ТИКТОК: ПАЙДАБЫ ЖЕ ЗЫЯНБЫ?

  • 02.12.2022
  • 0

Тилекке каршы, социалдык тармактардын арасынан ТикТок тиркемесин колдонгондордун көпчүлүгү кызыктуу контент, хайп жаратуу үчүн кыргыз менталитетине, этикага туура келбеген, маданиятсыздыкты чагылдырган видеолору менен элдин кыжырын келтирүүдө. Алардан айырмаланып 18 жаштагы Элдар Жанкожоев ТикТокту максаттуу пайдаланып, ал аркылуу балдарга англис тилин үйрөтүп, акча таап, ал тургай чоң окуу борборун ачып, жаш  ишкерге айланды.   

ТИКТОК: ПАЙДАБЫ ЖЕ ЗЫЯНБЫ?

 

Кичинекей кезинен англис тилине кызыгып, көптөгөн олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп келген Элдар Жанкожоев Ош шаарындагы №14 Каныбек Алтыбаев атындагы орто мектепти аяктаган. Учурда Американын Вашингтон штатындагы Bellivue шаарындагы “University  Washington” университетинде IT тармагында билим алат.

  • 2019-жылы тактап айтканда, 9-класста окуп жүргөндө “Flex” программасы аркылуу Американын мектептеринин бирине окууга өтүп, 12-класста бир жыл билим алдым. Кыргызстанга барганда кайрадан 11-классты Оштогу өзүм окуган мектепте аяктадым.  Мектепти бүтүп жатканда кыялымдагы окууга өткөндүгүм тууралуу кат келип, май айында учуп келгем. Өзүмдүн окуу борборумду, окуучуларымды таштап, тобокелдикке салып башка мамлекетке көчүп келүү мен үчүн кыйын болду. Буюрса, Америкадан топтогон тажрыйбам менен Кыргызстанга барып бөлүшөм, — дейт Элдар.

 

Жаш ишкер ТикТок аркылуу англис тилин үйрөтүп, өзүнө окуучу топтой алган жана видеолору популярдуу колдонуучу. Ал алгач англис тилин үйрөтүүнү ТикТоктон баштап, кийин окуу борборун түптөгөн. Тиркеме аркылуу англис тилин үйрөтүү идеясы Америкада окуп жүргөндө жаралып, алгач он беш секундалык кыска видеолорду тартып баштаган.

  • Алгач бир сөздүн англис тилиндеги туура айтылышын үйрөтчүмүн. Кийин ТикТокко бир мүнөттүк видео тартуу мүмкүнчүлүгү берилгенде күн сайын бир теманы тереңирээк үйрөтүүгө өттүм. Видео үчүн атайын “Zoom” тиркемеси аркылуу өткөн бир сааттык сабагымды кыскарттым. Бирден видеону күнүгө үзгүлтүксүз киргизчүмүн. Мисалы, бир күнү унаанын тетиктери тууралуу сөз кылсам, экинчи күнү башка темаларда сөз болот, — дейт жаш ишкер.

ТИКТОК: ПАЙДАБЫ ЖЕ ЗЫЯНБЫ?

Элдар башында жаштарды билимге, чет тилин өздөштүрүүгө үндөгөн ТикТоктогу сабагы үчүн акы алган эмес. Тил билүү деңгээлин баалап, жеке кат аркылуу окутууну сурангандар көп кайрыла бергенде  айрымдарын 150 доллардан 250 долларга чейин акы алып окута баштаган.

  • Менден окууну каалагандар ушунчалык көп болгондуктан, өзүмдүн убактым жетпей баштаган. Ошондо үй-бүлөм менен кеңешип Ош шаарында “Hello” аталышындагы окуу борборун ачтык. Кийин Ноокат, Жалал-Абадда да филиалдарды ачтык. Бүгүнкү күнү Ноокаттагы филиалды жабууга туура келди, калган аймактагы борборлор иштеп жатат. Борбордо жогорку квалификациялуу, жалаң чет жерде билимин тереңдеткен Кыргызстандагы алдыңкы мугалимдер сабак берет, — дейт Элдар.

ТИКТОК: ПАЙДАБЫ ЖЕ ЗЫЯНБЫ?

 

Жаш ишкердин борборунда эки жыл аралыгында 800 жакын окуучу билим алып, азыркы тапта 300 окуучу чет тилин өздөштүрүп жатат. Элдар окуусуна байланыштуу борборлоруна толук кандуу көңүл бура албагандыктан, азыр апасы иштетүүдө. Ал жакта жогорку квалификациялуу, чет жерде билим алган мугалимдер сабак бергендиктен, бир баласын жаздырып кеткен ата-эне сөзсүз экинчисин ээрчитип келет.

 

ТИКТОКТУ ТУУРА КОЛДОНОЛУ

Психолодордун айтымында, ТикТоктун өспүрүмдөрдүн психологиясына таасири чоң. Ал аркылуу чоң суммадагы каражат таап жаткан блогерлерди көргөн өспүрүмдөр эмгектен качып, Тик Токту оңой акча табуу булагы катары кабыл алат. Бирок андан тапкан киреше  видеонун популярдуулугунан көз каранды экендигин, блогерлер арасында да атаандаштык күчтүү болорун эске алышпайт. Өспүрүмдөрдүн психикасынын түзүмү туруксуз, аналитикалык жөндөмдүүлүгү жаңыдан өнүгүп келе жаткандыктан, өз алдынча анализ жүргүзүп, талдап көрө албайт. Ошол себептен, xайп жаратып популярдуулукка жетүү максатында колдонулган, кыргыз менталитетине туура келбеген, тарбиялык мааниси жок видеолорду да көрө берет. Мындан улам баалуулуктары өзгөрүп, аң-сезими башка нукка бурулат. Окуучулардын билимге болгон кызыгуусу жоголуп, окуусунда аксаганы байкалат. Убактысынын көбүн ТикТокко арнайт. Интернеттеги терс көрүнүштөгү видеону өзү да кайталап көрүүсү келет. Бирок каалаган адам видеосун көчүрүп алууга мүмкүн болгондуктан, өзүнүн кадыр-баркын түшүргөн видеолорду биротоло ТикТоктон өчүрүп салуу мүмкүн болбой каларын эске албайт. Тиркеме аркылуу педофилдерге, суицидге түрткөн адамдарга да кабылбоосуна эч ким кепилдик бербейт.

Элдар өнүккөн өлкөлөрдө ар бир адам үчүн убакыт абдан маанилүү болгондуктан  социалдык тармактар Кыргызстандагыдай популярдуу эмес экендигин айтат.

— Американын эли алдын ала жазылган пландын негизинде гана иш алып барат. Уюлдук телефонду жакшы мүмкүнчүлүктөр үчүн гана колдонот. Мисалга алсак, телефондо отуруп иштөө, акча табуу жана башкалар үчүн. Мектеп жана жогорку окуу жайларда уюлдук телефон колдонууга такыр уруксат берилбейт. Эгерде колдонгон учурлар катталса,  уюлдук телефонун окуу жылдын аягына чейин алып коюуга укугу бар. Окуучулар коңгуроо убагында 15 мүнөт гана ата-энесине же башка жакындарына чалуу үчүн гана колдонот. Мектептер жана университеттер тарабынан планшет, ноутбуктар окуу курал катары берилет. Эс алуу күндөрү деле уюлдук телефонго байланбайт, алар үчүн телефондо отуруу кызыктуу эмес. Көбү китеп окуп же ноутбугунун жардамы менен кайсыл-бир жумуштарды аткарып жаткан болот, — дейт жаш ишкер.

Ооба, Элдар айткандай, ТикТокту туура колдонгонду билген адамга пайдалуу жактары да бар. Андагы  чектин жоктугу колдонуучуга чыгармачылык эркиндик берип, жаңы идеяларын ишке ашырууда, талантын миллиондогон адамдарга көрсөтүүгө  жакшы мүмкүнчүлүк берет. Ар кандай тармактагы контенттер жаркын, кызыктуу берилгендиктен бат эсинде калат. Билим берүү тармагына тиешелүү сабактарды, тренингдерди, мастер-класстарды акысыз, онлайн форматта көрө алат.

 

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер