УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ:“ТЕКШЕРҮҮЧҮ ЭМЕС, ЖАРДАМ БЕРҮҮЧҮ БОЛУШУБУЗ КЕРЕК”

  • 02.12.2022
  • 0

Жума башында Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Фейсбукта түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берди. Төмөндө эфирде берилген орчундуу суроолордун жоопторуна орун бердик. Мындан ары министр менен түз эфир үч жумада бир жолу өткөрүлүп турат.

УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ:“ТЕКШЕРҮҮЧҮ ЭМЕС, ЖАРДАМ БЕРҮҮЧҮ БОЛУШУБУЗ КЕРЕК”

 31 БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕСИ

2022-жылы республика боюнча 31 билим берүү мекемеси курулду. Анын он беши Бишкек шаарында болсо, калган жыйырма алтысы башка аймактарда. Борбордогу мектептердин бардыгы бүтүп, колдонууга берилди. Жылдын аягына чейин башка региондордо курулуп бүтө элек мектептер колдонууга  берилет. Андан сырткары Бишкекте бир, республика боюнча беш бала бакча ачылды. Бала бакчага болгон муктаждыкты жоюу максатында жеке ишкерлерге да мүмкүнчүлүк берилүүдө. Азыркы учурда 62 жеке бала бакча курулуп, кичинекей бөбөктөрдү кабыл алып баштады.

“ЖАШ ТИЛЧИЛЕР” УЮМУ – ТИЛЧИЛЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

Кыргыз тилин өнүктүрүү максатында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Жаш тилчилер” уюму ачылган. Ага кыргыз тилчилерден сырткары орус жана башка чет тилдердин мугалимдери мүчө болуп кирди. Бир канча окутуучу семинарлар өткөрүлүп, тилчилер кесиптик чеберчиликтерин жогорулатууда.

Коомчулукта мектептерде кыргыз тилине бөлүнгөн сааттын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгы айтылууда. Биринчиден, сааттардын бөлүнүшүн Кыргыз билим берүү академиясы аныктайт. Экинчиден, тил үйрөтүүдө сааттардын көлөмүн көбөйтүү менен маселе чечилбейт. Биринчи кезекте окутуу методикасын өзгөртүп, жаңы ыкмаларды колдонуу зарыл. Ошондо эки, үч саат менен деле сапатка жетүүгө болот.

Учурда ЮСАИД тарабынан кичинекей балдарга жакшы жомоктор жазылып, басылып чыгууда. Алар республика боюнча мектептерге таратылууда. Бирок, тилекке каршы, айрым мектептерде барган китептердин бир да барагы ачылбай турат. Келген китептерди окуучуларга жеткирүү китепканачылардын жоопкерчилигинде. Ал үчүн түрдүү иш-аракеттерди жасап, балдар менен бирге китеп окуп, керек болсо мазмунун биргеликте талдашы керек.

ЖАШТАРДЫН ҮМҮТҮН ЖАНДЫРГАН СТИПЕНДИЯ

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” стипендиясына республика боюнча тогуз талапкер тандалды. Жалпы 16 талапкерден документтер келип түшкөн. Азыркы учурда стипендиат менен министрликтин ортосунда келишим түзүлүп, окуу жайдын эсебине акча каражаттары которулууда. Стипендиянын жалпы суммасы тогуз адамга отуз миллион тогуз жүз сексен сегиз миң беш жүз (30 988 500) сомду түзөт. Бир студентке — 50 миң АКШ доллары. Бул стипендия таланттуу жаштарга жыл сайын ыйгарылат.

Бул жолку стипендиаттар  Колумбия, Пенсильвания, Джонс Хопкинс, Техас университети, Стэндфорд жогорку билим берүү мектеби сыяктуу дүйнөлүк окуу жайлардан билим алышууда.

БИРДИКТҮҮ ФОРМА КИРЕБИ?

Азырынча мектептерде бирдиктүү форма талап кылынбайт. Болгону окуучулар үстүнө ак, астына кара кийиши керек. Жакында №73 мектепте ата-энелер менен мугалимдер биргелешип талкуулап, окуучуларга атайын кыргыздын орнаменттери түшүрүлгөн бирдиктүү форма киргизишиптир. Ушул сыяктуу жакшы идеяларды башка мектептер дагы киргизсе болот. Бул жакшы гана натыйжа берет.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНА УБАКЫТ БЕРЕЛИ

Жаңы келген директорлорго өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк, убакыт беришибиз керек. Баары эле директор же мугалим болуп жаралган жок.  Азыр окутуулар жүргүзүлүп жатат. Айрым мектептер окутуу процесси менен эмес, бири-бири менен арыздашуу, доомат коюу менен алектенип, убакытты өткөрүп жатышат. Алар менен сүйлөшүү иштери жүргүзүлүүдө.

АДЕП САБАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ КИРБЕЙТ

Мектептерге  адеп сабагын киргизүү боюнча суроолор 25-ноябрда өткөн Элдик курултайда да айтылды. Үч-төрт жыл мурун адеп сабагы мектептерде окутулган. Негизи ар бир мугалим мектепте билим берүү менен бирге тарбиялоо процессин да жүргүзүүсү  керек. Балдарды адептүүлүккө үндөө, тартипке чакыруу комплекстүү каралып, үйдөгү ата-энелер тарабынан да жүргүзүлүшү керек.  Мугалим канчалык аракет кылбасын, ата-энелер үйдө балага көңүл бурбаса, анын эмгеги текке кетет, насааты жукпайт.

МУГАЛИМДЕР АР ДАЙЫМ ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТЫП ТУРУШУ КЕРЕК

Билим  берүү жана илим министрлиги тарабынан мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында  ар кандай окуулар, тренингдер үзгүлтүксүз өтүлүп жатат. Бирок мугалимдер министрликти күтүп отурбай өз алдынча да билимин өркүндөтүп турушу керек. Чынында коомчулукта айтылып жаткандай, мугалимдердин да деңгээли ар кандай болууда. Бирок биз алардын билим деңгээлин текшерүүдөн мурда, жардам берүүгө өтүшүбүз  керек.

ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДАГАН СЕКЦИЯЛАР

Балдардын ден соолугун чыңдоо максатында Бишкек шаарынын он мектебинде пилоттук негизде волейбол боюнча секциялар уюштурулууда. Алар 1-декабрдан баштап иштеп баштайт. Секцияларды Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 2-3-курсунун студенттери өткөрөт. Медициналык кароодон жана коопсуздук техникасы боюнча инструктаждан өткөн окуучулар киргизилет. Секциялар 2023-жылдын 30-мартына чейин окуудан тышкаркы убакытта мектептердин спорттук залдарында, аянтчаларында өткөрүлөт. Апрель айында  пилоттук жалпы билим берүү уюмдарынын тайпаларынын арасында турнир уюштурулат. Жыйынтыгы жемиштүү болсо, жогорку окуу жайларынын студенттерин тартуу менен мектептерде спорттун түрлөрү боюнча секциялар ачылат.

 Даярдаган Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер