УЛАН АГАЙДЫН «ЖАШЫЛ ШААР» ДОЛБООРУ
- 03.09.2020
- 0
Бишкек шаарындагы №55 орто мектебинин география мугалими Уланбек Рыскулов — келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш педагогдордун бири. Ал экологияга байланышкан бир топ долбоорлорду жетектеп келет.
Учурда издемчил мугалим өз окуучулары менен биргеликте Ала-Арча суусунун булгануу себептерин иликтеп жатат.
— Биздин долбоор суунун булганышы ар кандай жугуштуу ооруларды пайда кылып, жер-жемиштердин сапатынын начарлашына алып келерин жергиликтүү тургундарга түшүндүрүүнү көздөйт, — дейт ал.
Демилгечи мугалимдин пикиринде көйгөйдүн келип чыгышына элдеги экобилиминин жоктугу түздөн-түз себепкер болууда. Бир жагы мурдагыдай ишембиликтердин өткөрүлбөй калганы, тейлөөнүн начардыгы, элди тазалыкка үгүттөө иштеринин жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатканы экология маселесине өз кедергисин тийгизип жатат.
«Жашыл шаар» долбоорундагылар Ала-Арча суусундагы таштандылардын курамына морфологиялык талдоо жүргүзүшкөндө, таштандылардын арасынан желим бөтөлкөлөр. полиэтилен баштыкчалары, кийим-кечек, айнек сыныктары, тамак-аш калдыктары, медициналык таштандылар, курулуш таштандылары, унаа дөңгөлөктөрү табылган.
Алар Ала-Арча суусуна үйлөрдөн агып чыккан мончо суулары, ашкана жугундулары, ошондой эле мештин күлү төгүлүп жатканына күбө болушкан.
— Ала-Арча суусунда “е коли” жугуштуу инфекциясынын таякчалары табылды. Өзгөчө ал Ала-Арча суусунун Чүй дарыясына кошулган жеринде учурайт. Бул жугуштуу микробдор балдарга көбүнчө сүт азыктарынан, идиш-аяк, кир кол, кийим-кечелерден, баланын ороочтору аркылуу жугууда, — дейт педагог.
Жаш экологдордун баамында сугат иштерине булганыч сууну пайдалануу жер-жемиштердин сапатынын начарлашына, ал эми таштандылардын көптүгү балыктардын санынын кескин азайышына, Ала-Арча суусундагы экосистеманын бузулушуна алып келди.
Пандемияга байланышкан чектөөлөргө карабастан, «Жашыл шаар» долбоорундагы активисттер көйгөйдү чечүү үчүн Ала-Арча суусуна, ошондой эле Аламүдүн, Чоң Чүй каналына, Чүй, Нарын дарыяларына “экопост” тосмолорун орнотууну сунуштоодо.
Долбоордун жетекчиси жергиликтүү тургундардын, акимчиликтин, мекеме-уюмдардын катышуусунда ишембилик өткөрүп, бул ишке массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакырууну пландап жатышканын, бирок көп нерсе биздин экобилимге, экомаданиятыбызга жараша болорун айтат.
-Европада тогуз мамлекетти аралап агып өткөн Дунай дарыясын алып көрөлү. Жээгинде канча деген чоң шаарлар жайгашкан, ошентсе да ал биздеги Ала-Арча суусундай булганыч эмес. Бизде болсо, жарандар жолдо таштанды жатса да өкмөттү күнөөлөшөт. «Ушул жерде жашайм, алып коёюн, жыйнап коёюн» деген түшүнүк жок, — дейт Улан.
Ооба, «Жашыл шаар» долбоорунун ийгиликтери тууралуу кеп кылуу али эрте. Бирок Улан агайдын шакирттеринин аракеттери тууралуу айтпай кетүүгө да болбойт. Шакирти, окуучусу Мусаева Элинанын «Ала-Арча суусунун булгануу себептери жана чечүү жолдору» аттуу доклады Ишеналы Арабаев атындагы университетинде студенттер арасында өтүүчү илимий конференцияда мыкты изилдөө иши деп табылып, университеттин Ардак грамотасына татыктуу болду. Ушундай эле сыйлык конференциядагы кызыктуу доклады үчүн Бакиров Досмуратка да берилди.
«Жашыл шаар» долбооруна шаар депутаттарынын кызыгуусу зор. Долбоор командасы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров жана төрага орун басары Руслан Жакышов менен жолугуп, долбоор максаттары тууралуу айтып беришти.
Жаш экологдор Эрнис кызы Гүлжан, Бообекова Акылай, Айдар кызы Айпери, Марлен кызы Бегайым карантинге чейин жума сайын 1-2-3-4 — класстардын окуучуларына «Тазалык өзүбүздөн башталат» аттуу экобилим сабактарын өтүп турушту. Жакын арада окуу иштери кадимки нукта жүрсө, алар башталган ишти улантууну ойлоп жатышат.
Долбоор активисттеринин көз карашында учурдагы дүйнөнү каптаган пандемия «Жашыл шаар» өңдүү долбоорлорду ишке ашыруунун турмуштук зарылдыгын көрсөттү.
— Пандемия бир жагы биздин көзүбүздү ачты. Ар кандай жугуштуу оорулардын пайда болушуна экосистеманын бузулушу себеп болорун түшүндүк. Биз, дүйнөдөгү баардык адамдар, баарынан мурун табиятты коргоп, ал жөнүндө кам көрүп, аны менен таттуу мамиледе жашаганга үйрөнүшүбүз керек, — дейт демилгечи мугалим.
Маалымат үчүн белгилей кетсек:
Улан Рыскуловдун окуучулары буга чейин «Эко-Лифт» долбоорун иштеп чыгып, борбор шаарыбыздагы акыр-чикир салынган контейнерлерди эко-лифттерге алмаштырууну сунуш кылышкан. Мындан тышкары, жаш экологдор полиэтилен баштыктарын кайра иштетип, жөнөкөй дептер тыштарынан тышкары, темир люктардын ордуна жүз жылга чирибеген бордюрларды чыгарса болорун айтып келишет.
А.Алибеков, АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010), Ж.Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (2017)
Комментарийлер