УЛУТТУК НАРК УЛУТТУН ЖҮЗҮ

  • 28.03.2023
  • 0

Ак-Талаа районунун  Кара-Бүргөн айылындагы мугалимдер арасында «Улуттук нарк — улуттун жүзү» аталышындагы сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

 УЛУТТУК НАРК  УЛУТТУН ЖҮЗҮ

Маалыматка ылайык, Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин тарбия иштери боюнча уюштуруучу, мугалим Жазгүл Момуналиева уюштурган сынакта мугалимдер саламдашуу, улуттук бийлерди аткаруу, кыргыз элинин каада-салттарын сахналаштырып көрсөтүү, улуттук оюндарды ойноо жана улуттук тамак-аштарды жасоо тапшырмаларын аткарышты.

 УЛУТТУК НАРК  УЛУТТУН ЖҮЗҮ

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду «Мыктынын мыктысы» номинациясы менен башталгыч класстын мугалимдери, 2-орунду «Жакшынын жакшысы» номинациясы менен табигый илимдер усулдук бирикмеси, «Намыстуулар» номинациясы менен тил жана чеберчилик усулдук бирикмеси, «Ынтымактуулар» номинациясы менен математика жана технология усулдук бирикмеси, «Таланттуулар» номинациясы менен кенже кызматкерлердин командасы демөөрчүлөр тарабынан сыйлыктар ыйгарылды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер