ТАШТАНДЫНЫ СОРТТОП, ЖӨӨ ЖҮРГҮНЧҮНҮ КЫРСЫКТАН САКТАЙТ

  • 09.12.2022
  • 0

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери FABLAB MAKE-A-THON сынагында 1000, 700, 500 АКШ долларын утуп алышты.

Сынакта беш команда ат салышты. Биринчи орунду жеңип, 1000 доллар алган команда таштандыны сорттоочу системаны ойлоп тапкан. Команда үч студенттен турат. Алар Кыял Дүйшенбиева, Марлен Канатбеков, Айданек Байышбекова.

ТАШТАНДЫНЫ СОРТТОП, ЖӨӨ ЖҮРГҮНЧҮНҮ КЫРСЫКТАН САКТАЙТ

 

Айданек Байышбекова, «Fixies» командасынын мүчөсү:

“ТАШТАНДЫНЫ СОРТТОП ЫРГЫТУУ КӨП КӨЙГӨЙЛӨРДӨН АРЫЛТАТ”

  • Октябрь айында беш студент Германияга практикага барганбыз. Ал жакта таштанды көйгөйү жок экенин көрдүк. Кагаз, айнектин түрлөрүнө, желим бөтөлкөгө арналган өзүнчө челектер коюлган, ар бир адам таштандыны өзү сорттоп салат. Желим бөтөлкө кайра иштетүүгө жиберилет. Мисалы, супермаркеттин жанында автомат турат, ал жакка желим бөтөлкөнү 25 центке кайрадан өткөрөт да балл чогултат. Топтолгон акчага супермаркеттен бир нерсе сатып алса болот. Алардын ушул идеясы жагып, биздин команда Кыргызстанга да ушул системаны киргизели деп чечтик. Бул долбоордун үстүндө иштеп жатып,  билимибизди дагы өркүндөтө алдык. Себеби буга чейин иштеп көрбөгөн OPENSV WEB камера менен иштеп жатып, өзгөчө механика, электроника программалоо жаатында кыйынчылыктарга туш болдук.  Программаны иштетүүдө жасалма  интеллекттин бир методун колдондук. Ал “нейрон тармагы” (нейронная сеть) аркылуу таштандыны таанып, сорттойт.

Абышев Марат, Чотбаева Адина, Абышев Ормон, Абдрахманов Билал “Smart” система киргизүү аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн акылдуу жөө өтмөктү иштеп чыгып, экинчи орунга ээ болду. Жаш ойлоп табуучулар мүмкүнчүлүгү чектелген жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн бул идеяны келе жаткан жылы Кыргызстанда ишке ашыруу демилгесин көтөрдү.

ТАШТАНДЫНЫ СОРТТОП, ЖӨӨ ЖҮРГҮНЧҮНҮ КЫРСЫКТАН САКТАЙТ

Билал Абдрахманов, «Team TM, MPI and PMI» командасынын мүчөсү: “ЖОЛ КООПСУЗДУГУНА АРНАДЫК”

  • Долбоордун идеясы бизге интернеттен жолдо жүрүп кырсыкка кабылган адамдардын өлүмү тууралуу макаланы окугандан кийин келди. Бизде да айдоочулар жөө жүргүнчүлөрдү байкабай сүзүп алган учурлар көп. Жол коопсуздугу дүйнөдөгү эң актуалдуу маселелердин бири. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын болжол менен 1,5 миллион адам жол кырсыгынан каза болот. Ошондуктан мекендештерибиздин өмүрүн сактап калуу үчүн жөө жүргүнчүлөр өтүүчү түзүлүштү иштеп чыгууну чечтик.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жөө өтмөктүн жанына ультро үн берүүчү датчик орнотулат. Ал алдында кандай объект турганын айырмалай албайт. Ал объектти аныктоочу уникалдуу каражат эмес. Ошондуктан азырынча толук продукт эмес, иштеп жаткан механизм деп эсептелет. Мындан ары биз камераны орнотуп, жасалма интеллект менен иштетип, алдында турган обьекттин ким экенин тааныгыдай кылып иштеп чыгабыз. Долбоор жалпысынан 26 саат убакытты алды.  Бул аппаратты алуу үчүн лазердик CNC машинасын, 3-D принтерин колдондук. Көбүнчө техникалык: датчиктердин бузулушу, сенсорлордун өз ара начар иштеши, электр чынжырындагы каталар сыяктуу көйгөйлөргө туш болдук. Бул долбоор Өкмөт менен биргеликте иштөө үчүн түзүлгөн. Долбоор мамлекетте жол коопсуздугунун эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жардам берет деп эсептейбиз.

Үчүнчү орунду алган Дүйшөбаев Калыгул, Анарбеков Аскар, Уланбеков Санжар жана Нурайым Курманалиева сынакта коомдук транспорттун колдонуучулары үчүн “GPS tracker” долбоорун алып келген.  Аларга бул идея Германиядагы транспорттун иштөө эрежесин көргөндөн кийин пайда болгон.

ТАШТАНДЫНЫ СОРТТОП, ЖӨӨ ЖҮРГҮНЧҮНҮ КЫРСЫКТАН САКТАЙТ

Нурайым Курманалиева, “Electronic Forse” тайпасынын мүчөсү: “ТИРКЕМЕ КООМДУК ТРАНСПОРТТУН ЛОКАЦИЯСЫН АНЫКТАЙТ”

Германиянын баардык коомдук транспортторунун тиркемеси бар. Каалаган транспортуңдун качан, кайда келе жатканыдыгын, белгиленген жерге канча убакытта жетип барарына чейин маалымат алсаң болот.  Тилекке каршы, Кыргызстанда коомдук унаа качан келерин билмек түгүл эки-үч саат аялдамада турсаң дагы келбейт. Көпчүлүк учурда айдоочулар иш убактысын аяктабай эле үйүнө кетип калат.  Биздин долбоор ушул маселени жөнгө салуу максатында жаралды. Ар бир автобус, троллейбуска “JPS tracker” тиркемесин орнотуу менен ишке ашырсак болот. Тиркеме аркылуу адамдар үйдө отуруп алып эле керектүү коомдук унаасынын геолакациясын карап, канча убакыттан кийин аялдамага келерин биле алат.  Бул долбоордун алкагында дагы бир коомдук транспорттун ичиндеги жүргүнчүнүн санын аныктоого мүмкүн болгон  “Pеоple  tracker” тиркемесин ойлоп тапкан. Анын жардамында коомдук унаада жайгашкан адамдардын санын, канча жүргүнчү аялдамадан түшүп, кайра канчасы киргендигине чейин көрүүгө болот.  Албетте, жаңы эмгектин жаралуусу оңойго турган жок. JPS модуль спутниктер менен байланыша албай,  имараттын ичинде иштөөгө күчү жетпей көп убакытты алды.  Түнү менен  отуруп модулдун сигнал алуусун күттүк.  Спутник менен байланышты күчөтүү үчүн  фольганы антенна сыяктуу кылып ороп да көрдүк. Ачык жерге алып чыгып, бийик жерге орнотуп, айтор,  ушул сыяктуу кыйынчылыктарга туш болдук. Бирок ага карабай берилген убакытка бир саат калганда иштеп кеткени бизди кубантты.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер