ТЕОРИЯ МЕНЕН ПРАКТИКАНЫ БИРИКТИРГЕН «БИЛИМ КЕРБЕНИ»

  • 13.05.2019
  • 0

23-апрелден 30-апрелге чейин Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкерлеринен, мугалимдер институтунун окутуучуларынан жана мектептин алдыңкы педагогдорунан турган топ Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында болушуп, азыркы билим берүүдөгү жаңы тенденциялар тууралуу мугалимдерге маалымат берип, алардын сунуштарын угуп, ой-бөлүшүп кайтышты. 

Каракөлдүк агай-эжейлердин билим куржуну жаңылыкка толду

24-апрелде  «Билим кербенин» энергетиктердин шаарчасы Кара-Көлдүн агай-эжейлери жылуу тосуп алышты. Алардын билимге суусап турганын ушундан билиңиз, мектеп залы билимге ышкыбоз мугалимдерге батпай турду.

— Шаарыбызда 6 орто, 2 башталгыч, 3 бала бакча, 1 спорт мектеби жана 1 балдар чыгармачылык үйү бар. Ушунда эмгектенген 350 мугалим-тарбиячынын баары келди. Анткени учурда мамлекеттик стандарттарга, окуу программаларына жана предметтик компетенттүүлктөргө байланышкан түшүнбөстүктөр көп, — дейт Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева.

Бул күнкү “Билим кербени” шаардык мугалимдердин башын кошкон биринчи иш-чара эмес экен.

— Өткөн жылы атактуу педагог Гапыр Мадаминов келип, мугалимдерге бир күн, ата-энелер менен окуучуларга өзүнчө бир күн семинар өтүп кеткен. Көп өтпөй шаарыбызда Энелер мектеби, Насаатчылар мектеби түзүлдү. Азыр экөөсү тең үзүрлүү иштеп жатат, — дейт Алымкан Бопоновна.

«Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылынын алкагында уюшулган «Билим кербенинин» демилгечиси, Кыргыз билим берүү академиясынын  президенти Алмаз Токтомаметов өзү жетектеген илимий мекеменин жаңы багыты тууралуу айтып берди.

— Батышта 25 өлкөнүн билим берүү системаларын карап чыккан соң, «Билим берүүнүн деңгээли мугалимдин дэңгээлинен ашып түшпөйт» деген тыянакка келишиптер. Ушундан улам биз бүгүн сиздер менен жолугуп, ой-пикириңиздерди угуп, жер-жерлерде мугалимдер эмнеге муктаж, кандай жардам берсек болот, кайсыл багытта кызматташа алабыз деп келдик,- деди академиянын жетекчиси.

 

Албетте, билим берүүнүн кызматташуу мейкиндиги өтө кенен. Аймактарда чыгармачылык менен иштеген мугалимдер арбын, алдыңкы тажрыйбалар да жок эмес.

— Бишкекте «Креатив-Билим» аттуу мектеп бар. Ал жерде деректирдин, завучтун атайын бөлмөсү жок. Алар мугалимдердей эле, бардык жумушту жасашат. Ар бир сабактын видеосун, слайдын, плакатын даярдаганга жетишти. Биз болсо, академияда мугалимдин окуучу менен иштегенге убактысы көбүрөөк болсун деп, сабактын план-конспектисинин төрт формасын талкуудан өткөрүп, баалоодогу тесттер боюнча китепчени даярдап жатабыз, — деди Алмаз Даткабекович.

Кыргыз билим берүү академиясынын Окутуунун теориясы жана технологиясы борборунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты Адылбек Касымов өз сөзүндө ааламдашуу жараяны мектепти өзгөртүп жатканын айтты.

— Азыр мугалим окуучу үчүн билимдин жалгыз булагы боло албайт. Балдардын колунан уюлдук телефонду алып койгондун ордуна, аны маалымат издеп тапканга колдонсок кантет? — деп илимпоз мугалимдерге кайрылды.

Сөз болуп жаткан академиянын лаборатория башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Гүлмира Тагаева өз сөзүндө баалоо бардык предметке тиешелүү компонент экенин белгилеп, мектеп окуучуларынын жетишкендиктерин баалодогу диагностикалык, калыптандыруучу жана суммативдик баалоого таасын баяндама жасады.

— Баалоонун эң ийкемдүү жолу – кайтарым байланыш. Тилекке каршы кээ бир педагогдор ушуга маани беришпейт, — деди баалоо боюнча дасыккан адис.

Республикалык мугалимдер институтунун ага окутуучусу Дүйшөн Султанкулов жыйында билим берүү ишиндеги мугалимдин жеке жоопкерчилиги туурасында жакшы сөз айтты.

— Мугалимдин жоопкерчилиги качан күчөйт?  Качан азыктанып турса, өз үстүнөн иштесе, жаңыны билгенге умтулса күчөйт. Бирок рынок шартында кызматташтык, өнөктөштүк да зарыл. Кызматтыштык качан ишке ашат? Качан жогорудагылар ылдый түшсө, ылдыйдагылар жогоруга умтулса ишке ашат,  — деди тажрыйбалуу педагог.

Пленардык жыйындан кийин «Билим кербенине» келишкен жергиликтүү мугалимдер предметтер боюнча топторго бөлүнүп иштешти. 

Ааламдашуу шартындагы билим берүүгө саресеп салган симпозиум

26-апрелде “Билим кербени” бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн маданий борбору  — ордолуу Ош шаарына келди. Алмаз Токтомаметов жетектеген педагог-аалымдар Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда эл аралык илимий-практикалык симпозиумга катышып, азыркы билим-тарбиянын орчундуу маселелери боюнча пикир алышты.

— Бүгүн бул залда билим берүү ишине кайдагер эмес адамдар олтурат деп ойлойм,  — деди аталган окуу жайдын ректору, педагогика илимдеринин кандидаты Бекмурза Зулуев эл аралык симпозиумдун катышуучуларына кайрылуу сөзүндө.

Онунчу ирет өтүп жаткан эл аралык симпозиумдун уюштуруучулары – «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фонду, ОГПИ жана Кыргыз билим берүү академиясы болгонун айта кетели.

— Ушул күндү баарыбыз күттүк. Биздин оюубузду колдогон ОГПИге, «Ыйык Ата Журт» коомдук фондуна жана биздин сыймыктуу жердешибиз, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовго терең ыраазычылык билдиребиз, — деди  Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин кандидаты Алмаз Токтомаметов симпозиумдун ачылышында.

Билим берүү академиясынын жетекчиси элди өнүктүрүш үчүн билим берүүнү өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

— Кечээ Сузакта, андан мурунку күнү Кара-Көл шаарында педагогдор менен жолуктук. «Билим кербенинин» максаты мугалимдер менен көзмө-көз жолугуп сүйлөшүп, аларга окуу-усулдук жардам берүү, мугалимдердин муктаждыктарын аныктоо менен бирге, келечекте жардам берүүчү багыттарды аныктап алуу болчу. Ошол максаттарга жеттик деп ойлойм,- деди Алмаз Даткабекович.

Учурда 500дөй окуучу жаштарды стипендия менен камсыз кылган «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фондунун Башкы директору Акынбек Эргешов симпозиум эл аралык деңгээлге чыкканын кубануу менен белгиледи.

— Бүгүн 10чу симпозиум өтүп жатат. Биринчисинде 20дай киши катышкан болчу. Азыр зал толо эл. Кенен ой бөлүшүп, келечек муундарга из калтырсаңыздар, – деди жаратман жаштардын лидери.

Назарбаев университетинин профессору Елейн Шарплин Австралиянын билим берүү системасынын мисалында педагогикалык багыттагы ЖОЖдордо ITнин жардамы менен эффективдүү менторлук жасоо маселесине токтолду.

— Австралияда да билим тармагында көйгөйлөр жок эмес. Мисалы, мугалимдердин кесиптик деңгээли, ЖОЖдорго келген абитуриенттердин билими, тест жыйынтыктары да төмөн болчу. Ушуну чечүү үчүн программаларды аккредитациядан өткөрүп, мугалимдерге байланышкан төрт деңгээлдеги кесиптик стандарттарды иштеп чыкканбыз. Биринчиси бүтүрүүчүлөрдүн деңгээлин, экинчиси мугалимдин дасыккандык дэңгээлин, үчүнчүсү өз кесибин мыкты өздөштүрүү деңгээлин жана төртүнчүсү башка мугалимдерди үйрөтүү деңгээлин камтыйт. Биз эң алдыңкы 30 пайыздык көрсөткүчкө жетишкендердин арасынан мугалимдикке тандап алабыз. Мугалимдикке келгендердин бул кесипке жөндөм-шыгы барбы, талапкердин лидерлик сапаты барбы. ушуга да маани беребиз, — деди ал.

Борбор Азиядагы Америка университетинин Билим берүү институтунун директору Тамо Чаттопадхай (АКШ) «Насаатчылыкты жана технологияларды жакшыртуу аркылуу педагогикалык билим берүүгө жаңыча көз карашты калыптандыруу» деген темада доклад окуду.

— Мен өзүм Индиядан болом. Кезинде ата-энем билимге маани берген үчүн ушул жерде турам. Азыр мен да өз балдарымдын келечегин ойлоп, алардын татыктуу билим алуусу тууралуу кабатырмын, — деди Тамо Чаттопадхай. Ал мыкты педагог болуш үчүн ар бир адам менторго муктаж экенин белгилеп. алдыңкы технологияларды колдонуу менен менторлук кылуу ыкмасын таасын баяндап берди.

Учурда компетенттүүлүк тууралуу көп сөз болууда. “Билим кербенинин” демилгечиси,педагогика илимдеринин кандидаты Алмаз Токтомаметов симпозиумда ушул маселеге кайрылды.

— Компетенттүүлүк мурдатан бизге тааныш билим, билгичтик жана көндүм дегенди жокко чыгарбайт. Компетенттүүлүк ушулардын жогорку формасы. Азыр бир тема боюнча издесең, Интернеттен 1500дөй макала чыгат.  Керектүүсүн тандап алабыз. Окуу китебин ачсак, анда да окуучу үчүн пайдасыз материал жык-жыйма. Ошон үчүн мугалимдер да, окуучулар да маалыматты издегенди, топтогонду, системалаштырууну жана аны колдонууну билиши зарыл, — деди Алмаз Даткабекович.

Ал эми ОГПИинин ректору Бекмурза Зулуев симпозиумда «Борбор Азияда орто кылымдарда жашаган энциклопедист-аалымдардын эмгектерин окуп-үйрөнүүнүн мааниси» деген темада кызыктуу доклад окуп, IX-XII кылымдарды Орто Азияда жашап өткөн дүйнөлүк илимде «Борбор Азия энциклопедисттери» деген атакка ээ болушкан Абу Али Ибн Сина, Аль-Фараби, Аль-Бируни, Юсуф Баласагуни, Махмуд Кашгари сыяктуу улуу ойчулдардын соңку Европадагы илим менен билимдин өнүгүшүнө, алгачкы университеттердин түптөлүшүнө тийгизген таасирине токтолду.

-Булар Коменскийге чейин эле билим берүүдөгү ырааттуулук, байкоо, индукция жана дедукция, математикадагы алгоритм, илимдеги суроо-жооп ыкмасы тууралуу айтышкан, — деди Бекмурза Бекболотович.

Эл аралык симпозиумда таланттуу педагог Гапыр Мадаминов жалындуу сөз сүйлөдү. Ал өзүнүн 25 жылдык эксперименталдык иштеринин жыйынтыгына таянып, “Айыл мектебинде дүйнөлүк масштабдагы инсанды тарбияласа болот” деген пикирин айтты.

— Санариптештирүү аркылуу айылды шаардын деңгээлине көтөрсөк болот, шаарды анте албайбыз. Анткени айылда адеп, нарк, таалим жашайт, Ушуга мактана бербестен, биз окуучуларга кантип билим алууну үйрөтүшүбүз зарыл.                                     Анан да айыл мектептерин кагаз иштеринен арылтуубуз керек.  Орус, англис тилдерин үйрөтүүдө ыктыярчылардын көмөгүнө муктажбыз. «Конок сабак берүүчү» дегенди колго алалы,  -деди Гапыр Мадаминов.

Симпозиумда Канададагы Торонто университетинин доктору, Назарбаев университетинин профессору  Дүйшөн Шаматов «Глобалдык эл аралык көз караш жана мугалимдердин статусу» деген аталыштагы кызыктуу илимий баяндама жасады.

—  Акыркы сурамжылоолорго таянсак, башка кесиптердин арасында мугалимдик кесип жетинчи орунда турат. Мугалимдин статусу да ар кандай өлкөлөрдө ар башка. Израилде бааланбайт, Кытайда, Түркияда бааланат. Кытайда ата-энелердин 50 пайызы өз балдарын келечекте мугалим бол дешсе, Израилде бул көрсөткүч 7%дан ашпайт. Албетте, мугалимдин коомдогу орду көп факторлорго көз каранды. Ошолордун эң эле урунттуусу – мугалимдин маянасы.  Мисалы, Бразилияда маяна аз төлөнөт, АКШда жогору, бирок ал жактагы мугалимдер дагы жогору болсо дешет,- деп айтты сыймыктуу жердешибиз.

Профессор Шаматов билим берүү аркылуу өз окуучуларын гана эмес бүтүндөй коомчулукту өзгөртө алган кыргызстандык мугалимдерди баш байгеси миллион долларга барабар Дубайда өтүүчү Global Teacher Prize сынагына катышууга чакырды.

— Бул сынакка катышуучулар албетте, башкаларды да мугалимдик кесипке шыктандыра алууга тийиш, — деди ал.

Пленардык отурумда Бухара мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Дармоной Ураева «Ааламдашуу шарттарында элдик оозеки чыгармачылыктын билим-тарбия берүүдөгү орду» деген темада билдирүү жасады.

Түштөн кийин симпозиумдун катышуучулары секцияларга бөлүнүп иштешти. Мына ошондогу эң кызыктуу баяндамаларга токтоло кетели. Билим берүү академиясынын  илимий кызматкери Чынара Аттокурова кенже мектеп окуучуларынын математикалык компетенттүүлүгүн калыптандыруудагы үч деңгээлдүү: репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү тапшырмалардын ордун таасын ачып берди.

Бухара университетинин профессору Башорат Жамилова башталгыч класстарда жазуучулардын өмүр баянын окутуу аркылуу алар жашаган доор тууралуу маалымат берсе болорлугун айтса, ОшМУнун таланттуу педагогу Асылбек Айтманбетов Кыргызстанда билим берүү иши алдыга кетип, тарбия иши артта калганына кейиди.

27-апрелде эл аралык симпозиумдун алкагында мастер-класстар болуп өттү жана катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. 

Сузак менен Баткенде да биргелешип аткарган иш ийгиликке жетти

«Билим кербенинде» предметтик нускама сабактар өтө кызыктуу болду. Мен бул топтогу ар бир адис өз предмети боюнча компетенттүү экенин байкадым. Бул алардын мугалимдерге жасаган мамилесинен, мазмунду ачууга колдонгон ыкмаларынан көрүнүп турду.

“Билим кербенинин” активдүү мүчөсү, педагогика илимдеринин кандидаты Калыйбүбү Джунушалиева предметтик топто 6-11 класстарда География предмети боюнча предметтик станддарттарды киргизүү тууралуу түшүндүрмө берди. Алгач мугалимдер 5 минутанын ичинде өздөрү жөнүндө “китепче” жазышты жана аны үн кубулта окуп беришти.

— Мен көп мектептерде иштедим. Алтындай балдарга билим бердим. 1973-жылы университетти бүтүргөм. Китебиме «Менин калтырган издерим» деген ат бердим, — деп Кара-Көл шаарындагы №1 орто мектептин география мугалими Айгүл Турмаева өз тапшырмасын окуп берди.

Ушундай эле кызыктуу ыкманы мен «Билим кербенинин» башка мүчөлөрүнүн нускама сабактарынан көрө алдым.  Ага илимий кызматкер Дамир Акматов мугалимдерге маалыматтык компетенттүүлүктү картошканын мисалында түшүндүрдү.

— Картошканы качан айдайбыз?- деп мугалимдерге кайрылды Дамир агай.

— Өрүктөр бүчүр алганда айдаш керек. Бүчүр– картошканы тиге берсең болот деген белги.

— Туура! Дагы кандай маалыматтарды айта аласыңар?

— Уруктук картошканын көзөнөктүүсүн сатып алыш керек. Канчалык көзөнөгү көп болсо, картошка ошончолук жакшы өсүп чыгат.

— Картошканы эч качан экиге бөлө кесип экпеш керек. Кескен жери ооруйт.

— Картошка тууралуу баалуу маалыматтарды айттыңар! Рахмат силерге! Ушул суроого жооп берип жатып, маалыматтык компетенттүүлүк билим алуучуларга канчалык зарыл экенин түшүндүк. Көрдүңөрбү, маалымат алмайын, биздин ишибиз жүрбөйт, — деди мугалимдердин устаты.

Республикалык мугалимдер институтунун кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Такабай Асанакунов предметтик топто мугалимдердин көңүлүн сабактын максатын окуучунун позициясында туура коюуга бурду.

— Көпчүлүк мугалимдер сабактын максатын туура эмес коюп жүрүшөт. Сабактын максаты мугалим тарабынан милдеттүү түрдө маалымдалышы керек. Ал кыска, өлчөнө тургандай, сөзсүз ишке ашкыдай болушу зарыл, — деди педагог-аалым.

Анан дагы түшүнүктүү болсун деп, «Сан атооч» деген темадагы сабактын максатын жана критерийлерин мугалимдер менен биргеликте коюп чыкты. Иш үстүндө мугалимдерден «Максаттын өлчөнө турганын кантип билебиз?» деген суроо жаралды. Такабай агай топтон эки мугалимди ортого чакырып, колдоруна кагаз топ берип, ыраакта турган корзинкага ыргытууну өтүндү. Топтор көздөгөн жерге жеткен жок. Анан мугалимдерди “Жакын келгиле!” деди. Бул ирет экөөсү тең өз максатына жетишти.

— Аралык алыс болгондуктан, өзүмө ишенбей ыргыттым, — деди биринчиси.

— Мен өзүм берген суроомо жооп алдым. Аралык жакын болгондо, өзүмө толук ишенип туруп ыргыттым, — деди экинчи мугалим.

Окуу планында  дене тарбия, сүрөт, эмгекке үйрөтүү жана музыка предметтерин окутууга аз саат каралган.  Бул жаатта чечилбеген көйгөйлөр толтура экен. Жер-жерлерде мугалимдер аталган академиянын лаборатория башчысы Жумабек Дүйшөналиевге суроолорду арбын беришти.

— Мектепте 1-11-класска чейин дене тарбия сабагын атайын адис мугалимдер өтүшү керек. 1-4-класска чейин дене тарбия сабагын башталгыч класстардын мугалимдери өтүүдө. Иш жүзүндө алар оңго-солго бурулганды, түз турганда да үйрөтө алышпайт, — дешти дене тарбия мугалимдери.

— Мектеп администрациялары кластан тышкаркы ийримдерди директордун секретарына берип коюшат. Ушул туурабы?- дешти башкалары.

— Албетте, мындай кылган туура эмес. Ар бир предметти адис мугалим өтүшү керек.  Муну мен силердин жетекчилериңерге айтам. Бирок өзүбүз да өз үстүбүздөн көп иштейли. Биздин предметтерде сырткы кооздук, келбет өтө чоң мааниге ээ. Силер музыкант, тренер катары балдарга үлгү болушуңар керек. Тренер тыкан болбосо, балдар анын артынан ээрчибейт. Силердин сулуулугуңар, улуулугуңар ушунда! –деди мугалимдердин устаты.

Предметтик башка топтордо химия жана биологиядан Билим берүү академиясынын илимий кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты Батийна Жакышова, орус тилинен илимий кызматкер Саадат Алмурзаева, тарых жана Коом таануудан №5 Улуттук компьютердик гимназиянын мугалими Саалаев Өскөн, башталгыч класстардын мугалимдерине илимий кызматкер Чынара Аттокурова, физикадан мугалимдер инстутунун ага окутуучусу Султанкулов Дүйшөн, тарбия маселелери боюнча мектеп директорлоруна нускама сабакты илимий кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты Гүлайым Жумабаева, математикадан  Окутуунун теориясы жана технологиясы  борборунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты Адылбек Касымов өтө жогорку деңгээлде өтүшүп,  жаңы предметтик стандарттар,окуу программалары жана компетенттүүлүк боюнча мугалимдердин суроолоруна ишенимдүү жоопторду беришти.

— Кыргыз билим берүү академиясы өтө жакшы ишти баштаптыр. Мугалимдерибиз алган билимдерине ыраазы, — дейт Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев бул күнкү окуу иши тууралуу.

«Билим кербени» тууралуу жакшы пикир айткандардын арасында  атактуу мугалим Гапыр Мадаминов да болду.

— Бул ишти улантуу керек. Билим берүү академиясы өз багытын эми тапты деп ойлойм, — дейт Гапыр агай.

А. Алибеков, «Кут Билим» (Бишкек- Кара-Көл – Сузак – Ош – Баткен – Бишкек)

 

 

 

  

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер