ТООДОН ТҮЗҮЛГӨН КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ

  • 17.04.2020
  • 2

Кемин районундагы Кичи-Кемин айылынан жогору тоо этектериндеги мал кашарларда жашаган окуучулар мугалимдери менен кайтарым байланышты өздөрү атап алган «Билайн чокусуна» чыгып, түзүп жатышат.

“Мен жылкычы, сен чабан, кыйкырып добуш үн салам” деп Ашыраалы Айталиев атабыз ырдамакчы, кереметтүү Кеминдин тоолорунда мал баккан малчы-чабандар дүйнө менен байланышты дөбөгө чыгып түзүшөт.

ТООДОН ТҮЗҮЛГӨН КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ

Айрыкча, Кичи-Кемин айылынан жогору тоо этектериндеги отузга жакын мал кашарларынан жай турмушта 14 бала түзгө каттап окучу, аларды ата-энелери мектепке эч кыйынчылыксыз эле, машинелери менен зуулдатып жеткирип коюшчу. Эми минтип карым-катнашка чектөө киргизилип турганда, балдар интернет кармаган дөңгө “зуулдап” чыгышып, мугалимдерине аткарган тапшырмаларын жөнөтүп жатышат.

ТООДОН ТҮЗҮЛГӨН КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагуль Тулебаеванын айтымында, ал жакта интернет гана жок болбосо, тоолуктар спутник аркылуу дүйнөнү түгөл көрүп турушат.

— Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу, ар бирибиз жай-жайыбызда отуруп окуп-иштеп жатканда, биздин тоолуу аймактардагы балдардын окуулары үзгүлтүккө учурабашы үчүн болгон аракеттерибизди көрүп жатабыз. Бул иште эң биринчи эне-аталар жардамдашууда. Бизде алыскы тоолуу аймактар бар эмеспи, мисалы, Кичи-Кемин айылынын үстүндөгү тоо боорунда көптөгөн мал кашарлар бар. Алсак, Кер-Табылды суусунун жээгинде, Ак-Таш коктусунда, Кара-Булуңда, Боом капчыгайында жайгашкан мал сарайлардан балдар түздөгү мектепке каттап окушат. Тоодо жайгашкан менен, алардын баары спутник антенасын орнотуп алышкан. Бир гана интернет жок. Балдар үйлөрүнөн телесабактарды көрүшүп, тапшырмаларды аткарган соң, интернет тарткан дөбөгө, өздөрү тамашалап атап алган — “Билайн чокусуна” чыгышып, жоопторун мугалимдерине вотсап аркылуу жөнөтүп жатышат-дейт Айнагуль Абдрашитовна.

Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде жалпысынан 536 окуучу окуйт. Ушул окуучулардын баары учурда аралыктан окуу сабактарына тартылып, үзгүлтүксүз билим алып жатышат.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер

Дуйшөналы / 21.04.2020 13:39
1. Чыныгы кайтарым байланыш мугалимдин жана окуучунун ортосундагы жан- дүйнөдөн, жүрөктөн чыккан, инсанды кадырлап колдогон мамилелер аркылуу, сый - урматты пир туткан карым-катыштан келип чыккан кызматташуу болгон учурда ишке ашат. Кайтарым байланыш билим берүүнүн, өнүктүрүүнүн, адам дүйнөсүнө багыттоонун негизин түзөт. Билим социалдашып баланын, коомдун келечегине кызмат өтөйт. 2. Ал эми кайтарым байланыштын формалары көп түрдүү аны менимче бардык мугалимдер жакшы билишет. 3. Кайтарым байланыштын белгилери: окуучунун тартынбай пикир алышуусунун, жылмайган жүзүнөн, мугалимге жашырып сунган алма, конфеттерден, ал эми ата-энелердин чогулушка активдүү катышуусунан, ой бөлүшүүсүнөн, мугалим жасаган жеке мамилесинен, пикирлеринин билсе болот. Башка атайын формалары бар бирок алар жан дилден эмес ( сурамжылоо ж.б.). Көбүнчө формалдуу эмес жолгушууда ж.б.
Айжан / 20.04.2020 08:38
Кемин билим беруу болумунун ишине ийгилик!