УЛУТТУК БУЮМДАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

  • 20.04.2020
  • 0

(Өнөр башаты ийрими)

  1. Сабактын тарбия берүүчүлүк максаты:

Окуучуну кол өнөрчүлүккө үйрөтүү менен кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын, нарк нускасын үйрөтүп, келечекте уз чеберлерди даярдоо жана улуттук буюмдарды муундан муунга мурас кылып калтыруу.

  1. Сабактын билим берүүчүлүк максаты:

Кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн түрлөрү жана улуттук буюмдар жөнүндө кеңири түшүнүк берүү.

  1. Сабактын өнүктүрүүчүлүк максаты:

Ийримдеги окуучуларды улуттук буюмдардын түрлөрү менен тааныштыруу. Жасоо ыкмаларын жана заманбап буюмдарды жасап күндөлүк турмушта колдонууга үйрөтүү. Ийримдеги сабакты жакшы өздөштүргөн окуучуларды конкурстарга, көргөзмөлөргө катыштырып, келечекте кол өнөрчүлүктү өнүктүрүп кетүүгө жол көрсөтүү.

4. Сабактын методикалык жактан жабдылышы:

Китептер, сүрөттөр, буклеттер, көргөзмө курал катары колдонуу учун улуттук буюмдардын сувенирлери.

Ийне, кайчы, түрдүү кийиздер жана жүн менен жиптер.

УЛУТТУК БУЮМДАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

УЛУТТУК БУЮМДАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

Сабактын жүрүшү: а) Саламдашуу.

б) Окуучуларды толуктоо.

в) Өтүлгөн теманы кайталоо.
г) Жа
ңы теманы түшүндүрү.

Саламатсынарбы балдар, өткөн сабактагы темабыз ийне сайгыч жасоо болгон. Ийне сайгычтарыңарды жасап бүтсөңөр мага жөнөткүлө. Биз кийизден кичинекей ийне сайгычты үйрөнүү менен, бүгүнкү сабакта өтө турган кыргыз элинин улуттук буюмдарынын бардык түрлөрүн жасап үйрөнө алабыз.

УЛУТТУК БУЮМДАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

Бүгүнкү сабагыбыз мурунку сабактардан өзгөчөлөнүп турат, себеби бүгүн кыргыз элинин улуттук буюмдарынын көптөгөн түрлөрү менен таанышасыңар.
Б
үгүнкү сабагыбыздын максаты — улуттук буюмдар жөнүндө түшүнүк берүү.
Ар бир улуттун жашоо шартына, жаратылышына, м
үнөзүнө, дүйнө таанымына, философиясына, рухий байлыгына жараша улуттук буюмдары болот. Атап айтсак, боз үй элибиздин жөнөкөй эле жашоо турагы болбой бүгүнкү күндө негизги улуттук буюму болуп эсептелет.
Боз
үйдүн ичине илинген чыны кап, аяк кап, китеп текче, жел боо, шырдак, ала кийиз, туш кийиз кол өнөрчү уз чеберлердин колдорунан жаралат.
Ат жабдыктары ээр токулга, ж
үгөн ноктосу, үзөнгү, басмайылы жыгач уста зергерлердин колунан жаралат.
Кол
өнөрчүлүк атадан балага, энеден кызга өткөн мурас. Кол өнөрчүлүк улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү.

УЛУТТУК БУЮМДАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

Элибиз кийизден жасалган буюмдарды кеңири колдонот. Кийизден калпак, шөкүлө, чепкен, кемсел, белдемчи, шырдак жасалат.
Б
үгүнкү күндө кол өнөрчүлөрүбүз заманбап буюмдарды, сайма сайып туш кийиз, түрдүү кийимдерди жасап жатышат.

УЛУТТУК БУЮМДАРДЫН ТҮРЛӨРҮӨрмөкчүлөр койдун жүнүнөн ийрип жип жасашып терме таар, килемдердин түрлөрүн боз үй жасалгаларын жасашса, жыгач усталар бешик, боз үйдүн түндүк, уук, кереге эшиктерин жасап келишкен.
Темир усталар курал жарактарды ай балта, найза, айыл чарба шаймандарын жасашкан.
Териден көөкөр, чанач, көлдөлөң, тебетей, талпактар жасалат.
Кол
өнөрчүлүктүн кайсы гана түрүн албайлы, баардыгына таланттуулук, сабырдуулук, укмуштуудай көп түрдүүлүк мүнөздүү. Бул ийрим силерди ушундай асыл сапаттарга тарбиялайт.

Бүгүнкү сабактагы аталган буюмдардын баары, улуттук буюмдардын түрлөрү болуп эсентелет.

УЛУТТУК БУЮМДАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

Элибизде кол өнөрчүлүктү, уз чеберлердин эмгегин баалап, барктап аны даңазалап, көптөгөн макал- лакаптар айтылып келген.

Өнөрлүү өлбөйт.

Эмгек кылсан жашыңдан.

дөөлөт кетпейт башыңдан.

Уста, устадан нуска.

Өнөрлүү адам мөмөлүү дарак.

Өнөрлүү зор, өнөрсүз көр.

Өнөр — аккан булак, билим күйгөн чырак.

Өнөр –түгөнбөс азык, жоголбос байлык.

УЛУТТУК БУЮМДАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

Жыйынтыктоо:

Демек, биз силер менен кыргыз элинин улуттук буюмдарынын түрлөрү жана аны кандай материалдан жасалаары жөнүндө түшүнүк алдык. Бул аталган улуттук буюмдардын баарын биз ийримде жасап үйрөнүүдөбүз. Жыйынтыктап айтканда, кол өнөрчүлүк ийримине катышуу силердин чыгармачылыгыңарды өркүндөтүп ата мекенди, ата-энени сүйүүгө жаратылышты коргоого, улуттук буюмдарыбызды аздектеп, келечекте кол өнөрчү, уз чеберлерди тарбиялап кийинки муунга жеткирүүгө жол көрсөткөн өнөр башаты боло алат.

Үй тапшырмасы:

Улуттук буюмдардын аталышын жана кол өнөрчүлүк жөнүндө макал-лакаптарды жаттоо.
Баалоо:
Азаматсыңар балдар, бүгүнкү сабакты аябай кызыгуу менен көңүл коюп уктуңар. Баарыңарга рахмат!

Дилбар Бекназарова, Жалал-Абад шаарындагы  «Ариет» балдар чыгармачылык борборунун ийрим жетекчиси

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер