УЛУТТУК БААЛУУЛУК- ТАРБИЯЛООНУН НЕГИЗГИ УЮТКУСУ

  • 15.01.2024
  • 0

Зирегүл КУРГАНБАЕВА,

Ош шаарындагы № 4 С.М. Киров атындагы мектеп — гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими, КРнын билим берүүсүнүн мыктысы:

«УЛУТТУК БААЛУУЛУК- ТАРБИЯЛООНУН НЕГИЗГИ УЮТКУСУ»

Республикалык сынактын шаардык этабында «2020-жылдын мыкты мугалими» жана «Мыкты баяндама – 2023» сынактарында байгелүү орундарды багынтып, билим уясында Мамлекеттик кыргыз тилин өнүктүрүүдө улуттук баалуулуктарды негиз туткан чыгармачыл мугалим, билим берүүнүн мыктысы Зирегүл Курганбаева Ош шаарындагы № 4 С.М. Киров атындагы мектеп — гимназиясында кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келет. Ал Президент С. Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» жана “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктарын турмушка ашыруу максатында окутуу процессинде этнопедагогиканын уюткусун түзгөн улуттук каада-салт, үрп-адаттарды тарбиялоонун туткасы, өзөгү катары кабылдап, педагогикалык ишмердүүлүгүндө жетишкен ийгиликтер жөнүндө төмөндөгүлөрдү баяндады.

-Элибиздин улуулугу, улуттук баалуулуктары эзелтен эле тарбиялоонун булагы, жашообуздун уюткусу болуп келген. Өзгөчө, улуттук үрп-адатыбыз, каада-салтыбыз, жөрөлгөлөрүбүз, накыл сөздөрүбүз, теңдешсиз «Манас» эпосубуз келечек муундарды тарбиялоодогу жашоонун табылгыс философиясы, ой уюткусунун пансофиясы. Дегеним, улутту улут катары сактап, руханий баалуулуктарды кийинки муунга мурас кылып берүүчү эң асыл негиздердин бири-тарбия. Ошондон улам байыркылар «Атанын балдарга калтырган эң жакшы мурасы – анын жакшы тарбиясы — деген улуу сөзгө таазим кылышкан. Ооба, элибизде улам жашы өскөн сайын баланы турмушка,  эмгекке тарбиялап, адеп-ахлактык жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүп, коомдогу активдүү мураскер, негизги адам катары тарбиялашкан.   Мындай байыртан түптөлгөн ой тутумун аалам жазуучусу Чынгыз Айтматов “Адамзат качан чечет, качан коёт. Канткенде адам уулуу адам болот?” — деп адамзаттын акыл-эсин түйшөлткөн түйүндүү соболду таштаган- деди, жаңычыл мугалим Зирегүл Курганбаева.

Ырас, чейрек кылымдан ашуун агартуу майданында     эмгектенип, жүрөгүн балдарга арнап, изденүүдөн ийгилик жараткан Зирегүл Курганбаева андан ары үрп-адат, каада- салт аркылуу жаш муундарга тарбия берүүдөгү өз тажрыйбасы менен да ой бөлүштү.

-Элибиз уул балдарды эр жүрөк, баатыр, мекенчил, эл керегине жараган инсан болууга, ал эми кыздарды адептүү, ыймандуу мартабалуу, камкор эне болууга тарбиялаган. Бала тарбиясында  айрыкча эркек баланын жүрүм -турумуна карыялар өзгөчө баа беришкен. Маселен; атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул деп баалашкан. Себеби, атадан кем уул- акылсыз, бейтартип, атанын абийирин төккөн бала. Мындай баланын ата- энеси эл алдында сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болгон. Атага тең уул-балдардын ата-энеси эл алдында урмат-сыйга татып, мындай бала жөнүндө эл арасында жылуу сөздөр айтылып, анын жасаган иши, жүрүм-туруму башкаларга үлгү болгон. Атадан артык уул-мындай уул эл жүгүн көтөрүп, ата-эне эле эмес бүтүндөй эли сыймыктанган уул деп айтышкан. Баланы тарбиялоодо, насаат айтууга ата-энеси эле эмес, жакын туугандары, айылдаштары да укуктуу болгон.  Кыргыздын макал- лакаптарында тарбия көргөн уул-кыз жөнүндө көп асыл ойлор камтылып,эл арасында бааланып келген. Салттуу кыргыз коомунда чыныгы инсанды тарбиялоодо ата- эне эле эмес урукташ жакын туугандар, айыл аксакалдары да чоң роль ойногон, -дейт ал биз менен болгон маегинде.

Ооба, ата-бабаларыбыз эзелтен өзүнүн турмуштук түшүнүктөрүнөн элдик каада- салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жаратты. Ал аркылуу жашоо образын түзүп, көөнөрбөс өрнөктүү тарбия коломтосун алоолонтту. Учурда ааламдашуу алкагында эгемендүү кыргыз коомунда жашап, өз элибиздин тарыхын,маданиятын  тереңдеп билип, үйрөнүп,  маданий мурастарды, балдарды тарбиялоодогу улуттук баалуулуктарды  жаш муундарга мурастоо атуулдук парзыбыз. Анткени, тамыры түптүү, накыл, акыл сөздөрү уюткулуу, бабалардан калган каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдар коомдук жана үй- бүлөнүн мамилелеринен пайда болуп, ушул күнгө жетип отурат. Анткени, ар бир инсандын үй-бүлөсүндө ар кандай ырым-жырым, үрп-адат коштоп барат. Биздин нарк-насил, улуттук тарбия башаты туурасындагы суроолорубузга да каарманыбыз тереңдетип жооп берип олтурду.

-Бала төрөлгөндөн тарта аны тарбиялоо, эрезеге жеткирүү, үй-бүлө күттүрүү, өзүнчө энчи бөлүп берүү, орун-очок алып, акыркы сапарга чейин түрдүү каада-салттар күнүмдүк турмуштун мыйзам-ченемдүү көрүнүштөрү катары кабыл алынган. Кыргыздарда телегейи тегиз үлгү боло турган үй- бүлө катары көп балалуулар эсептелинген.  Ал эми баланы тарбиялоодо: сөз менен тарбиялоо ыкмалары (аңгемелешүү, кеңеш берүү, өтүнүү, буйруу, ынандыруу); иши менен тарбиялоо ыкмалары (көрсөтүү, дайындоо, үйрөтүү); диний ишеними аркылуу тарбиялоо ыкмалары (ишенимдер, сыйынуу, тиленүү, бата берүү; улуттук оюндар аркылуу; коомчулуктун пикири менен тарбиялап (колдоо, мактоо, сындоо, сыйлоо) келишкен. Демек, кыргыз турмушундагы бала тарбиялоодо каада-салт, үрп-адаттардын орду эбегейсиз. Алардын ар биринде тарбиялык маани жатат. Маселен: бала төрөлгөндө азан айтып, ат коюп, сары май менен оозантып, ырыс-кешиктүү болсун деп тилешкен. Төрөлгөндөн 40 күн өткөндө кыркын чыгаруу, жентек той өткөрүүсү; ымыркайды бешикке салуу, аластоо, бешик той, бешик ырын ырдоо, баланын келечекте мыкты адам болуусун тилөө, бата алып берүүсү; тамтуң баскан баланын тушоо кесүүсү, кадамы байсалдуу болуусун тилөөсү; эркек уулду сүннөткө отургузуу; уул үйлөнтүп, нике той берүү, кыз узатуу. Ушунун баары биздин нарк. Аларды окуучуларга мектеп жашынан эле миң айтып, кан жанына сиңирүү мугалимдин да, ата-эненин да парзы экенин унутпашыбыз парз, -деди З.Курганбаева.

-Балага карата улуулар тарабынан берилген баталар,тилектер алардын ымыркай кезинен эле айтылып, кулагына сиңип, улам эс тарткан сайын элдик каада-салт, үрп- адаттар менен тарбияланып, бата менен көгөрүп өскөн. Анткени, муундардын ортосундагы байланышты бекемдеп, наркын жоготпой кийинки муунга өткөрүп берүү маселеси тарбияда жатат.  Кийинкилердин баштапкы көчтү улап кетүүчү дарамети да жаш муундарга байланыштуу. Айтайын дегеним, өмүрдө эки нерсе адамды чоң сыймыкка бөлөйт: биринчиси, өзүңдөн артык муун тарбиялаганың; экинчиси, ата- бабадан келе жаткан мурасты тээ тереңине чейин түшүнүп, таанып, сактап, өркүндөтүп, өз урпактарыңа өткөрүп бергениң. Кыргыздар каада-салт, үрп-адат, жүрүм-турум менен эле баланын да, кыздын да ордун көрсөтүшкөн.  Биз ушул улуу касиеттерди жоготпой улаш үчүн бардык күч аракетибизди жумшап, ошонун үстүндө иштеп жатабыз -деп сөзүн жыйынтыктады З. Курганбаева.

Ак сөз. Кыргыз элинин рухун, нарк-насилин сактоого күч үрөп, тарбия ишин таасирдүү жүргүзүп келе жаткан Зирегүл эжейдин ишине ийгилик каалайлы.

Маектешкен: Ибраим ЧОТОВ,

«Кут Билимдин» өз кабарчысы.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер