ТЫНЧТЫК КЛУБДАРЫ – БИРИМДИК ЖАНА КӨП ТҮРДҮҮЛҮК ҮЧҮН
- 10.11.2023
- 0
Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы Президенттин 2013-жылдын 10-апрелиндеги Жарлыгы менен бекитилген. Ушул Концепция Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын логикалык уландысы болуп саналат.
“2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы” КРнын Президентинин 13-ноябрь 2020-жылдагы Указы менен бекитилген.
“Кыргыз жараны” концепциясынын негизги максаты — Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жагымдуу чөйрө түзүү.
Кыргыз жараны деген ким? Бул – этностук, диний, социалдык жана региондук таандыктыгына карабастан, КРнын Конституциясына ылайык укуктары жана милдеттери бар КРнын жараны.
Кыргыз жараны деген сөз эмнеден келип чыгат? Бул термин өлкөнүн аталышы болгон «Кыргыз Республикасы» деген аталыштан келип чыгат.
Кыргыз жараны концепциясынын артыкчылыктуу багыттары:
- Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу.
- Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо.
- Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү.
- Башкаруу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышууга бирдей шарттарды түзүү.
- Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу.
Азыркы учурда тынчтык клубдары эки багыт боюнча Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо боюнча иш алып барып жатышат. Ал үчүн төмөндө көрсөтүлгөн баскычтарды басып өтүүдөбүз:
- Региондук жана этностук жамааттардын, диний конфессиялардын ж.б. кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эске алуу;
- “Кыргыз жараны” түшүнүгүн жайылтуу үчүн билим берүү, ЖМК, Интернет-ресурстары, искусство, маданият, спорт жана туризм жаатындагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу;
- Кыргызстанда иштеп жаткан маданият жана көркөм өнөр мекемелерин, анын ичинде мамлекеттик, региондук театрларды ар түрдүү маданияттын адамдарынын диалогу жана кызматташуусу, өзгө пикирлерге карата толеранттуулук идеяларын жайылтуу үчүн пайдаланууну кеңейтүү;
- Көп тилдүү, билимдүү, инновацияга жана байланыштарга ачык болгон «Кыргыз жаранынын» келбетин даңазалоо үчүн кинематография ж.б. көркөм өнөрдүн заманбап башка формаларынын каражаттарын колдонуу.
ТЫНЧТЫК КЛУБУ ДЕГЕН ЭМНЕ ?
— Тынчтык клубу — бул окуучулардын жана мугалимдердин ыктыярдуу бирикмеси.
— Жаштар менен тынчтыкты орнотуу иштерин институтташтыруунун бир ыкмасы
— Тынчтык маданиятын жайылтуу, ага тарбиялоо жана чыр-чатактарды трансформациялоо боюнча иш алып баруу.
— Мектеп администрациясы менен милдеттүү түрдө макулдашуу менен кеминде 2 мугалим жана 15 окуучу
— Жумшак көндүмдөрдү калыптандыруу жана окуучуларды чон турмушка даярдоо үчүн класстан тышкаркы иш-чаралардын бир бөлүгү.
Тынчтык клубдарынын негизги багыттары:
— «Кыргыз жараны» концепциясын жайылтууга көмөктөшүү;
— Тынчтык курууга салым кошуу;
— Өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу жана коомчулуктагы коопсуздукка көмөктөшүү;
— Тынчтык клубдарынын уюмдук дараметин күчөтүү жана окуучулардын инсандык өнүгүүсүнө көмөктөшүү
Тынчтык клубдун кандай пайдасы бар?
- Окуучуларда ийкемдүү көндүмдөр жогорулайт;
- Окуучулардын коомго аралашуусуна кеңири аянтча түзүлөт;
- Окуучулар команда менен иш алып баруу жөндөмдүүлүгү өрчүйт;
- Окуучуларда ар тараптан инсандык өнүгүү болот;
- Окуучулардын сынчыл ойлому өсөт;
- “Кыргыз жараны” концепциясын жайылтууга салым кошот;
- Окуучуларда оратордук жана лидерлик сапаттары жакшырат;
- Окуу процессинин кызыктуу өтүүсүнө өбөлгө түзөт;
- Окуучулар убактыларын пайдалуу өткөрүшөт.
Тынчтык клуб ачуу үчүн эмне кылуу керек?
Тынчтык клубуна 15 окуучудан турган команда керек жана тынчтык клубуңузга ат бериңиздер. Аны жалпы добуш берүү менен тандаңыздар же демилгени колго алгандын сунушун кабыл алыңыздар. Социалдык тармактардагы баракчаңызга ушундай ат коюуну унутпаңыз. Клубду таанымал кылуу жана анын өзгөчөлүгүн баса белгилөө үчүн клубдун аталышында “тынчтык клубу”, “клуб мира”, “peace club” деген сөздөрдү колдонуу сунушталат.
Социалдык тармактарда баракчаларды ачкыла! Силердин клубуңар көбүрөөк таанымал болуусу үчүн баракчаңарды түзүп жатканда баракчанын аталышына сөзсүз “Peace club”, “Клуб мира” жана “Тынчтык клубу” деген аталыштарды кошуп жазыңыздар. Бул сиздердин клубуңуздардын өзгөчөлүгүн белгилейт жана силерди тынчтык куруучу уюмдардын арасынан оңой таап алууга шарт түзөт. Учурда ачылган тынчтык клубдарынын баракчаларын карап көрүп чыгып, иш алып барсаңыздар болот же болбосо ар облуста ачылган тынчтык клубдары бар, инстаграм же фейсбук баракчаларына жазып кайрылсаңыздар, жардам берүүгө ар бир тынчтык куруучу же координаторлор даяр.
Тынчтык жана Өнүгүү Институту тарбынан “Тынчтык клубдары – биримдик жана көп түрдүүлүк үчүн” долбоору боюнча азыркы учурда 100дөн ашуун мектептерде тынчтык клубдары ачылып, Кыргызстан боюнча жети дубанда 35 клуб мини-гранттарды утуп алып, ар түрдүү иш-чараларды уюштурушууда.
Ал кандай иш-чаралар? Аймактык мамилени чыңдоо боюнча, социалдык абалына карабай мамилени бекемдөө, конфессиялар, этностор аралык мамилелерди чыңдоо багытында ар түрдүү иш-чараларды өткөрүшүүдө. Ош облусу боюнча 35 мектеп тынчтык клубдарын ачып, өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишүүдө. Алардын ичинен беш клуб: Төлөйкөн, Высота, Барпы, Кожоке, Төө-Моюн тынчтык клубдары 500 евролук мини-грант утуп, гранттык жана гранттык эмес иштерди алып барышууда. Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп базасында түзүлгөн “Высота” тынчтык клубу, №38 Б.Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясынын базасында түзүлгөн “Барпы” тынчтык клубу, №37 Г.Айтиев атындагы мектеп базасында түзүлгөн “Төлөйкөн” тынчтык клубдары биргеликте чоң иш- чаралады байма-бай өткөрүп келишүүдө.
“Кыргыз жараны” концепциясын жайылтуу максатында атайын “Кыргыз жараны” логотибин окуучулар арасында түшүндүрүү жана чыгармачылыктарын өнүктүрүү максатында арт-терапия өткөрүштү. Ушул үч тынчтык клубдары чоң масштабда “Мекеним менден башталат” аталышындагы флешмоб уюштурушту. Кыргызстан көп этностуу өлкө, этностор арасындагы мамилени чыңдоо, ар бир этностун маданиятын таанып билүү жана ынтымакты бекемдөө максатында “Биз — Кыргыз жараныбыз” аталышындагы достук фестивалы Ош шаарындагы Бабур атындагы театырында өткөрүштү. Фестивалда Кыргызстанда жашаган ар этностун маданиятын, үрп-адатын, ырлары тартууланып, тамак-аш көргөзмөлөрү коюлду.
Ош шаарынын жана Нарын шаарынын тынчтык клубдарынын мүчөлөрүнүн ортосунда “Ош — Нарын достук медиа көпүрөсү” уюштурулду. Андан тышкары “Кыргыз жараны” концепциясын жайылтуу менен акыл-эсти такшалтуу максатында Ош шаарынын тургундары үчүн интеллектуалдык акыл-таймаш өткөрүлүп, катышуучулар жана жеңүүчүлөр баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланышты.
Элнура АЛЕКОВА, “Төлөйкөн” тынчтык клубунун координатору
Комментарийлер