ТЕКСТТИК МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУДА МАТЕМАТИКАЛЫК МОДЕЛЬ ТҮЗҮҮНҮН ТЕХНОЛОГИЯСЫ

  • 30.04.2024
  • 0

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде физика-математикалык жана табигый-техникалык факультетинин математика жана информатика, окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, доцент Салтанат Джапарова жана «Кут билим» окуу-тарбия комплексинин математика мугалими Алымбаева Кулуй Усеновнанын «Тексттик маселелерди чыгарууда математикалык модель түзүүнүн технологиясы» деген аталыштагы мугалимдер үчүн окуу методикалык колдонмосунун бет ачары болуп өттү.

ТЕКСТТИК МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУДА МАТЕМАТИКАЛЫК МОДЕЛЬ ТҮЗҮҮНҮН ТЕХНОЛОГИЯСЫ

Иш-чарада окуу жайдын окумуштуу окутуучулары илимий эмгектин бүгүнкү күндө абдан зарыл жана актуалдуу экендигин баса белгилеп, келечекте бардык областтарга жайылтуу зарылдыгын айтышты.

Бул илимий эмгек КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен жарыкка чыккан.

Бөлүшүү

Комментарийлер