлык бир PhD докторлорго илимий жетекчилик кылган.

Профессор Төлөбек Абдырахмановдун 400гө жакын эмгектери жарык көргөн. Алардын ичинен 17 монографиялары, документтердин жана материалдардын 10 жыйнактары, 21 окуу китеби жана окуу-методикалык колдонмолору жеке жана авторлоштукта, кыргыз жана орус тилдеринде Кыргызстан менен чет өлкөлөрдө жарык көргөн.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер