“УЛУТТУК НАРК – УЛУТТУН ЖҮЗҮ” АТТУУ ТАРБИЯ ИШТЕРИ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ФОРУМДУН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

  • 28.12.2022
  • 0

2022-жылдын 17-18-декабрында “Улуттук нарк — улуттун жүзү” аталышындагы  республикалык тарбия иштери боюнча форуму  Бишкек шаарындагы “Маариф” билим берүү комплексинин базасында “Түркия Маариф” фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте өткөрүлдү.

“УЛУТТУК НАРК – УЛУТТУН ЖҮЗҮ” АТТУУ ТАРБИЯ ИШТЕРИ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ФОРУМДУН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ №303 “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыгынын алкагында, билим берүүдөгү тарбиянын актуалдуу маселелерин талкуулоо, жалпы билим берүү уюмдарында тарбия процессин уюштурууну өркүндөтүү, мугалимдердин тарбия жаатындагы чыгармачылык потенциалын жогорулатуу, окуучулар арасында руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын мындан ары жакшыртуу, руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу инсанды калыптандырууга, өнүктүрүүгө шарттарды түзүү максатын көздөдү.

Форумдун ачылышында билим берүү жана илим министри Мамбетакунов Уланбек, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Раимбачаева Винера, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Капалбаев Октябрь, Түркия Республикасынын  Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жана «Түркия маариф» фондунун билим берүү саясаты жана программалар боюнча жооптуу кызматкери, директорлор кеңешинин мүчөсү Ахмет Түркбен куттуктоо сөздөрүн айтышып, тарбия жаатындагы актуалдуу маселелерге токтолушту.

Форумдун жүрүшүндө “Улуттук нарк жана учурдагы тарбия маселелери” темасында пленардык талкуу болду.

Талкууга төмөнкү маселелер коюлду:

— Тарбия жана мектеп. Нарктуу жаранды калыптандыруудагы мектептин ролу;

— Тарбия жана үй-бүлө. Салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуунун артыкчылыктары;

— Тарбия жана мамлекеттин өнүгүүсү. Нарктуу коомду курууда жалпы билим берүү кызматкерлеринин Кыргызстандын жарандарына үлгү көрсөтүүсү.

Талкууда спикерлер менен катышуучулар ортосунда пикир алмашуулар болуп, сунуштар айтылды.

Ошондой эле тарбия жаатындагы презентациялар аянты орун алып, тарбиянын бир нече багыты боюнча маалыматтар катышуучуларга тартууланды.

Форумда ошондой эле мыкты сабактар боюнча тажрыйба алмашуулар жана чебер иштердин көргөзмөлөрүн жайылтуу да ишке ашырылды.

Ар бир облустан келген катышуучулар тарабынан мыкты иштери ортого салынып семинар-практикумдар өткөрүлдү.

Катышуучулар билим берүү уюмдарынын көңүл чордонунда окуучулардын интеллектуалдык жөндөмдүүлүгү гана болбостон, алардын жарандык, руханий жана маданий жактан коомдо активдүү болуусу, социалдык жоопкерчиликтүү, өзүнүн инсандык дареметин ишке ашырууга жөндөмдүү болууга дагы көңүл буруу керектиги баса белгиленди.

Балдарга жана жаштарга  руханий адеп-ахлактык тарбия берүүдө, алардын билим алуусунда билим берүү уюмдарынын, үй-бүлөнүн жана мамлекеттин күчтөрүн бириктирүү зарыл экени ачык-айкын болуп турары айтылды.

Бүгүнкү күндө инсанды калыптандырууда билим берүү системасы алдыңкы орунда турарын эске алып, форумдун катышуучулары ар кандай билим берүү программаларын ишке ашырууда балдардын руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын калыптандырууга өзгөчө көңүл буруу зарыл деп эсептешет.

“УЛУТТУК НАРК – УЛУТТУН ЖҮЗҮ” АТТУУ ТАРБИЯ ИШТЕРИ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ФОРУМДУН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Иш-чарада баяндамаларды жана билдирүүлөрдү угуп жана аларды талкуулап, форумдун алкагындагы секциялардагы талкуулардын жыйынтыгын жалпылап, катышуучулар төмөнкүлөрдү белгилешти:

— “Улуттук нарк – улуттун жүзү” аттуу тарбия иштери боюнча республикалык форумду жыл сайын өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун;

— азыркы коомдогу тарбиянын социалдык статусунун жогорулашын;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары менен бекитилген “Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясынын”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясынын” жана “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программасынын” алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын билим берүү уюмдарынын, үй-бүлөнүн тарбия жактан дареметинин жогорулашы  жана окуучулардын социалдашуусуна, инсандын руханий-адеп-ахлактык калыптанышын, балдардын жана жаштардын социалдык активдүүлүгүн өнүктүрүүнү камсыз кылган коомдун бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү үчүн маанилүүлүгү;

— жаш курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен патриоттук тарбиялоонун, руханий-адеп-ахлактык багыттарына өзгөчө көңүл буруу менен биринчи кезекте өспүрүмдөр жана жаштар аудиториясына багытталган иштин жаңы формаларын жана методдорун, патриоттук тарбиялоонун натыйжалуу технологияларын практикага киргизүү;

— окуучулардын руханий-адеп-ахлактык жактан өнүгүү, окуучуларды тарбиялоо программаларын, класс жетекчилеринин тарбия иштеринин пландарын Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда белгиленген Жарлыктарына ылайык актуалдаштыруу;

— баланы тарбиялоо маселелеринде үй-бүлө институтуна көңүл буруу, алардын жоопкерчилигин жана активдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле “Ата-энелер” мектеби программасын мындан ары дагы жайылтуу керектиги;

— тарбия иштерине волонтерлорду, жаштар уюмдарынын, кыймылдардын мүчөлөрүн, коомдук уюмдардын, ата-энелерди, улуу муундун өкүлдөрүн, ошондой эле  “бирдей  билим  алуу” (равный-равному)  моделинин  негизинде атайын  окутулган  теңтуштарды тартуу керектиги;

— билим берүү мекемелери үчүн моралдык-этикалык жүрүм-турум кодекстерин иштеп чыгып киргизүү керектиги;

— кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук материалдык маданиятын сактоо жана өнүктүрүү (анын ичинде улуттук ашканасын, улуттук кийимдеринин салттуу түрлөрүн, улуттук музыкалык аспаптарынын салттуу түрлөрүн, улуттук оюндарынын салттуу түрлөрүн)  боюнча сунуштамаларды, нускамаларды иштеп чыгуу, көргөзмөлөрдү, конкурстарды, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу керектиги;

— билим берүү мекемелеринин базалык окуу планына кыргыздардын жана Кыргызстан элинин наркы жана үрп-адаттары боюнча “улут наркы” сабактарын киргизүү жана аны класстан тышкаркы саат катары өткөрүү керектиги;

— билим берүү мекемелеринин ички жасалгаларында кыргыздын улуттук оюмдарынын элементтерин колдонуу максатка ылайыктуулугу;

— жалпыга маалымдоо каражаттарында руханий-адеп-ахлактык жана патриоттук тарбиялоо боюнча мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин ишин пропагандалоо;

— окуучулар арасында диндин коомдогу ролу жөнүндө түшүнүктү жана деструктивдүү диний түзүмдөргө, экстремисттик багыттагы диний идеологияга тартылууга каршы туруу жөндөмүн калыптандыруу керектиги;

— тарбия берүүнүн жана салттуу билимдердин салттуу системасынын негизинде бала бакчаларда, мектептерде жана жогорку окуу жайларда тарбия берүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу керектиги;

“УЛУТТУК НАРК – УЛУТТУН ЖҮЗҮ” АТТУУ ТАРБИЯ ИШТЕРИ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ФОРУМДУН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

— мектептердин окуучуларынын арасында республикалык    аскердик-патриоттук оюндарды, иш-чараларды өткөрүү;

— улуттук баалуулуктарды сактоо менен  кыргыз элинин бай тарыхын, залкар таланттарын, коомдук ишмерлерин, тарыхый мурастарын, каада-салт, жөрөлгөлөрүн даңазалоого өсүп келе жаткан жаш муунду жаштайынан үйрөтүү  максатында мектептеги өзүн-өзү башкаруу системасын улуттук нагызда уюштуруу керектиги (“Манас жаштар” уюму сыяктуу);

— мектептерге “Манас таануу” предметин мектептик компонент катары киргизүү;

— улуттук нарк маселелери боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүү;

— таалим-тарбия иштери боюнча мектептер арасында олимпиадаларды уюштуруу;

— экологиялык аң-сезимди калыптандырууга, окуучулардын айлана-чөйрөгө аяр жана сарамжалдуу мамиле кылуусуна, тазалыкты сактоого, жаратылышты коргоо чараларын камсыз кылууга жана экологиялык билимдерди, көндүмдөрдү жайылтууга багытталган иш-чаралардын комплексин өткөрүү;

— мектеп чөйрөсүндө зордук-зомбулуктун алдын алуу, бул көрүнүштү бекемдөөчү социалдык ченемдерди өзгөртүү үчүн “унчукпоо” маданиятын жокко чыгаруу, республиканын жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын жана балдар арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү;

— оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар, мигранттардын балдары менен  тыгыз иштөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кошумча социалдык кызматкерлердин штаттарын киргизүү;

— мугалимдердин инновациялык идеяларын колдоо, алардын алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу;

— балдарды коргоо боюнча саясатка ылайык балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, балдар арасында зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу, киберкоопсуздук, терроризмдин, диний экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу  маселелерин педагогикалык кадрларды (өзгөчө тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарларын, социалдык педагогдорду) квалификациясын жогорулатуу программасына интеграциялоо керектиги, ошондой эле тарбия иштерин уюштуруу жаатында педагогдордун квалификациясын жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу программаларынын тарбиялык компонентин күчөтүү;

— жаш мугалимдерге кесиптик өсүш жагынан ар тараптуу жардам, колдоо көрсөтүү максатында мектептерге “Жаш мугалимдер мектебин” мындан ары дагы жайылтуу;

— жаштарды өзүн таануу жана турмуштук, убакытты туура пайдалануу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасоо;

— окуучулардын келечектеги окуу профилин жана кесиптик ишмердүүлүгүн тандоодо кесиптик багыт берүү үчүн колдоо көрсөтүү, карьераны пландоодо окуучулардын компетенттүүлүгүн жогорулатуу;

— туура жана туура эмес мамилелер, эмоционалдык интеллектти жакшыртуу, коопсуз мектепти куруу жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча класстык сааттарды киргизүүнүн маанилүүлүгүн;

— “Мектеп лигасы” долбоорунун мектеп окуучулары арасында дене тарбия жана сергек жашоону пропагандалоо ишинин натыйжалуулугун эске алып, бул долбоорду башталгыч, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында өткөрүү максатка ылайыктуулугу;

— мектептерде дене тарбия, спорт менен машыгууга балдарды жана жаштарды тартуу үчүн шарттарды түзүү, дене тарбия боюнча секциялардын ишин жандандыруу;

— окуучуларды эмгекке тарбиялоо боюнча жобо иштеп чыгып бекитүү;

— мугалимдердин статусун колдоо жана жогорулатуу үчүн “Кыргыз Республикасынын эл мугалими” ардактуу наамын ардактуу наамдардын тизмесине киргизүү;

— ар бир окуу предметинин тарбиялык, адептик дареметин көтөрүү керектиги;

— руханий-адеп-ахлактык жана патриоттук тарбия берүүдө мектептик жана кошумча билим берүүнү интеграциялоо керектиги белгиленди.

Бөлүшүү

Комментарийлер