ЖЫЙЫНТЫК КОЛЛЕГИЯ: БИЛИМ БЕРҮҮГӨ САПАТ, ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРУУ ЖАНА КАРЖЫЛОО КЕРЕК

  • 16.02.2023
  • 0

ЖЫЙЫНТЫК КОЛЛЕГИЯ: БИЛИМ БЕРҮҮГӨ САПАТ, ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРУУ ЖАНА КАРЖЫЛОО КЕРЕК

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз улуттук агрардык университетинде  кеңейтилген коллегиясын өткөрдү. Анда өткөн жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, алдыдагы аткарыла турган милдеттер жарыяланды. 

Өткөн жыл билим берүү тармагындагы реформанын жаңы толкуну менен эсте калды. Жалпысынан үч негизги багыт боюнча иш жүргүзүлүп, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, билим берүүнүн сапатын кепилдөөгө жана билим берүү системасында натыйжалуу башкарууга, каржылоого басым жасалды.

КР Президентинин администрациясы 2022-жылдагы Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планынын аткарылышына жүргүзгөн мониторинг жана баалоонун жыйынтыгы боюнча Билим берүү жана илим министрлигин “жакшы” деген баа алган министрликтердин тизмесине киргизди.  

ЖЫЙЫНТЫК КОЛЛЕГИЯ: БИЛИМ БЕРҮҮГӨ САПАТ, ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРУУ ЖАНА КАРЖЫЛОО КЕРЕК

БАЛА БАКЧА

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун баяндамасында мектепке чейинки курактагы балдардын бала бакча жана мектепке даярдоо программалары менен камсыздалышы 47% түзгөнү айтылды. Бала бакчалардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы 1712ден 1812ге, мектептер 2296дан 2357ге көбөйдү.

ЖЫЙЫНТЫК КОЛЛЕГИЯ: БИЛИМ БЕРҮҮГӨ САПАТ, ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРУУ ЖАНА КАРЖЫЛОО КЕРЕК

 

«Бүт республика боюнча биринчи жолу бала бакчаларга электрондук кезек киргизилди. Мектепке чейинки билим берүү кызматын жеке тартипте көрсөткөн тарбиячылар үчүн сертификациялоо механизми жөнөкөйлөштүрүлгөн система түрүндө иштелип чыкты. Алдыда бала бакчалардын нормативдик ваучердик каржылоо системасы иштелип чыгууда. Кыска мөөнөттүү бала бакчалар менен камтууну жогорулатуу максатында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” жана “Билим берүүнүн негиздерин бекемдɵɵ” долбоорлору ишке киргизилип, ага ылайык аймактарда 560 кыска мөөнөттүү бала бакчалар түзүлмөкчү. Бала бакчаларын өнүктүрүүчү окуу жана дидактикалык материалдары гендердик сезимталдыкты жана инклюзивдүүлүктү эске алуу менен иштелип чыгууда», — деди министр өз сөзүндө.

Уланбек Мамбетакунов учурда тандалып алынган критерийлер боюнча райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана башкармалыктары тарабынан мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо менен камтууну жогорулатуу жаатында кандай конкреттүү иштер аткарылып жатканынын үстүндө мониторинг жүргүзүлүп жатканын, анын жыйынтыгы үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягына чейин жарыялоо пландалып жатканын билдирди.

 МЕКТЕП, КИТЕП ЖАНА  PISA’га ДАЯРДЫК

ЖЫЙЫНТЫК КОЛЛЕГИЯ: БИЛИМ БЕРҮҮГӨ САПАТ, ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРУУ ЖАНА КАРЖЫЛОО КЕРЕК

2022-2023-окуу жылынан тарта мектеп жашындагы балдарды мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын 1-классына кабыл алуу республика боюнча «Мектепке электрондук кабыл алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылып келет.

Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыгып бекитилген. Ал системаны 12 жылдык билим берүүгө өткөрүү, башталгыч класстардагы бир сааттык натыйжасыз сабактарды алып салуу, тилди өздөштүрүү боюнча баскычтуу мамиле, медиа сабаттуулук жана жашыл көндүмдөр, башталгыч класстарда баллсыз мотивациялоочу баалоо, “Өзүн-өзү таануу”, “Кыргыз жараны” деңгээлин иштеп чыгууну камтыйт. Учурда 12 жылдык окуу мезгилине өтүү боюнча Жол картасы кабыл алынды.

Кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдериндеги 538 окуу китебинин электрондук нускасын камтыган «Электрондук китепкананы» иштеп чыгуу иштери жүрүп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча физика, химия, кыргыз адабияты, орус тили, Кыргызстандын жана дүйнɵнүн тарыхы, биология, орус адабияты предметтери боюнча 329300 нуска окуу китептери басылып чыкты. Анын ичинде 2320 китеп геометрия жана орус адабияты китеби көрүүсү начар балдар үчүн даярдалды. Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунун  базасында илимий-педагогикалык, илимий жана практикалык-педагогикалык экспертиза жүргүзүү боюнча 77 эксперт, ошондой эле окуу-методикалык комплекстердин 21 автору даярдалган.

PISA тесттери жогорку класстын окуучулары үчүн табигый-илимий предметтер жана математика боюнча ыңгайлаштырылууда. Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун көзөмөлдөө, улуттук инструментарийди түзүү максатында 5-класста 2713 окуучу, 6-класста 2460 окуучу сынактан өтүштү. Тиешелүү жол картаны ишке ашырууга Европа Биримдиги жана Дүйнөлүк банк жардам берүүдө. 

МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА СПОРТ

ЖЫЙЫНТЫК КОЛЛЕГИЯ: БИЛИМ БЕРҮҮГӨ САПАТ, ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРУУ ЖАНА КАРЖЫЛОО КЕРЕК

Өлкөнүн жети аймагында «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалдарын окуу эмеректери, техникалык моделдөө үчүн машиналар жана шаймандар, компьютерлер, 3D принтерлер, видеопроекторлор жана экрандар ошондой эле LEGO дизайнерлери, робототехника класстарын техникалык жабдуу ишке ашырылды.

Республиканын 20 мектебинин башталгыч класстарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга  колдоо көрсөтүлдү. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Краснореченск көмөкчү мектеп-интернатынын базасында ресурстук борбор ачылды. Андан тышкары И.Арабаев атындагы КМУда борбор ачуу пландаштырылууда.

«Мектеп лигасы» спорттук долбоору ишке ашырылды. Долбоордун алкагында спорттун үч түрү боюнча 1778 мектеп командасы (анын ичинде 554 футбол, 960 волейбол жана 264 баскетбол) түзүлдү. 

МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ, СТУДЕНТТЕРДИН СТИПЕНДИЯСЫ КӨБӨЙДҮ

ЖЫЙЫНТЫК КОЛЛЕГИЯ: БИЛИМ БЕРҮҮГӨ САПАТ, ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРУУ ЖАНА КАРЖЫЛОО КЕРЕК

Аламүдүн районунун Виноградный айылындагы №2 орто мектептин мыкты мугалими Бейшенкул кызы Чынара окуучусу менен.

 

Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы 80%га жогорулады. Агартуучулардын эмгек акысын баалоодо ставка системасы киргизилди. Республикалык жана эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин даярдоо үчүн мугалимдерге бир жолку кошумча төлөмдөр киргизилди. Башкача айтканда, даярдаган окуучулары эл аралык олимпиадада жеңишке жетишкен мугалимдер үчүн 100 миң сомдон 500 миң сомго чейин жана республикалык олимпиадалар үчүн 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин ай сайын кошумча төлөмдөр төлөнө баштады. Педагогикалык кызматкерлерге категорияларды берүү калыбына келтирилди. Мугалимдерди аттестациялоонун жаңы автоматташтырылган системасы түзүлдү. Жогорку окуу жайлардын педагогикалык багыттарынын студенттеринин (1-курстун студенттери – 1000 сом, 2-курстун студенттери – 2000 сом, 3-курстун студенттери – 3000 сом жана 4-курстун студенттери – 4000 сом) стипендиясын жогорулатуу чечими кабыл алынды. Педагогикалык багыттар боюнча ЖРТ негизги тестинин босого баллы жогорулады. 2022-жылы педагогикалык багыттарга кабыл алуу 2021-жылга салыштырмалуу 22% өсүп, абитуриенттердин орточо баллы 180 болду.

Мугалимдердин жетишсиздиги 2785тен 702ге чейин же төрт эсеге кыскарды.

 

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН КОНКУРСТУК ТАНДОО

Биринчи жолу 13 индикатордун негизинде, анын ичинде иш-чараларды пландаштыруу жана мониторинг жүргүзүү, аймактагы билим берүүнүн сапаты, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү, санариптештирүү боюнча райондук, шаардык башкармалыктардын жана билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин рейтинги жүргүзүлдү.

Жыйынтыкты ыкчам түрдө чыгарып берүү менен, толук компьютердик технологиянын негизинде мектеп директорлоруна конкурстук тандоо уюштурулду.

Мектеп директорлорунун 966 бош кызмат ордун ээлөөгө сынактын жыйынтыгы менен 849 мектепке (82,5%) директорлор дайындалды, 117 бош орунга (17,5%) тиешелүү сынак өткөрүлөт.

 

ЖРТ ЖЫЙЫНТЫГЫ 

ЖЫЙЫНТЫК КОЛЛЕГИЯ: БИЛИМ БЕРҮҮГӨ САПАТ, ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРУУ ЖАНА КАРЖЫЛОО КЕРЕК

Мектептеги даярдыктын сапатын көрсөткөн объективдүү өлчөөлөрдүн бири – бул Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы, тагыраак айтканда, мектеп бүтүрүүчүсү жогорку окуу жайда окуусун улантууга канчалык даяр экендигин аныктоо болуп саналат. Министрликтин Билим берүү сапатын баалоо сектору жүргүзгөн талдоонун жыйынтыгы мектептердин 40% негизги тесттен 110дон төмөн балл алганын көрсөттү.

Ошол эле учурда региондор боюнча алганда эң өкүнүчтүү абал Баткен облусунда катталган. Анда 2022-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүнүн 52% босого баллдан төмөн балл алган. Чүйдө — 47%, Жалал-Абадда — 44%, Ош облусунда — 42%, Ысык- Көлдө жана Нарында 38% болгон. Бул көрсөткүч Ош шаарында — 29%, Талас облусунда 27% жана Бишкекте 15% түзгөн.

Республиканын райондорунун контекстинде маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, акыркы үч жылда ЖРТ 50% начар натыйжалары болгон райондордун саны 9 райондон 15 көбөйгөн.

2022-жылдагы предметтик тестирлөөнүн жыйынтыгын талдоо көрсөткөндөй, эң төмөнкү көрсөткүчтөр математика, физика, химия жана биология боюнча катталган.

Бул көрсөткүчтөр райондук, шаардык бөлүмдөр менен билим берүү башкармалыктары жана иш берүүчү болуп саналган жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үчүн ойлонууга олуттуу себеп болууда. Алар өз кезегинде мектеп директорлоруна тиешелүү тартиптик чараларды көрүүгө тийиш. Бул ошондой эле бул жогорку окуу жайлары үчүн болочок мугалимдерди даярдоого көзөмөлдү күчөтүүгө шарт түзөт.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ ОКУУ МӨӨНӨТҮ КЫСКАРДЫ

 Кесиптик лицейлерде окуу мөөнөтү кыскарды, мурун окуучулар эки жыл он ай окушса, эми эки жылда орто билими тууралуу аттестатын да, дипломун да алып чыгат. Андыктан бул тармактын Мамлекеттик стандартынын макети жаңыланды. Азия өнүктүрүү банкынын долбоору боюнча кесиптик лицейлер 23 миллион сомго заманбап жабдуулар менен камсыздалды. «Ага-хан» долбоору аркылуу окуу жайлар 57 миң долларлык компьютер жана окуу куралдары менен жабдылып, 4000 адам (жумушсуздар, аялдар) 12 кесипке окутулду.

Кыргыз Республикасындагы “Qatar Chariti” Катар кайрымдуулук уюмунун долбоорунун алкагында №47 кесиптик лицейдин базасында IT- лицейи жана №90 кесиптик лейинин базасында IT-мектеп курулууда.

Кесиптик  лицейлердин 20% дуалдык окутуу киргизилгендиктен учурда формалдуу, формалдуу эмес жана информалдуу билим берүүнү көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо үчүн атайын борбор түзүлүүдө. 

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРЛОРУ 

Колледждердин рейтингин жүргүзүүнүн методологиясы жана критерийлери иштелип чыгып, алар пилоттук колледждерде апробациядан өтүп, бекитилип, окуу жайларга жөнөтүлдү.

Сегиз  пилоттук колледждин базасында АӨБ долбоорунун эсебинен жаңыланган жана жабдылган Алдыңкы тажрыйба борборлору ачылды. Жалпы 341,5 миллион сомго 25,5 миң чарчы метр имарат жана курулуштар оңдолуп, 98,9 млн сомго 2425 даана окуу-өндүрүштүк жабдуулар, 71,1 млн сомго 3765 даана оргтехника, 53,6 млн сомго 11230 даана эмеректер алынып келинди.

  

БИР ЖЫЛДА ЭКИ ЖОЛУ КАБЫЛ АЛУУ

Өткөн жылы жогорку окуу жайларга кабыл алууну бир жылда эки жолу жүргүзүү чечими чыгарылып, ЖРТ эки жолу өткөрүлүп, кышкы кабыл алуу жүргүзүлдү. Ал IV тур менен өтүп, алты жүзгө жакын абитуриент кабыл алынды.

Чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуунун автоматташтырылган маалымат системасы да иштелип чыкты. Казакстандын, Кытайдын, Венгриянын ЖОЖдоруна Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна этникалык кыргыздарды кабыл алуу student.edu.gov.kg электрондук системасы аркылуу онлайн уюштурулду.

ЖЫЙЫНТЫК КОЛЛЕГИЯ: БИЛИМ БЕРҮҮГӨ САПАТ, ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРУУ ЖАНА КАРЖЫЛОО КЕРЕК

 БЕШ ЖОЖго ӨЗГӨЧӨ МАКАМ

Өлкөдөгү беш университетке инновациялык илимий борбор катары өзгөчө макам берилип, төрт мамлекеттик университет кайра уюштурулуп, аларга беш окуу жайы бириктирилди. Бул биринчиден, жогорку билим берүү тармагын көп жылдан бери быкшыган кайдыгерликтин сазынан сууруп чыгып, заманбап жол менен өнүктүрүүнү көздөгөн масштабдуу стратегиялык чечим болуп калса, экинчиден, мамлекеттик ЖОЖдордун санын 33төн 28ге чейин кыскартууга мүмкүндүк берди.

Өлкөдөгү отузга жакын ЖОЖдо бизнес-инкубатор ачылды. Алар  креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, ишкерликти колдоого жана жаштар арасында стартаптарды түзүүгө багытталат. Учурда студенттер ар түрдүү тармактарда стартаптарды түзүп, алдыңкы идеяларды ишке ашыра башташты.

 

 ҮМҮТТҮ ЖАНДЫРГАН СТИПЕНДИЯ  

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн керектүү мыйзамдык база жана механизмдер иштелип чыкты. Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча эл аралык стипендия тогуз талапкерге берилди. Азыр алар дүйнөлүк алдыңкы окуу жайларда билим алууда.

 

ИЛИМДИ КАРЖЫЛОО

 2022-жылы мамлекеттик заказдын алкагында айыл чарба, медицина жана техникалык илимдерге артыкчылык берүү менен 146 миллион 352 миң сом бөлүнгөн. Тандоодо өтүнмөлөрдү жана долбоорлорду баалоо онлайн режиминде жүргүзүлдү. Илимий ишмердүүлүктү децентралдаштыруу максатында республиканын региондук университеттерине илимий ишмердүүлүктү тигил же бул аймактын экологиялык, инфраструктуралык жана антропогендик өзгөчөлүктөрү менен байланыштыруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле биринчи жарым жылдыкта КР Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган илим жана илимий кызматтардын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды.

 

 АЛДЫДАГЫ МИЛДЕТТЕР ЖАНА МАКСАТТАР

Өткөн жылда жасалган реформаларды логикалык жактан улантуу максатында министрлик алдына бир катар милдеттерди койду. Алардын эң орчундуусу болуп билим берүү системасындагы адамдык потенциалды өнүктүрүү, билим берүү системасын санариптештирүү, 12 жылдык билим берүүгө өтүү, өлкөнүн мектептерин PISA эл аралык изилдөөсүнө катышууга даярдоо, балдардын кыска мөөнөттүү жана эрте өнүктүрүү борборлорун ачуу, өнөктөштөр менен кызматташуу сыяктуу иштер экендигин министр атап кетти.

Билим берүү системасындагы адамдык потенциалды өнүктүрүү үчүн мектепте окуу-методикалык иштерди жакшыртуу, ар бир район-шаарда предметтик мыкты мугалимдердин тажрыйбасы менен алмашуу иштери жасалып, сапатты жогорулатуу үчүн «Мектептер – насаатчылар» системасы түзүлөт. Мектепке чейинки билим берүү, башталгыч кесиптик, орто кесиптик, илимий мекемелердин жетекчилерин дайындоо конкурстук системага өткөрүлөт.

Быйыл мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө да басым жасалат. Көп тилдүү билим берүүнүн негизинде бала бакчалардын жана мектептердин мугалимдерин даярдоо программасы киргизилет. Мамлекеттик тил боюнча мыкты мугалимдердин алдыңкы тажрыйбасын жайылтуу иштери аткарылат.

«Санариптештирүү жаатында биздин алдыбызда билим берүү чөйрөсүндөгү бардык мамлекеттик маалыматтык системаларды өз алдынча иштеп чыгуу жана башкаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, натыйжалуу жана туруктуу иштеши үчүн атайын «Санарип Билим» мамлекеттик мекемесин түзүү эң маанилүү милдети турат. Бул мезгилдин жана ушундай кызматтарды алып жаткан жарандарыбыздын талабы, — деген министр бул жылы мектепке чейинки билим берүүнүн деңгээлинде балдарды камтууну кеңейтүү жана сапаттуу өнүктүрүү маселеси турганына да токтолду. Анын айтымында, бала бакчага болгон таңсыктыкты жоюу үчүн быйыл китепканалардын базасында жаңыдан түзүлгөн балдардын кыска мөөнөттүү жана эрте өнүктүрүү борборлору ачылат. Үйдөгү жеке тарбиячыларды сертификациялоо механизмин киргизүү, МЖӨ борбору менен биргеликте мектепке чейинки билим берүүдөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн жаңы форматы боюнча ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу, социалдык жөлөкпул алган 110 000 үй-бүлөнү кошкондо мектепке чейинки билим берүү мекемелерин каржылоонун нормативдик формуласын иштеп чыгуу иштери жасалат»,-деди Уланбек Мамбетакунов.

Андан сырткары, билим берүүнүн 12 жылдык цикли үчүн мектептик билим берүүнүн дизайнын жана мазмунун калыптандыруу, анын жол картасын ишке ашыруу, 12 жылдык окуу цикли үчүн окуу материалдарын түзүү, табигый илимдердин предметтик багыттары боюнча (СТЭМ/STEM) окуу китептерин адаптациялоо, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга коррекциялоочу жана өнүктүрүүчү билим берүүгө болочок мугалимдерди даярдоо үчүн шарттарды түзүү, электрондук мектеп форматын, анын ичинде мектепте билим берүүчү маалыматтык платформаны өнүктүрүү, аймактык ЖОЖдордун колдоосу менен мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын реформалоо, мугалимдерди аттестациялоонун жаңыланган системасын киргизүү сыяктуу иштер да аткарылат.

Кесиптик билим берүү тармагында билим берүүнүн сапатына жана иш берүүчүлөр менен иштөөгө басым жасалат. Жаңы кесиптерди жана окуу мөөнөттөрүн эске алуу менен башталгыч кесиптик билим берүүнүн кесиптеринин тизмеси жаңыланып, дуалдык билим берүү өркүндөтүлөт. Формалдуу эмес окутуунун натыйжаларын валидациялоо (таануу) системасы түзүлүп (Көз карандысыз сертификация жана валидация борбору), колледждердин рейтингинин улуттук модели ишке ашырылат.  Университеттерди бириктирүү процесси аягына чыгарылып, өзгөчө макам алган окуу жайларга кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык эркиндик берүү иштери бүткөрүлөт.

Лицензиялоо жана аккредитациялоо иштеринде да маанилүү пландар бар. Ириде «Электрондук лицензиялоо» жана «Электрондук аккредитация» маалыматтык системалары аркылуу коррупцияга каршы механизмдерди ишке ашыруу, аккредитациялык агенттиктерди таануу системасын автоматташтыруу, алардын ишине мониторинг жүргүзүү, аккредитациядан өткөн билим берүү уюмдарынын жана программаларынын реестрин жүргүзүү сыяктуу иштер бар.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер