УЛУТ ЖҮЗҮ – ТИЛДЕ, УУЛ ЖҮЗҮ – ДИЛДЕ

  • 03.03.2023
  • 0

УЛУТ ЖҮЗҮ – ТИЛДЕ, УУЛ ЖҮЗҮ – ДИЛДЕ

Уй мөөрөйт уйдун тилинде,

Кой маарайт койдун тилинде,

Уй, койдон артта калдыкпы,

Улуттун тилин билүүдө, — деп улуу акын Байдылда Сарногоев айткандай, улуттук тилди окутууда, үйрөтүүдө, аны колдонууда алдыга өтө жай кадам шилтегендейбиз…

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө, албетте, мазмундуу иш пландар түзүлүп, алардын негизинде ар тараптуу коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган иштер республиканын бардык тармактарында жүргүзүлүүдө. Мисалы, 23-сентябрь  – Кыргыз тили күнүнө, 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата же акын-жазуучулардын, белгилүү инсандардын даталуу күндөрүнө арналган иш-чараларда, бала-бакчадагы жаш бөбөктөрдөн баштап, мектеп окуучулары, студенттер, мекеме кызматкерлери тарабынан даярдалган кыргыз тилинин улуулугун, түбөлүктүүлүгүн даңазалаган майрамдар байма-бай өткөрүлүп келет. Мында орус тилдүү балдардын, чоңдордун кыргыз тилинде так сүйлөп, чыгармаларды көркөм окуганын, обондуу ырларды созолонтуп ырдаганын укканда, албетте, ыраазы болосуң.

Окуу жылы ичинде мектептерде тарбиялык иш планга ылайык көптөгөн класстан тышкаркы иштер өткөрүлөт. Бул иш-чараларда окуучулардын катышуусу менен даярдалган көркөм окуу, сахналаштырылган чыгармалардан үзүндүлөр, монолог айтуу, тематикалык көргөзмөлөр – кыргыз тилинин коомдогу ордун, маанисин, наркын окуучулардын тилге болгон сүйүүсүн, мамилесин көрсөтүп турат. Мындай иштердин кыймылдаткыч күчү болгон мугалимдердин окуучуларга тилдин улут үчүн, ар бир кыргыз үчүн бүтпөс баалуулук экендигин жеткире алгандыгына баа берсе болот.

Ошентсе да, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарда «Кыргыз тилинин абалы кандай?» деген суроого «жакшы» же «канааттандырарлык» деп жооп бере алабызбы?

Тилди, сөз байлыкты байытуу үчүн сүйлөшүү, китеп окуу, пикир алышуу көп болушу керектиги дайыма айтылып келет. Бул талап мектепте гана бир тараптуу айтылганы менен, балдар үйдө үй-бүлө мүчөлөрү менен, көчөдө, өзү ойногон короодо, коомдук жайларда орус тилине өтүп кетет.

«Тилди ар бир адам сүйлөө аркылуу гана өстүрүп, байытып, сактап калат», — деп бекеринен айтылбаса керек. Мектепте балдар кыргыз тили, адабияты сабагында жетиштүү өлчөмдө көлөмдүү тексттерди окуганга жетишпейт, үйдөн окуганга кызыкпайт. Азыркы балдардын кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү өтө жай, эске тутуусу начар болгондуктан, окуучулардын көпчүлүгү мугалимдин же класстын кошумча жардамы менен иштейт, китеп окубагандыктан сөз байлыктары тайыз. Тилди үйрөнүүгө далалат кылган балдар өтө эле аз.“Орусча билем, түшүнөм, сүйлөй алам, кыргызча түшүнбөйм, кыйналам” деген түшүнүктөн чыга албай жатышат. Ошондуктан мугалимдин милдети кыргыз тилин мектеп окуучуларына белгилүү деңгээлде үйрөтүп, сабаттуу жазганга, эркин сүйлөгөнгө көндүрүп, өзүнүн күнүмдүк жашоосунда абаны, сууну кандай колдонсо, эне тилин дагы ошондой колдонууга тарбиялоо, багыт берүү, көндүрүү, кызыктыруу, эне тилин сүйүүгө, урматтоого үйрөтүү.

Мугалим кандай ишмердүүлүк менен үйрөтүшү керек? Профессор Сулайман Рысбаев өз эмгектеринде окутуу ыкмаларын сабактын темасына карап тандоо; ар бир окуучунун жеке мүнөзүнө, айырмачылыгына, жашына, кабыл алуусуна жараша педагогикалык технологияларды тандап алуу; педтехнологияларды колдонууда шартка жараша өзгөртүүлөрдү киргизип, окуучулардын кызыгуусун арттыруу; натыйжалуу технологияларды, инновациялык ыкмаларды, формаларды колдонуу; мугалимдин мамлекеттик тилде окутуу ишмердүүлүгүн жогорулатуунун механизмдерине таянуу; мугалим өзүнүн кесиптик деңгээлин тынымсыз жогорулатып туруусу; үй-бүлөдө ата-эне жана башка үй-бүлө мүчөлөрү бала менен кыргыз тилинде сүйлөшүүсү жакшы жыйынтык берерин ата-энеге түшүндүрүү керек деп эң туура көрсөткөн. Профессор: “Тилди үйрөтүүдө ага илимий-методикалык гана талап коюу жетишсиз, ага мамлекеттик камкордук, мамлекеттик талап, мамлекеттик көзөмөлдөө болуусу чоң жардам болмок” деп баса белгилейт.

Мектепте кыргыз тилин окутууда окуу программаларынын жазылышы эле жетишсиз, ошо программалар боюнча окутуу үчүн окуу китептери жетиштүү болуусу зарыл. Ар бир мектеп заманбап техникалар менен камсыздалышы азыркы учурдун бирден-бир талабы. Бирок тилекке каршы, башкасын айтпаганда да, мугалим мектепте болгон 2-3 интерактивдүү такта менен кезектешип, кээде талашып, сабак өткөнгө аргасыз. Заманбап техниканы сабакта колдонуу – мугалим менен окуучунун ортосундагы терең жана бекем билимге карай болгон көпүрөсү.

Мындай шарттар сабактын эффективдүүлүгүн арттырып, убакытты үнөмдөп, окуучу мугалимден жардам күтпөстөн, өзүнүн билимин кыска убакытта көрсөтүп бергенге үйрөнмөк. Албетте, азыр мобилдик колдонмолор бар, бирок аларды бардык мектептерде эле колдонууга шарт жок. Себеби интернет тартылган эмес. Бул тезирээк чечилүүгө тийиш болгон маселелерден.

Кыргыз тилин интернет булактарынан үйрөнүүгө мектеп окуучусу көп кызыкпайт, ошентсе да айрым материалдарды окуп-үйрөнүп, маалымат топтошуп, кызыктуу билдирүүлөрдү жасаган окуучулар болот. Мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу менен кыргыз тилин окуп үйрөнө турган, окутуп үйрөтө турган жер – бул мектеп жана мугалим деп ойлойм.

Кыргыз тилин окутууда окуучулардын угуу, сүйлөө, жазуу жөндөмүнүн үчөөнү тең өздөштүрүүсүнө бирдей талап, бирдей көңүл бурулуусу жакшы натыйжаларды берет. Кыргыз тилинде маектешүү, пикир алышуу, талкуу, угуу көндүмдөрүн өнүктүрүү, өз пикирин, оюн, көз карашын, бирөөнүн оюн баалоо, диалогдук, монологдук сөз байлыгын өстүрүүгө, калыптандырууга, жакшы жетишкендиктерге алып келет.

Лексикалык-грамматикалык тапшырмалардын да ролу зор. Мектепте кыргыз тилин окутууда техникалык базанын аздыгы, окуу китептеринин жетишсиздиги (айрым класстарда), алардын чейрек кылымга жакын алмашылбаганы, сааттардын санынын аздыгы (5-6-класстарда кыргыз тили жумасына эки гана саат), кыргыз адабиятынын бөлүнбөй, бир жумада бир саат 40-48 окуучу менен өтүлүшү мугалимдер жана балдар үчүн кыйынчылыктарды жаратууда. Кыргыз тилин окутууда анын аброюн, улуттун тили экендигин майрамдарда же салтанаттуу күндөрдө эле ырдап-чордоо, отчет берүү  менен гана чектелбестен, күнүмдүк ар бир сабак ар бир балага жеткиликтүү ар тараптуу билим берүү үчүн багытталып, ага керектүү шарттар түзүлсө, мугалим да өз эмгегинин натыйжасын, жемишин көрмөк. Республикада жашап окуп жүргөн чет элдик жарандар кыргызча сүйлөп, кол ойнотуп комуз чертип, дастан айтканды үйрөнүп алышканын көргөндө, окуучуларыбыз кыргыз тилинде толук кандуу сүйлөп, анын өсүшүнө, сакталып калышына салым кошо аларына ишенебиз.

Шекер ЛЕПЕСОВА,          Бишкек шаарындагы №2 мектебинин окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарда кыргыз тили адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер