«ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МЫКТЫ ТАЖРЫЙБАЛАР» СЫНАГЫ

  • 26.09.2022
  • 0

ЮНЕСКО «EdNet» билим берүүнүн сапатын камсыздоо агенттиги менен биргеликте Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү (ТӨБ) темаларын билим берүү жараяны менен айкалыштыруу жаатындагы мыкты тажрыйбалар боюнча мектеп мугалимдеринин арасында сынак өткөрүүдө.

Сынакка Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан мектеп мугалимдери катыша алат.
Сынактын мөөнөтү: биринчи этап – матриалдарды кабыл алуу 2022-жылдын 30-сентябрь, саат 23:59га чейин.
Эң жакшы жыйынтык көрсөткөн 20 катышуучу ноутбук жана башка баалуу сыйлыктарга ээ болот.
Сынактын шарттары тууралуу кененирээк маалымат: https://www.accreditation.asia/news/33 (НМ)

Жобо орус тилинде

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Бөлүшүү

Комментарийлер