ТООЛУУ АЙМАКТАР КАНТКЕНДЕ ТУРУКТУУ ӨНҮГӨ АЛАТ?

  • 26.04.2023
  • 0

ТООЛУУ АЙМАКТАР КАНТКЕНДЕ ТУРУКТУУ ӨНҮГӨ АЛАТ?

Бул туурасында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана жашыл экономика” деген аталыштагы эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясында кеңири сөз болду. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева, КР географиялык коомунун президенти Саламат Аламанов жана Беларуссия, Казакстандан келген окумуштуулар  катышты. 

Иш-чаранын пленардык жыйынында   Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов конференциянын катышуучуларына Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 21-сентябрында болуп өткөн БУУнун Генассамблеясынын 76-сессиясына жөнөткөн видео кайрылуусунда 2022-жылды “Тоолордун эл аралык жылы” деп жарыялоо жөнүндө сунуш киргизип, 2027-жылы “Бишкек+25” деген Глобалдуу саммит өткөрүү демилгесин көтөргөнүн билдирип, тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.

Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын жүрүшүндө   КУУ менен КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы «Адал-индустрияны өнүктүрүү боюнча борбор” мамлекеттик мекемеси жана   «Экотехнолоджис» ЖЧКсынын ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу аземи өткөрүлдү. Конференцияда аталган темага байланыштуу кеңири изилденген баяндамалар жасалды.    Конференциянын аягында “Тоолуу аймактарды туруктуу  өнүктүрүү жана жашыл экономика” Эл аралык илимий-практикалык конференциясынын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды. Төмөндө  резолюциянын текстти менен таанышып коюңуз.

Тоолуу аймактарды туруктуу  өнүктүрүү жана жашыл экономика” Эл аралык илимий-практикалык конференциясынын жыйынтыгы боюнча резолюциясы

Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүүнүн маселелери илимий изилдөөлөрдүн фундаменталдуу темаларынын бири. Анткени жашыл экономика өлкөнүн, анын жарандарынын туруктуу өнүгүүсүнүн, гүлдөп-өнүгүшүнүн негизи болуп саналат. Ал жашоонун бардык мезгили менен мейкиндиктерине таасирин тийгизет. Жашыл экономика  XXI кылымдын эпикалык чакырыгы — бул жашыл жана гумандуу ой жүгүртүү. Ал жаратылыштын опурталдуулугун жана аялуу экендигин адамдардын акылы менен жүрөгүнөн өткөрүп түшүнүшү, ошондой эле жер-эненин  ресурстарын сарамжалдуу пайдалануусу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан жаратылыштын демин, үнүн тыӊшап, добуш — шооратын угуп, мыйзамдарын ак дилден, чыӊ пейилден сыйлап, аны менен ырыс алды ынтымакта жашоонун зарылчылыгына өсүп келе жаткан жаш муундарга үйрөтүү, тарбиялоо үй-бүлө институтунан башталып, өмүр бою адамдын көкүрөгүнө акыл-эсине сиңирүүгө, андан соң өнүгүүгө жана бекемделүүгө тийиш экендиги адамзаттын  жер үстүндө аман-эсен жашап калуусунун көйгөйү жана феномени.

Бул маселени чечүү үчүн 2023-жылдын 19-апрелинде Кыргыз улуттук университетинде “Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана жашыл экономика” Эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Климаттын өзгөрүшүнүн орун алып жаткан кесепеттери, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн чечимдерди табуу жана жашоонун туруктуу, «жашыл» принциптерине активдүү өтүү зарылдыгы жөнүндө ойлонуу бир өлкөнүн масштабында гана эмес, бүтүндөй тоолуу аймактарды камтышы зарыл. Экономикалык өнүгүүнүн учурдагы моделин туруктуу өнүгүү моделине которуу процесси бардык кызыкдар тараптардын активдүү катышуусун жана координациясын талап кылаарын баса белгилей кетүү керек. Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүдө жана мамлекеттин «жашыл» саясатын иштеп чыгууда жана аны ишке ашырууда жигердүү позицияны илимий изилдөөлөр ээлейт.

 Катышуучулардын кеңири географиясы конференциянын темасынын жана анын алкагында каралып жаткан маселелердин актуалдуулугун тастыктайт. Конференцияны ректорат жана география, экология жана туризм факультети уюштурду. Конференцияны КУУнун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор, КРнын УИА корреспондент-мүчөсү Т.Абдырахмановдун жетектөөсүндо өттү. Конференцияга Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн изилдөөчүлөрүнөн темага байланыштуу ар кандай  багыттар боюнча 150дөн ашык илимий докладдар кабыл алынды. Баяндамалардын жана баяндамалардын темаларында тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн ар түрдүү жана актуалдуу маселелери жана жашыл экономикага өтүү жолдору каралды. Конференцияга келип түшкөн докладдардын материалдары «КУУнун жарчысы» илимий-билим берүү журналында жана vestnik.knu.kg сайтта жарык көрөт.

Конференциянын катышуучулары бул иш-чараны уюштуруунун жана өткөрүүнүн жогорку деңгээлин белгилешти. Пленардык, секциялык отурумдардын жана талкуулардын жыйынтыктары боюнча Конференция төмөнкүлөрдү сунуш кылат:

— Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштууларын, экономиканын бардык тармактарынын өкүлдөрүн жана чет өлкөлүк окумуштууларды тартуу менен тыгыз илимий кызматташтыкты жүргүзүү жана тоолуу аймактарды жана жашыл экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү илимий — изилдөөлөрдүн актуалдуу проблемаларын аныктоо;

— туруктуу өнүгүүгө жана табигый капиталды сактоого көмөктөшүүчү жашыл өсүү саясатын күчөтүү;

— жашыл экономиканы киргизүү контекстинде мамлекеттик саясатты өнүктүрүүнүн жана ченемдик — укуктук базаны түзүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;

— студенттер арасында жашыл ой жүгүртүүнү, жашыл билимди, жашыл билим берүүнү өнүктүрүү;

— университеттердин жамаатын жашыл инвестицияларды жана айлана-чөйрөгө глобалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн гранттарды тартуу боюнча иш — чараларды күчөтүү;

— жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жаатында секторлор аралык жана региондор аралык илимий — изилдөөлөрдү жана иш-чараларды кеңейтүү жана чыңдоо;

— экология, жаратылышты коргоо маселелери жана жашыл экономика боюнча адистерди даярдоо жагынан бакалаврларды, магистранттарды, PhD программаларын иштеп чыгуу жана окуу процессине киргизүү, о.э., бул багытта аспиранттарды, докторанттарды даярдоо;

— Конференция ЖОЖдордун бирдиктүү илимий жана билим берүү мейкиндигин калыптандыруу боюнча аракеттерин колдойт жана жашыл экономика тармагында кызматташууга, академиялык мобилдүүлүккө, тажрыйба жана алдыңкы технологиялар менен алмашууга багытталган чараларды ишке ашырууну улантуу зарыл деп эсептейт. Өткөрүлгөн конференция тоолуу аймактарды жана жашыл экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө, экологиялык билим берүү менен тарбиялоо жагынан мамлекеттик саясаттын концепциясынын  тактикасы менен стратегиясын өркүндөтүүгө өз үлүшүн кошот. Конференция жашыл экономика принциптеринин жетишкендиктери жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча тажрыйба жана маалымат алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат жана жакынкы жылдарда университеттин жамаатын туруктуу «жашыл»  тоолуу аймакты өнүктүрүүдө  интеграция багытында иштөөгө түрткү берет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер