ТЕҢИР ТООНУН ТАЛАНТТУУ ТАРЫХЧЫСЫ

  • 10.03.2023
  • 0

Теңир-Тоодогу педагог, Эл агартуунун отличниги, Жылдын мыкты мугалими, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, облустук, райондук сыйлыктардын ээси Гүлзада Бактиева ишине өзгөчө чыгармачылык менен мамиле кылган мугалим.

ТЕҢИР ТООНУН ТАЛАНТТУУ ТАРЫХЧЫСЫ

Гүлзада Бактиева Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин 1998-жылы аяктап, эмгек жолун өзү туулуп өскөн  Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылынын Ч. Асеков атындагы орто мектебинен баштаган. Учурда окуучулардын жүрөгүнөн орун алган, сый-урматка татыган мугалим.

  • Окуучу кезимде доктур болуп, элди дарылайм, жардам берем дечүмүн. 9-класска келгенде сабак берген эжей-агайларымдын башкаларга окшошпогон артыкчылыктары, жумушуна болгон аяр мамилеси менин мугалимдик кесипти тандоомо түрткү болду. Математика сабагынан берген Бакирова Жаңыл эжейимдин жүрүм-туруму, окуучуга жасаган мамилеси, тактыгы мени ушунчалык таасирленткен. Сабак өтүүдө ашыкча сөзү жок, бир сүйлөп эле жеткирип койчу. Сабак учурунда ойноп же сабакка көңүл бурбай отурган бала жок эле. Эжейимдин сабагы азыр деле эсимде. Дагы бир Шааныгүл деген физика сабагынан берген эжейим окуучуларга көп көңүл бургандыгы, такыр урушпагандыгы, өзүнө тарта билгендиги менен айырмаланчу. Эжей келгенде энебизди көргөндөй жабалактап барчубуз. Медик болуу кыялым ушундай эжейлеримден кийин өзгөргөн. Мугалимдик мен үчүн өтө ардактуу, ошол эле учурда татаал, маңыздуу кесип. Учурунда ушул кесипти тандаганыма өкүнбөйм, — дейт Гүлзада.

Мугалимдикти туу тутуп, сыймыктанган эжей кайсыл жерде жүрсө дагы кесибинин улуулугун, жоопкерчилигин сезип, кылмыш жасаган кишидей ары-бери каранып, түздөнүп турат.  Жада калса, мектептен сырткаркы учурларда да мугалимдик образынан чыкпайт.  Жоро-жолдошторунун балдарына сабак бергендиктен, алардын үйүнө барганда да элдей кенен отура албай, шакаба сөз болуп кетсе башкаларды кошо тыйып отурат. Себеби окуучусуна туура эмес жүрүм-турум көрсөтүп алуудан уялат, коркот, өзүңдү ар тараптан бирдей алып кетсең гана таасирдүү мугалим боло аласың деп эсептейт.

ТЕҢИР ТООНУН ТАЛАНТТУУ ТАРЫХЧЫСЫ

АР БИР БАЛАНЫН ТИЛИН ТАБУУГА АРАКЕТ КЫЛАТ

Мугалим үчүн балдарды сабакка кызыктыруу – ийгилик жаратууга эшик ачат. Өзгөчө өткөөл курактагы окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу жоголуп,  башка багыттагы темалар маанилүүдөй туюлуп калган кезде, баланы билимге кызыктыруу үчүн чыгармачыл дараметин колдонгонго, оюн билимге бурганга ашыгат. Окуучулардын логикалык жөндөмүн өнүктүргөн тапшырма берип, кроссворд түрүндө иштөөгө басым жасайт. Конкурстук сабактарды уюштурат. Окуучуларын 5-класстан тартып, олимпиадага даярдайт. 25 жылдык тажрыйбасында класс жетекчилик милдетти да ийгиликтүү аткарып келет. Азыркы иштешип аткан 8-б классынын окуучулары мектептин алдыңкылары. Окуучуларына дайыма жаңыча ыкма менен сабак өтүп туруу үчүн методикалык, адабий ж.б китептерди кайсыл жактан болбосун сатып алып турат.

  • Балдардын тилин табуу мага татаал эмес. Себеби көп изденем. Ар дайым “Ушул класска кандай кызыгуу жаратсам же ушул бала менен кандай иштешсем болот, балдарга кандай мамиле керек”  деген ойлор менен жүрөм. Чындыгында, ар бир класста ар тараптуу таланттуу, ар кандай кыял-жорукка ээ балдар окуйт. Мүнөзү оор бала болсо жекече көбүрөөк сүйлөшүп, көңүл бөлгөнгө аракеттенем.  Өзгөчө жаңы класс алганда ар бир окуучунун психологиясы менен таанышам, ошого жараша мамиле жасайм. Көнгөндөн кийин балдарыңдай эле болуп калат. Сени күтөт, сен да аларга сабакка киргенге шашыласың. Бир сөз менен эле балдардын көңүлүн бурсаң болот. Мисалы, мен “окуучулар” деп кайрылбайм,  “балдарым, кыздарым” деп турам. Бала да, жаман сөз айтып, алардын көңүлүн калтыргым келбейт. Мүнөзү оор бала болсо да урушпай, “эмне болуп жатасың, балам” дегенде, баланын мүнөзү дароо өзгөрүп, жибип, тынчтанып, ачыла баштаганын байкайм, – дейт Гүлзада Бактиева.

 

МЭЭРИМДҮҮ ЭНЕ

Каарманыбыз мектепте эле эмес үйүндө да мээримдүү эне.  «Эне Даңкы» медалынын ээси. Жолдошу Жыргалбек менен алты баланы татыктуу тарбиялап өстүрүүдө. Мугалимдик кесиптин түмөн түйшүгүнөн улам мектепте жүрүп, кээде өз балдарын да унутуп, сабагына катышпай, класс жетекчиси менен байланышта боло албай калган күндөрү да болорун айтат. 25 жашында турмушка чыгып, удаа-удаа төрөгөнүнө карабай иши менен үйдөгү түйшүктү бирдей айкалыштырып келет. Кыйын учурларга туш болгон күндөрү да болгон. Бирок азыр тун баласы студент болсо, көкүрөк күчүгү алты жашка чыгып, колу узарып калган кези.

  • Биринчи балам үч айдан ашканда эле ишке чыктым. Үйгө кирер замат чала-була тамактанып алып, тиричилик жумуштарына киришем. Түнү менен кир жууп, көңкөгө нан жасап, сабактарыма даярданып отуруп, эки-үч саат уктаган учурлар көп болду. Айыл жергесинде мал чарбачылык менен дыйканчылык иш дайыма болгондуктан, аларды да жайгарам. Күнүгө келерки күндүн планын түзүп алып, ошонун негизинде иш алып барам. Албетте, бул учурда жолдошуңдун колдоосу да чоң мааниге ээ. Баламды бешикке бөлөп коюп, ара-чолодо келип эмизип турганга туура келди. Эркек киши ашканага эптүү эмес го, жолдошум нандан чылап, сүттөн көп куюп, курсагын тойгузуп турар эле. Бирок анын да жумушу бар да. Айдоочу болуп эмгектенгендиктен эки жакка көп чыгат. Андай учурда кышы-жайы дебей өзүмдүн апама таштап жүрдүм. Ошондо да сабактан кийин үйгө чарчабай эле ыраазы болуп, опол тоодой иш жасагандай ырахаттанып кайтчумун. Өмүрлүк жолдошум менен апам окуучуларыма, мектепке көбүрөөк убакыт бөлгөнгө, жумушумда ийгилик жаратуума мүмкүнчүлүк түзүп берди, — дейт бактылуу эне.

 

 

ӨЗҮНҮН ЭКИ УУЛУНУН КЛАСС ЖЕТЕКЧИСИ

Гүлзада окуучулардын арасында анонимдүү сурамжылоо жүргүзгөндө ар бир окуучунун кагазында аты жазылган, таасирдүү мугалим катары сыпатталат. Кызыктуусу эки уулуна тең класс жетекчи болгон.

  • Улуу балам таене-таятасынын колунда өскөн. Экинчи балам мага өзгөчө жакын. Апам балдарыма класс жетекчи болорумду билгенде “сага уулуңду тарбиялоо буйруп жатат” деп кеңеш берген. Болбосо, класс жетекчиликтен баш тартайын деп калгам. Көнгөнчө мен деле бир кызыктай болуп жүрдүм. Мага “эжей” деп кайрылат. “Баласынан сурайбы” деп күткөн окуучуларга сабакты биринчи уулдарымдан баштар элем. Кичинекей кезинде көп билинбейт, өткөөл куракка келгенде өзгөрөт экен. Класста эмне болгонун сурап, билип алайын десем, эч нерсе айтпайт. Көрсө, ал классташтарынан бөлүнүп калбайын деп, класста болуп жаткан нерселер тууралуу ооз аччу эмес экен, — дейт сыймыктанган мугалим.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер