ТИЛИБИЗДИ БИРИМДИКТЕ САКТАЙЛЫ!

  • 20.09.2022
  • 0

Кыргыз тили кылымдардан куралып,
Кыргыз тили бизге жеткен бул анык,
Манас атам сактап келген бул тилди,
Маңкурт болбой сактайлычы сураныч!

Кыргыз тилин илгертен бери жайылтып, таанылтып келген ата бабаларыбыз тилибизди аздектеп, сөзгө келсе сөздү таптап, өз орду менен сүйлөп келген. Ал эми төкмө акындарыбыз өздөрүнүн ыры менен тилибизди даңктап келет. Мисалы: «Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол», — демекчи, акындарыбыз көөкөр комуздары менен не деген айтыштарда жеңишке ээ болуп келген. Албетте, кыргыз тили аркылуу көлөмү жагынан баарынан бийик турган ‘Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору жаралган. Жада калса, «Манас» эпосубуз казак элинин «Алпамышы», гректердин «Иллиада», «Одисеясынан» да жогору тураары баарыбызга маалым. Ушундай зор эпостордон куралган тилибиз чынында көөнөрбөс кенч, өчпөс дөөлөтүбүз урматуу замандашым!

«Кыргыз тилим — менин дилим», — деп бекеринен айтылган эмес. Тилибиз ар бирибиздин дилибизде болсо гана, аны таза кармай алабыз. Демек, тилибизди ар дайым бийик тутуу — ыйык милдетибиз!
Кыргыз тили 1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик тил болуп жарыялганган. Албетте, тилсиз улут болбойт демекчи, мамлекеттин жүзү анын тили.  Тилибиздин мамлекеттик тил болушуна быйыл 33 жылдын жүзү болуп олтурат. Мына ошонон бери тилибизди барктап өздөрүнүн калеминде не деген дастандарды ырларды жараткан акын-жазуучуларыбыз аз эмес. Алардын бири тилибизди бүт дүйнөгө тааныткан бул Ч.Айтматов. Ал өз чыгармалары менен кыргыздын атын, кыргыз тилин таанытты. Анын тилибизге кошкон салымы ар бирибизди сыймыктандырат. Тилибиз жөнүндө канчалаган макал-ылакаптарыбыз да бар. Атай кетсек: «Тил — улуттун жүзү», «Тил билсең — дил билесиң», «Тилим менин байлыгым», «Баш кесмек бар — тил кесмек жок». Айта берсек түгөнчүдөй эмес. Бирок, азыркы заманыбыз да четке кагып койбой турчу көйгөй — бул жаштарыбыздын көөбү өз тилинде сүйлөбөй орус, англис, немес тилиндеринде сүйлөшүп. Өз жерибизде болсо да орусчалап байланышат. Кыргызстанда жашап кичинесинен орус бала бакчасында тарбияланы,  орусча сүйлөгөндөр көбөйүүдө. Бул нерсеге ким күнөөлүү ата-энеби же коомбу? Айтор, талаш маселе.

«Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,
Өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм», — демекчи, ар бир инсан үчүн өз тили чоң роль ойнойт. Мен үчүн да менин кыргыз тилим эбегейсиз зор мааниге ээ. Элибиз үчүн, жерибиз үчүн, мына ушул кыргыз тилибиздин түптөлүшү үчүн нечендеген согуштарда курман болгон ата бабаларыбыздын урматына  кыргыз тилинде сүйлөйлү. Тилибиз, элибиз үчүн өз жүрөгүн дзотко тоскон Чолпонбайдай баатырларыбыз үчүн тилибизди сүйөлүчү! Оо! Тилим, жаным сага курман. Тилибизди биз кадырлап сүйлөбөгөндө, анан ким сүйлөмөк эле. Өз тилибизди өзүбүздө кор кылбай, өзгөлөр алдында зор кыла турчу мына бизбиз! Кыргыз тили кырманда калчу тил эмес. Илгери, чоң энем айтчу: «Тилин унуткан бул макуртчулук», — деп. Биз маңкурт болбойлучу. Тилибизди биримдикте сактайлы! Аны көздүн карегиндей кастарлайлы.

Урайымжанова Гүлзада,

Баткен району, Муса Кадыр орто мектебинин мугалими

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер