УКУКТУК АҢ-СЕЗИМ – УЛУТТУК ЫНТЫМАКТЫН ӨЗӨГҮ
- 08.12.2023
- 0
Ааламдашуу доорунда эгемендүүлүккө жаңы жетишкен, ар кандай кесепеттерди жеңүүгө ал-күчү толо элек жаш мамлекеттер үчүн өзгөчө кыйын. Аларда саясий-укуктук, социалдык-экономикалык институттар толук кандуу өз ордун таба электей. Ага учурдагы дүйнөлүк саясий кризистин, маалыматтык технологиялардын тез өнүгүп жатканы да өз таасирин тийгизүүдө.
Айрым мамлекеттер өздөрүн геосаясий жактан күчтөндүрүү үчүн өсүп келе жаткан жаш муундарга таасир этүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгууда. Мындай ыкмалар коомчулуктун аң-сезимине массалык манипуляциялык таасир берүү менен Борбор Азиядагы эң байыркы калк экендигибизге карабай, учурда элибиздин улуттук каада-салттарына жат ишенимдер пайда болуп, коомчулукта проблемаларды жаратууда.
Алардын арасында негизги мааниге ээ боло турган укуктук аң-сезимди, укуктук маданиятты калыптандыруу проблемасы да өзгөчө орунду ээлейт. Андыктан, өлкөбүздүн жарандарынын укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын калыптандыруу менен алардын коомго эффективдүү таасирин жогорулатуу маселеси эң курч бойдон калууда.
Маселен, жарандардын укуктук сабатсыздыгы, укуктук маданияттын төмөндүгү, мыйзам чыгаруу процессинин татаалдыгы, укуктук ченемдик актылардын тез-тез алмашуусу, андагы карама-каршылыктар, ошондой эле күчтүү укуктук мамлекет идеологиясынын калыптанбай жаткандыгы, укуктук нигилизм, моралдык принциптерди тануу ж.б.у.с. көрүнүштөр.
Укуктук аң-сезим, коомдук аң-сезимдин формаларынын бири катары жарандардын мыйзам актыларына болгон мамилесин, сезимдерин, эмоцияларын билдирген туюм. Мындай туюм өз кезегинде мыйзам актыларынын талаптарын ишке ашырууга карата жарандардын оң же терс реакциясынын өнүгүшүнө таасир этүү менен улуттук ынтымактын өзөгүн түзөт.
Укуктук аң-сезимди калыптандыруу – бул коомдук аң-сезимдин жамааттык акыл паразаттын кандайдыр бир жаңы деңгээлге өсүп-өнүгүшүнө көмөктөшүүчү процесс. Укуктук аң-сезим коомдук аң-сезимге рационалдуулуктун мүнөзүнүн, «акыл-эстүүлүктүн» жогорулашына жол ачат. Анткени цивилизациялуу мамлекетти түзүүчү негизги жөнгө салуучу тутум катары укуктун ролу жана баалуулугу өссө, ошого жараша укуктук дүйнө тааным да жакшырып, инсандын да, бүтүндөй коомдун да бакубат жашоо шартына айланат.
Укуктук аң-сезимдин өзгөчөлүгү — анын турмуш чындыгын калыс, туура, эркиндик призмасы аркылуу кабылдап, анан кайра жаратуусунда. Адеп-ахлактык аң-сезим курчап турган дүйнөгө өзүнүн жакшы, жамандык, адилеттүүлүк, адилетсиздик, ар-намыс, абийир, кадыр-барк деген түшүнүктөрүнүн жардамы менен баа берсе, укуктук аң-сезим укуктуу жана укукка каршы, мыйзамдуу жана мыйзамсыздыктын чектерин белгилейт. Биринчи кезекте укуктук аң-сезим жарандын укуктарын ишке ашыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталган.
“Укуктук аң-сезим” түшүнүгү “укуктук маданият” түшүнүгү менен өтө тыгыз байланышкан, ал өзүнүн көп түрдүүлүгү, көп өлчөмдүүлүгү, татаал мүнөзү менен айырмаланат. Укуктук маданият укуктук кубулуштарда болгон салыштырмалуу прогрессивдүү, коомдук пайдалуу жана баалуу нерселерди камтыйт. Ал натыйжа гана эмес, ишмердүүлүк жөндөмдүүлүгү болуп саналат жана бул мааниде руханий укуктук маданият адамдын ой жүгүртүүсү, жүрүм-турумунун ченемдери, стандарттары катары түшүнүүгө болот. Тактап айтканда, укуктук маданият – бул мамлекеттин, коомдун, инсандын жашоосунун укуктук чөйрөсү.
Укуктук маданият жалпы адамзаттык маданияттын ажырагыс бөлүгү, ал эми чыныгы маданий коом — жалпы адамзаттык руханий баалуулуктарды камтуу менен өнүккөн, коомдо иштей турган ырааттуу мыйзам актылар тутуму түзүлгөн, инсандын укуктарын коргоону камсыздаган, мыйзамдуулуктун жана мыйзам актыларын аткаруу режими өкүм сүргөн коомду чыныгы маданий коом деп таанууга болот.
Коомдун укуктук маданиятынын ал-абалын көбүнесе юридикалык билимге ээ болгон адистердин инсандын укуктук аң-сезимин калыптандырууга багытталган иш-чарага такай катышуу даражасы менен, ошондой эле алардын жеке маданиятынын деңгээли боюнча да аныктала тургандыгын белгилей кетүү абзел.
Арийне, демократиялык, укуктук мамлекетте инсандын коомдогу адекваттуулугун, мыйзам актыларга баш ийген жүрүм-турумун бир эле мезгилде моралдык жана укуктук аң-сезим аркылуу гана камсыз кылууга мүмкүн. Мындай моралдык аң-сезим адеп-ахлактык маданияттын элементи катары укуктук позицияны аныктоонун түздөн-түз ички механизми катары кызмат кылат.
Демек, укуктук маданияттын негизги кесиптик компоненттери катары кесиптик укуктук жана кесиптик адеп-ахлактык чөйрөлөр же маданият чөйрөлөрүнүн укук тартибинде өз ишинин чебери болушу жогорку кесиптик маданиятка ээ болуу дегенди билдирет.
Демократиялык жана укуктук мамлекетти курууга багытталган бардык эле коомдун турмушунда укуктук аң-сезим өтө чоң мааниге ээ. Себеби мыйзам актыларынын эффективдүүлүгү жана ошондой эле укук коргоо иш-аракети көбүнчө коомдун укукка карата психологиялык маанайынан көз каранды.
Укуктук аң-сезимди жана укуктук маданиятты калыптандыруу – бул коомдук турмуштун бардык аспектилерин камтыган татаал жана узак процесс. Маселен жогорку деңгээлде укукту билүү, коомдун турмушундагы укуктун маанисин түшүнүү укуктук аң-сезимдин дал өзү. Учурда тилекке каршы, мыйзам чыгаруучулар, саясий лидерлер, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын жетекчилери да бул жагынан жетишсиз. Бул алардын мыйзам актыларды билбегендигинде эле эмес, аны сыйлабагандыгында, мыйзам актыларын тоготпогондугунда.
Психологиялык жактан алып караганда укуктук аң-сезимдин түзүлүшү укукту калыптандырууда, аны ишке ашырууда чоң роль ойнойт, анткени, укуктук өнүгүүнүн, демократиялык прогресстин күчтүү фактору катары, же болбосо укукту трансформациялоого, реформаларга тоскоол болуу же ага болгон карама-каршылык болуп саналат. Ар бир адам социалдык статусуна карабастан “укуктук минимумду” – мыйзам актыларын милдеттүү түрдө билүүгө тийиш.
Эгерде илимий изилдөөлөр көрсөткөн жагдайлар боюнча карап көрө турган болсок, анда кыргызстандыктардын көбү мыйзам актыларын күнүмдүк жашоодо колдоно билбейт, жетекчиликке алышпайт, алар качан гана турмуштук муктаждыктар болгон учурда эстерине түшөт, ошону менен көпчүлүк адамдар укуктук нигилизмге дуушар болот. Мындай жагдайлар мыйзам актыларынын алдын алуу күчүн төмөндөтөт, аларга социалдык чөйрөдө жана чарбалык, экономикалык иш процессинде пайда болгон маселелерди адилеттүү жана өз убагында чечүүнү кыйындатат, конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди пайдалануунун натыйжалуулугуна, ошондой эле коомдук тартиптин жана кылмыштуулуктун абалына терс таасирин тийгизет.
Жогоруда аталган маселени чечүүчү тилекке каршы, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан учурда баш аламан жүргүзүп келет. Мисалга алсак, мыйзам актыларын ырааттуу пропагандалоо иши, укуктук жактан тарбиялоо, тартипти сактоо, ошондой эле калкка укуктук билим берүү маселеси. Ошондой эле айрым массалык маалымат каражаттары мыйзам актыларына, укуктук принциптерге кайдыгер мамиле жасоо менен макала-баяндамаларда укуктук деңгээлдин төмөндүгүн көрсөтүп келет. Кээ бир мамлекеттик жана саясий, коомдук ишмерлер өз билдирүүлөрүндө мыйзам актыларына каршы келген фактыларга жол берген учурлар да кездешпей койбойт.
Жогоруда аталган укуктук аң-сезим, укуктук маданият көйгөйлөрүн чечүү үчүн мамлекеттик укуктук саясат болушу зарыл деп эсептейм, мындай саясаттын негизин мыйзам актыларды чыгаруу процесстери, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомдун укуктук аң-сезиминин, укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатууга багытталган иш чаралардын түзүшү туура болмок. Мындан сырткары инсандын укуктук аң-сезимин, укуктук маданиятын көтөрүү үчүн башка укуктук аң-сезими, укуктук маданият деңгээли жогору болгон өлкөлөрдүн мисалдарын, идеалдарын, укуктук тажрыйбасын жана салт-санаасы менен тааныштыруу да абдан маанилүү. Менимче мамлекет да, коом да бул максатта укуктук тарбияны колдонуу менен бардык деңгээлде, ошондой эле түрдүү формадагы жогорку укуктук маданияттын калыптанышына кызыкдар болушу керек.
Укуктук аң-сезимдин деңгээлин жогорулатуу үчүн мамлекеттин, анын органдарынын жана кызмат адамдарынын, коомдук бирикмелердин жана башка социалдык субъекттердин ишинин өзгөчө формасы болуп саналган, укук, позитивдүү укуктук билимдер, идеялар, көз караштар, жүрүм-турум багыттары, жүрүм-турумду камсыз кылуучу мамилелер, көндүмдөр жана адаттар, укук ченемдерин ишке ашырууда активдүү турмуштук позиция, инсандардын аң-сезиминде урматтоону калыптандырууга жана бекемдөөгө багытталган укуктук билим берүү маанилүү роль ойнойт. Ал көп баскычтуу жана үзгүлтүксүз болууга тийиш.
Маселен жаш жеткинчектерди тарбиялоодо ата-эненин ролу чоң экенин белгилөө менен, билим берүү болсо жөнөкөй эрежелерди иштеп чыгуудан баштала тургандыгын баса белгилеп, укуктук ченемдерди да тарбиялоодо кеңири колдонуу керек. Ата-эне балдарга кичинекей кезинен эле эмне кылууга болбойт, эмне кылыш керек экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү. Учурда жаштардын укуктук тарбиясына көңүл буруу өтө зарыл, анткени эртеңки келечегибиз жаштар канчалык деңгээлде билим алып, тарбиялануусунан көз каранды.
Укуктук аң-сезимдин жана укуктук маданияттын деңгээлин көтөрүү, бир жагынан, инсандар менен иштөөнү, экинчи жагынан, мыйзам актыларын чыгаруу, аны аткаруу жана укук коргоо органдарынын кызмакерлерин туура тандоону камтыйт. Укуктук сабатсыздыкты жана укуктук нигилизмди жоюу – укуктук аң-сезимди жана укуктук маданиятты өнүктүрүүнүн шарттарынын бири. Коомдук укуктук аң-сезимди өзгөртүү үчүн мамлекет тарабынан тынымсыз иш-аракеттердин жүргүзүлүшү, биринчи кезекте мындай иш аракеттер коомдогу укуктук аң-сезимдин деңгээлин көтөрүүгө багытталышы керек.
Натыйжада, укуктук аң-сезим улуттук ынтымактын өзөгү катары өлкөбүздөгү калктын суроо талаптарын координациялоонун негизи жана кубаттуу стимулу, алардын биримдигинин жана тынчтыкта жанаша жашоосунун кепилдиги болгон коомдун жана мамлекеттин зарыл укуктук негизги компоненти экендигин баса белгилөөгө болот.
Чолпонкул Арабаев,
ю.и.д., профессор, КР УИА академиги
Комментарийлер