ТОКСОНДУ ТООРУСА ДА ТЫНЫМ АЛБАГАН ДАНАГҮЛ ЭЖЕЙ

  • 12.04.2018
  • 0

Алымкулова Данагүл Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын кадырлуу аксакалы, жаштардын кеңешчиси жана эң негизгиси окуучулардын сүйүктүү, ардактуу мугалими. Айылдаштары, өзгөчө ал окуткан окуучулары Данагүл эжейди алыстан көрсө чуркап келишип, эжейим деп учурашып, бара жаткан жерине жеткиришип, той-топурларда төргө отургузуп алып сыйлашат. Анткени ал ушундай сыйга арзыган адам. Ал бир айылдын алгачкы мугалимдеринин бири, Эмгектин ардагери, Кыргызстандын Ардактуу айымы, Билим берүүнүн отличниги.   

ТОКСОНДУ ТООРУСА ДА ТЫНЫМ АЛБАГАН ДАНАГҮЛ ЭЖЕЙ

Жакында эле Данагүл эжейдин Бишкекке келгенин угуп, жарым кылымдан ашык өмүрүн бала тарбиялоого арнаган мугалим менен жакындан таанышып,  баарлашып келүү максатында окуучуларынан дарегин алып үйүнө барып калдык. Эшикти небереси ачты. Өзү болсо ашканада журналисттер келет деп тамак жасап жатыптыр. Эжейдин кыймылын көрүп аны сексен сегизде деп эч айта албайсың. Жылдыздуу, баскан-турганы шайдоот, сүйлөгөнү орчундуу, өз курагынан алда канча жаш көрүнгөн адам экен. Эжей биз менен мурда тааныш кишилердей эле учурашып, сүйлөшүп кетти. Дароо эле дасторконго отуруп, чай үстүндө баарлаштык.

Данагүл эжей өзү Нарындын кызы экен.  Балалык кези согуш учуруна туш келип, мектепти эптеп бүтүрүп, Нарындагы педагогикалык окуу жайына тапшырат. Окуу жайды аяктап жатканда өзү менен чогуу окуган Тоту аттуу жигит менен баш кошуп, Казарманга келишип, Чет-Булак айылындагы мектепте жолдошу экөө тең башталгыч класстын мугалими жана мугалим жетишпегендиктен кошумча өзү кыргыз тилинен, жолдошу география сабагынан берип, эмгек жолун бирге башташып, ийгиликтерди бирге багындырышат.

  • Согуштан кийин эл кыйналып турган кезде иштеп баштадык. Кыш келгенде көп балдар бутунда өтүгү жок сабакка келе албай калышар эле. Ошондой балдарды үйүнө барып окутчубуз. Менин классымда беш жетим бала бар болчу. Алардын атасы согуштан, энеси ачкадан каза болуп калган. Ошолорду Масарал деген кишиге багып бериңиз деп беришкен. Бир жолу сабакка келбей калган жетимдерди издеп үйүнө бардым. Масарал байке балдардын кийимин битинен арылсын деп эшикке жайып коюптур. Балдар үйдө, кире бер дегенинен оюмда эч нерсе жок кирип барсам, самандан балдардын баштары эле чыгат. Чочуп кетип кайра качып чыксам, атасы “кийиминдеги биттер өлсүн деп чечип алып жайып салгам, башка кийими жок болгондуктан жылаңач самандын арасында уктап жатышат, коркпой эле кире бер” дейт. Коркуп калган жаным кайдан окутмак элем, түз эле директорго жөнөдүм. Үйүнө барбай эле коеюнчу деп ыйлап келдим. Директор болсо сен эрте барып алган турбайсыңбы, кечирек барып жүр, балдар турган кезде деди. Ошондон кийин кечирек барып окутуп жүрдүм. Кийин жаз чыкканда аларды балдар үйүнө алып кетишти, — дейт Данагүл эже биз менен кошо күлүп. – Негизи 17 жашымда мектепте иштеп баштадым. Мен окута турган класста менден 4-5 жаш улуу кыздар, балдар бар экен. Биз барганда жетинчини бүткөн кыздар кийинки эле жылы турмушка чыгып кетип жатышты. Анан бат эле жолдошум Бирдик айылына башкарма болуп барып калды. Ошондо мен окуткан эки кыз өрлүктөп  келип калышса болобу. Байкуштардын кашка тиштери түшүп, кемпир болуп калышыптыр. Мен ушул кыздарды окуткам десем, кошуналарым буларың тиши түшүп кемпир болуп калышса, сен жапжаш эле болуп турасың, кантип окуттуң эле деп таң калышат. Көрсө алар мектепте окуп жүргөндө менден бир топ эле улуу кыздар экенин ошондо билдим.

Көп өтпөй жолдошу Мойдунов Тоту райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор болуп иштеп калат. Убакыттын өтүшү менен жогорку билим алуу керектигин түшүнгөн жаш жубайлар борборго кетүүнү чечип, биринчи жолдошу Улуттук университетке тапшырат. Үч жылдан кийин Данагүл эжей жолдошунун артынан келип, бирок экинчи кызын төрөп калгандыктан жогорку окуу жайга тапшыра албай калат. Жаштайынан зирек кыз шаарда жүргөн убакытысын текке кетирбей, эки баланы багып жатам деп шылтоолобой тигүүчүлүк курстан окуп алат. Кийин бул алган билиминин үзүрүн көрүп, бир топ жыл мектепте кол эмгектен дагы сабак берет.

Ошентип, жолдошу университетти аяктары менен кайрадан айылга барышып, Тоту агай мектептин директору болуп дайындалат. Үч жылдан кийин Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы андан кийин Кызыл-Жылдыз колхозунун башкармасы болуп иштейт. Эки жылдан соң  Алматыга Партшколго жөнөтүлүп, ал жакты бүтүп келгенден кийин артта калган колхозду көтөрөсүң деп Ак-Талаадагы Тоголок Молдо айылына жөнөтүлөт.

  • Жолдошум ошол жерде 11 жыл иштеди. Ал кайда жүрсө мен дагы ошол жерде болдум. Кээде жолдошума сенин тапканы деле жетип жатат, иштебей эле койбойунбу десем, ал мени тыйып койчу. Мугалимдикти таштаба, бул ыйык кесип, заман өзгөрөт, ошондо кереги тийет дечү. Ошентип, жолдошумдун шыкагы менен мектепти такыр таштаган жокмун. Азыр жолдошума ыраазы болуп калам, — дейт Данагүл эжей.

Биз Данагүл эжейдин үйүндө эки саатка жакын болдук. Жакшы киши менен сүйлөшүп отурсаң кадимкидей эс алып, чериң жазылат эмеспи. Данагүл эжейдин жаш кезиндеги башынан өткөргөндөрүн, окуучуларынын кылык-жоруктарын угуп отуруп  биринчиден, убакыттын кандай өткөнүн байкабай калсак, экинчиден, кадимкидей рахат алып, мугалимдик кесиптин ыйыктыгына, улуулугуна дагы бир жолу ынанып чыктык. Анткени эжейдин айтып берген тээ 60-70 жыл мурунку окуткан окуучуларынын кылык-жоруктары, алардын ушул күнгө чейин көрсөтүп жаткан сый-урматы бизди таң калтырбай койгон жок. Азыр да үйүнө чейин барып, отунун жарып, суусун ташып берип турган окуучулары дагы бар экен.

  • Жыргалбек деген бир абдан тентек бала бар эле. 1-класста партага отурганды билчү эмес. Балдарга сабак өтүп жатсам жөн отурбай тебетейин тегеретип алып, трактор кылып айдачу. Өзүнөн дагы кийин чоңойгондо ким болосуң десем, тракторист болом дечү. Кийин кышында Тогуз-Торого баратып жолдон күрткүгө тыгылып калдык. Эмне кылабыз деп турсак, бир трактор келе жатыптыр. Бирок ал жаныбызга жеткенде кол булгаласак дагы токтобой кетип калса болобу. Бир топ барып анан кайра бурулуп келди. Карасам баягы тебетейин айлантып трактор кылып айдаган Жыргалбегим экен. Сүйүнгөнүмдү айтпа. Аны эмне үчүн токтобой кетип калдың десем, уялдым эжей дейт. Кийин айылга барганда атайын учурашам деп келиптир. Байкуш көпкө чейин келип отунумду жарып, эшигимди тазалап кетип жүрдү, — дейт ардагер мугалим.

Данагүл эжейди мындан башка дагы үйүнө чейин издеп келип, учурашып, ал-абалын сурап турган окуучулары көп. Ал тургай балдарынын, неберелеринин тойлоруна чакырып, көчөдөн көрүп калса айланып өтпөй, кучак жайып көрүшүп,  өзүнөн улуу окуучулары болсо эжейим деп төр берип, сыйлап келишет. Мына ушундай чыныгы мугалимдин эмгеги дагы өз учурунда бааланбай калган эмес. Ал Лениндин жүз жылдыгына карата  «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы,  “Эмгектин ардагери” медалы, “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган, КР Ардактуу айымы.

Каарманыбыз пенсияга чыккандан кийин дагы тыным албастан сексен баштуу боз үй жасап, Манастын 1000 жылдыгында, Курманжан Датканын 200 жылдыгында, Токтогулдун 125 жылдыгында, Тоголок Молдонун жүз жылдыгында тигип, бир катар байгелерди утуп алган. Данагүл эже токсон жашка чукулдап калганына карабастан азыр дагы жаны тынбай ошол боз үйүн жай айында өтө турган көчмөндөр оюндарына даярдап жаткан кези экен.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”   

Бөлүшүү

Комментарийлер