УЧУРДАГЫ ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫРДААЛДЫ ЖАНА АНЫ ТУРУКТАШТЫРУУ ЧАРАЛАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 10.08.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Анда учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана аны мындан аркы турукташтыруу боюнча чаралар талкууланды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктургандардын жана  андан каза болгондордун саны төмөндөгөнү байкалып жатканын белгиледи.

Бардык жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине тапшырма коюлуп, инфекцияны жуктурууну азайтуу жаатында чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи.

Ошону менен бирге өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдыктарды көрүү, жер-жерлердеги ооруканаларды зарыл медициналык дары-дармектер жана шаймандар менен камсыз кылуу иштери активдүү жүрүп жатат.

Кубатбек Боронов пандемиянын сабактарынын бири катары медициналык адистердин жетишсиздиги болгонун атады. Буга байланыштуу келечекте мындай абал кайталанбашы үчүн Өкмөт тарабынан тийиштүү талдоолор жүргүзүлүп, кошумча медициналык адистерди тартуу жолдору каралып жатат.

Ал ошондой эле күзгү-кышкы мезгилге даярдыктар жигердүү улантылып жатканын маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков эпидемиологиялык кырдаалдын жакшыруу тенденциясына карабастан, ишти күчөтүлгөн тартипте жүргүзө берүү керектигин өзгөчө белгиледи. Санитардык талаптар мурдагыдай эле толук кандуу аткарылышы керектигин кошумчалады. Дары-дармектер менен камсыздоо алдын-ала жүргүзүлүшү зарыл.

«Дары-дармектер менен камсыздоо маселеси Өкмөттүн туруктуу көзөмөлүндө болушу керек, анткени кырдаал күтүлбөгөндөй өнүгүп кетиши мүмкүн. Өткөн айларда байкалган дары-дармектердин жетишсиздиги биз үчүн сабак болушу керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле негизги азык-түлүктөргө болгон баанын өсүшүн талдап, аны ар дайым көзөмөлдөп туруу зарылдыгын баса белгиледи. Азык-түлүктүн баасын жасалма көтөрүп жиберүүгө жол бербөө керектигине өзгөчө көңүл бурду.

Мындан сырткары, ал медициналык кызматкерлерге эмгек акыларын жана компенсацияларды өз убагында берүү, ошондой эле ооруканаларды, мектептерди жана башка социалдык объектилерди күз-кыш мезгилине даярдоо зарылдыгы тууралуу дагы бир ирет белгилеп өттү.

Ошону менен бирге, айыл чарба өнүмдөрүн чет өлкөлүк рынокторго экспорттоону көбөйтүү үчүн фермерлерге колдоо көрсөтүүнү улантуу керектигине өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле, Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү, айрыкча бажы жана салык чөйрөсүн санариптик трансформациялоону унутпоого чакырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер