Турумкан Каримова: «ЭС АЛУУГА ЧЫГЫП, КОШУМЧА БИЛИМ АЛУУДАМЫН»

  • 12.12.2019
  • 0

Турумкан Каримова билим берүү майданында 40 жыл иштеп, ардактуу эс алууга чыкса да, үйгө жатып албай, атайын курстарга барып, билим алуусун улантууда. Ал жакында эле Кыргызстан Ислам университетинин алдындагы “Кыз куран” эки айлык кечки курсун аяктап, арабча таанып эле тим болбой, жаш устаздарга мугалимдик тажрыйбасынан да бөлүштү. Турумкан Абдрахмановна буга чейин КР Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Модистка” окуу борборунда узчулук чеберчилигин жогорулатып, “Аялдардын сырткы кийиминин тикмечиси” дасыгына ээ болгон.

Турумкан Каримова: «ЭС АЛУУГА ЧЫГЫП, КОШУМЧА БИЛИМ АЛУУДАМЫН»

“Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон”

Ардактуу эс алуудагы ардагер агартуучу узчулук чеберчилигин жогорулатууга бекеринен кызыккан жок, себеби ал жаш кезинен эле узчулук менен алектенчү. Анын далили катары, 2016-жылы “Биздин айыл” республикалык сынагында өз колу менен жасаган боз үйдүн жасалгасы үчүн Ардак грамотага татыганын атай кетсек болор. Турумкан эженин колунан чыккан кыргыз коларитиндеги азем жууркан, жер төшөктөр кимдин үйүн болсо кооздоп, көз жоосун алары бышык.

— Мен өзүм Нарындын кызымын, туулуп-өскөн айылым — Тянь-Шань районуна караштуу Дөбөлү айылы. Атам да, апам да бала окуткан адамдар эле. Бирок атам кийин мугалимдик кесибин алмаштырып бухгалтер болуп иштеп жүрдү. Мен өзүм билим алган Ленин атындагы орто мектепте окуп жүргөндө эле комсомол уюмунун секретары, математика боюнча райондук, облустук олимпиаданын жеңүүчүсү болуп, тың окуган балдардын катарында элем. Али күнчө эсимде, комсомол уюмунун секретары болуп иштеген кезимде мени иш кагаздарын сабаттуу жазууга, коомдук иштерди так аткарууга мени такшалткан устатым химия мугалими Асылкан Акитаева деген эжейим болгон,-деп эскерет окуучулук кездерин.

“Ашуудан берген отчетум”

Турумкан эже мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, 1973-1979-жылдары Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы педагогикалык институтунан математика кесиби боюнча билим алган. Ошол окууну аяктаган жылы Ысык-Көл районунун Темир айылына турмушка чыгып, Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте алгачкы эмгек жолун баштайт. Математика мугалимине орун жок болгондуктан, башталгыч класстарга сабак берет. Оторбаев Тайып, Какешов Конокбай, Айткулуев Мырзакан агайлардын,  Хапиза, Жүрсүн, Калбүбү, Бүкөн эжейлердин баалуу кеңештерин алат. Ата-эне кесибин улаган Турумкандын кайын журту да мугалимдер болгон. Кайнатасы Урманбетов Асан окуу завучу, кайненеси Мухтарова Рауза химия мугалими эле. Эки жыл ичинде агай-эжейлердин, райондук методисттин сыноосунан жогорку деген баада өтүп, такшалып, башталгыч классты окутуунун методдорун өздөштүрөт. 1981-жылы 20-августтагы педкеңештин чечими менен башталгыч класстын туруктуу мугалими деп бекитилет. Бекитилет да, ошол жерде — Эркин Керимгазиев атындагы Темир-1 орто мектебинде эс алууга чыкканча чарчабай, чаалыкпай, изденүү менен башталгыч класстын балдарына таалим-тарбия берип келди.

Айтмакчы, ардактуу эс алууга чыкканга чейин эле Турумкан Абдрахмановна С.Данияровдун коомдук фонду айыл мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн жыл сайын уюштуруп келген “Биринчи мугалим-2017” сынагында баш байгени жеңип, Москвага 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка баруу бактысына туш болгон эле. Анын жарым кылымга жакын эмгек жолунда алган сыйлыктары жеке эле бул эмес. С.Данияровдун коомдук фондунун тандоосу боюнча “Биринчи мугалим-2017” баш байгесинен кийин, “Кыргыз Туусу” гезитинин тандоосу боюнча “Кыргыздын кыраан кыздарынын катарына” илинсе, КРнын Аялдар конгрессинин «Кыргызстан аялдары» энциклопедиясынын каарманы болду.

— Кыргызда “Аты атаса – куту сүйүнөт” деген жакшы сөз бар, ансыңары, адам баласы өзүнүн басып өткөн өмүр жолуна баа-ченемди аткарган иштери аркылуу өлчөйт турбайбы, жогоруда аталган сыйлыктар мен үчүн өтө баалуу да, ары сыймыктуу да. Демек, мен өмүрүмдү текке кетирбептирмин деп эсептейм. Ага чейин деле райондук, билим берүү бөлүмүнүн, Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталарына, алкыштарына татып келгем деңизчи, бирок канчалык өр ашып өйдөлөгөн сайын өтөлгөлүү өмүр сүрүп келатканыңдын баасы ушундай, соңку жыйынтыктоочу чейректерде билинет окшобойбу,-дейт Турумкан Абдрахмановна жылмайып.

Турумкан Каримова: «ЭС АЛУУГА ЧЫГЫП, КОШУМЧА БИЛИМ АЛУУДАМЫН»

Калыстар тобу менен «Биринчи мугалим» сынагында.

КРнын билим берүүсүнүн отличниги , дасыккан тажрыйбалуу мугалим өзүнүн 40 жылдык иш тажрыйбасына таянып: «Эне тил — улуттук идеологиянын өзөгү» (2008),  «Тест тапшырмаларынын түрлөрү» (2009), «Даярдоо класста балдардын сөз байлыгын өстүрүү» (2010), «Башталгыч класстарда кыргыз тилинен жат жазуу жумуштарын жүргүзүүнүн технологияларын өнүктүрүү» (2011), «Мектепке инновацияларды  киргизүү жана башкаруу» (2012) деген эмгектерин жазган.

Сабак берүү менен гана чектелбестен, коомдук иштерге да жигердүү катышып, 1982-1991-жылдары мектептин кыздар кеңешинин төрайымы, 1991-1999-жылдары педагогикалык кеңештин катчысы,  1994-2001-жылдарда кесиптик уюмдун катчысы, 2015-2017-жылы мектептин башталгыч класстарында USAID «Бирге окуйбуз» долбоору боюнча ментору, катчысы болуп иштеди. Райондук, облустун алкагында өткөрүлгөн бир катар маданий иш-чаралардын жеңүүчүсү болгон. Алардын бири — 1986-жылы «Ак мөөрдүн» ролу үчүн сыйланган грамотасы өзү үчүн өзгөчө сыймыктуу.

Жолдошу Абдыкадыр менен 41 жыл бирге өмүр сүрүп, Анварбек, Алмазбек, Акжолбек аттуу үч уулду тарбиялап эрезеге жеткиришти. Камила, Байэл, Анелия аттуу үч сүйкүмдүү неберенин бактылуу чоң  энеси. Уучубуз дагы улансын деп, ууз тилек менен дагы небере күтүп турушкан чактары.

Адамга билим алып, өнөр үйрөнүү эч качан кеч эместигин сөзү менен эле эмес, иши менен да далилдеген Турумкан Абдархмановнага кааларыбыз – ушуну менен жетишет деп токтотуп койбой, ар кыл өнөр үйрөткөн билим алуусун мындан ары улантып, өзү курактуу айымдарга эле эмес, жаштарга да үлгү болуп  жүрө берсин демекчибиз.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер