УЛАНБЕК УСЕКОВ ЖАНА НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ АКСЫ РАЙОНУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 30.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков жана Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация Аксы районундагы бир катар билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышышты.

УЛАНБЕК УСЕКОВ ЖАНА НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ АКСЫ РАЙОНУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Делегация мүчөлөрү 500гө жакын окуучу билим алган Кара-Суу айыл аймагындагы Жеңижок атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Аталган мектептин имараты өткөн жылдын ноябрь айында бүткөрүлгөн.

Ошондой эле делегация Асанбек Жаныбеков атындагы орто мектепке барды. Ушул тапта 655 окуучу окуган мектеп мурдагы Кызыл-Туу совхозунун башкармалыгынын кеңсесинде жайгашкан.

Акыркы жылдары билим берүү тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы мектептер, бала бакчалар салынып жатканын белгилеген Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин атынан аталган эки мектепке заманбап компьютерлерди тапшырды.

Белгилей кетсек, Төрага Нурланбек Шакиев баштаган делегация Жалал-Абад облусунда иш сапар менен жүрөт. Кечээ, 29-мартта делегация мүчөлөрү Токтогул районундагы мектептердин абалы менен таанышышкан.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер