ТЭК: ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

  • 26.02.2020
  • 0
К.И.Скрябин атындагы Техника-экономикалык колледжинде  электр монтаждагыч, автоэлектрик, электр ширетүү боюнча кошумча курстар ачылды. Практикалык иштер  үчүн атайын лабораториялар, бокстар ишке киргизилди.

 

Техника-экономикалык колледжинин окуу-методикалык иштери боюнча директордун орун басары Эмилбек Орозбаевдин айтуусу боюнча, колледжде ар тараптан студенттердин келечеги жакшы болсун деген ниетте кошумча курстар ачылган.

ТЭК: ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

  • Электр монтаждагыч, автоэлектрик, электр ширетүүчү адистиги боюнча курстар ачылды. Бул биздин эле студенттер үчүн эмес, башка каалоочулар үчүн да мүмкүнчүлүк берилип, алар да курстан окуп жатышат. Негизинен ар бир адам азыркы учурда үйүндө болобу, жумушунда болобу электр энергиясын колдонот. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, эркек балдар  электр монтаждоону үйрөнүп алышса, күнүмдүк турмушунда  кереги тиет деген ойдомун. Бизде азыр жаңы лаборатория жасалган, ал ишке кирип, иштеп жатат. Үчүнчү жолу бүтүрүүчүлөрдү курстан окутуп бүтүрдүк. Жогорудагы кесиптер боюнча курстарда он экиден кем эмес студенттер окушат. Окуу мөөнөтү үч ай. Төлөмү — төрт миң сом. Курсту бүткөндө адистигине жараша сертификат берилет, — дейт директордун орун басары.
  • ТЭК: ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

Практикалык иштер жаңы ачылган лабораторияда өткөрүлөт. Мындан тышкары окуу жай Түндүк электр ААК, чакан ГЭСтер менен келишим түзгөн. Ал жерден да студенттер практикадан өтүп турушат.

ТЭК: ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

  • Биздин лабораторияда жетиштүү материалдар бар. Лабораторияны колледждин жардамы менен мугалимдер жана студенттер түзүшкөн. Көп материал кетти, 100 миң сомго чейин жабдыктар алынып, жасалды. Сабакты такшалган практик-адистер өтүшөт. Көбүнчөсү Түндүк электр ААКда иштеген тажрыйбалуу адистер, — дейт Э.Орозбаев.
  • ТЭК: ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

Колледжде электр энергиясы кайдан, кантип алынарынан баштап Кыргызстанда жашоочуларга  кандай жол менен жете тургандыгы тууралуу макеттер жасалган. Электр энергиясы Токтогул ГЭСинен баштап, шаардын пайдалануучуларына  кантип бараары, электр энергиясын жашаган үйгө туташтыруу үчүн кандай тетиктер керектелери  макетте көрсөтүлгөн. Мындан тышкары окуу кабинеттери электрге тиешелүү бүт материалдар менен, кийиле турган кийимдеринен бери окуу куралдары катары жабдылган. Колледжде окутуу орус тилинде жүргүзүлгөндүктөн, айылдык балдарга окутуучулар айрым тетиктердин аталышын жалпак тилге салып түшүндүрүшөт.

ТЭК: ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

  • Ар бир мугалим кыргызча которгонго аракет кылышууда. Кээ бир тетиктердин кыргызча котормосу жок болгондугуна байланыштуу студенттерге жалпак тил менен түшүндүрүп берүүгө туура келет. Ар бир дарсканада проекторлор орнотулган, ноутбук аркылуу видеоматериалды экранга коюп, студенттерге көрсөтүп, сабак өтүлөт, — дейт директордун орун басары.
  • ТЭК: ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

Колледжде студенттердин сапаттуу билим алышына бардык шарттар түзүлгөн. Мультимедиялык кабинеттер, ар бир аудитория телевизор, компьютер, видеопроекторлор менен жабдылган. Окуу жайда видеокөзөмөл да орнотулган. Жыйырмадан ашык аудиторияда интернет туташтырылган. Электрондук китепканада 2000 ашык китеп бар. Анын ичинен 20% кыргыз тилиндеги китептер. Актуалдуу болгон китептер сканер аркылуу өткөрүлүп, электрондук китепканага киргизилет.

ТЭК: ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

— Келечекке кадам коюу — туура окуу жайды жана адистикти тандоодон башталат.  Бул кадам ары татаал, ары жоопкерчиликтүү, себеби ушул тандаган кесипке адамдын турмушу көз каранды. Биздин эң негизги максатыбыз – өз адистигин мыкты билген, адискөй жаш келечек ээлерин даярдоо. Колледжде 50дөн  ашуун мугалимдер, алардын ичинде илимдин докторлору, профессорлору, кандидаттары бар. Окуу кабинеттерибиз заманбап мультимедиялык каражаттар менен жабдылган. Күчтүү окуу лабораториялык база түзүлгөн, — дейт колледждин директору, билим берүүнүн мыктысы, техн.и.д., профессордун м.а. Жыргалбек Шаршембиев.

ТЭК: ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

AVN программасы окуу процессин жеңилдетет

AVN программасы менен окуу жай 2015-жылдан бери иштеп келе жатат. Бул программа окуу процессин жана башкарууну бир топ жеңилдеткенин окуу жайдын жетекчилери бир ооздон айтышты.

  • Окууга өткөн студент түз эле AVN программасынан каттоодон өтөт. Студентке тиешелүү бардык маалыматтар камтылат. AVN-20 программада колледждин администрациясы отурат. Алар студенттерди каттап жаткан кызматкерлерге ачып беришет. Сөзсүз студенттин электрондук сүрөтү керек болот. Сүрөт болсо AVN-2 программасы менен кирет. AVN-1 программасынын жардамы менен тайпа түзүлөт, анан AVN-2 программасы менен студенттер тайпаларга жайгаштырылат. Мисалы, биздин колледжде студенттер төмөндөгү адистиктер боюнча билим алып жатышат. “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу”, “Айыл чарбасын механикалаштыруу”, “Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) айыл чарбасында”, “Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу”, “Автомобиль транспортундагы жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу”, “Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)”, “Каржы (тармактар боюнча)”, “Менеджмент (тармактар боюнча)”, “Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы”, “Күнөскана чарбасынын технологиясы”, “Эсептөөчү техникалык каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө”, “Дизайн (тармактар боюнча) компьютердик-графикалык”. Ар бир адистикке өткөн студенттер тайпага бөлүштүрүлөт. Кураторлор бардык программага киргизилген студенттердин аты-жөнү, туулган жылы, ата-энеси, катталган жери, азыркы учурда жашап жаткан дареги, телефон номери, электрондук сүрөтү боюнча маалыматтарды көзөмөлдөп жана тактап чыгышат. Ал эми жайкы жана кышкы сессия учурунда студенттердин зачеттору жана экзаменде алган баалары тууралуу ар бир ата-эне AVN программасынын жардамы менен таанышууга мүмкүнчүлүк ала алат, — дейт Майрамбек Разылкан уулу.

Студенттер эки ай окугандан кийин модул тапшырышат. Ушул учурда AVN-28 программасына ар бир мугалимге уруксат берилет.  Мугалим студенттердин алган баллдарын программага жайгаштырат. Окуу жайдын окуу-методикалык иштери боюнча директорунун орун басары AVN-28 программасын биринчи модул башталганда бир жумага ачат. Ошол убакта окутуучу модулдун жыйынтыгын киргизгенге үлгүрүшү керек. Үлгүрбөй, жетишпей калса, түшүнүк кат  жазат.

ТЭК: ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ ТЭК: ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

— AVN программасы жаңы ачылганда атайын адистер келип, программа менен тааныштырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишкен.  Алар бул программа тууралуу 5-6 мугалимди тааныштырып сабак өтүшкөн, андан кийин биз колледждеги бардык мугалимдерге сабак өттүк. Биринчи модулда студент 50 баллга чейин алышы керек, анын 15 баллы сабакка катышкандыгы, өз алдынча иштөөсү үчүн, 35 баллы сабакка жетишүүсү үчүн коюлат. Экинчи модулда да студенттер 50 баллга чейин топтошот, жалпы топтогон баллдарына жараша төмөндө көрсөтүлгөндөй тиешелүү бааны ала алышат. Кыскасы,  студент 85-100 баллга чейин “эң жакшы”, 70-84 чейин “жакшы”, 55-69 чейин балл алса “канаатандырарлык” деген баа коюлат, — дейт Майрамбек Разылкан уулу.

AVN программасынын  дагы бир жакшы жагы – студенттин ата-энеси  айылдан эле, сайттын порталына кирип, баласынын кантип окуп жатканын, кандай баа алып жатканын, канча жолу сабак калтырганын, келишимдик төлөмдү төлөгөнүн же төлөбөгөнүн көзөмөлдөй алат.

  • Эгерде студент керектүү балл албай калса, атаандаштык жаралат. Студенттер умтулуп, далаалат кылышат. AVN программасы кагаз ишин азайтат. Студент боюнча бардык маалымат сүрөтү менен алаканга салгандай көрүнүп турат, — дейт окуу жайдын тарбия иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча директорунун орун басары Адила Рысалиева.

Маалымат үчүн: К.И.Скрябин атындагы Техника-экономикалык колледжи 2009-жылы  аталган окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен инженердик-техникалык  факультеттин алдындагы орто кесиптик билим берүү колледжи болуп ачылган. Бул окуу жай айыл чарбасы үчүн аба менен суудай керек болгон адистерди даярдап келе жатат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер