ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ, КЕЛЕЧЕК МАКСАТЫ АНЫК, АРАКЕТИ БИЙИК – ОГПИНИ ТАНДАҢЫЗ!

  • 22.05.2019
  • 0

Урматтуу абитуриенттер! Урматтуу ата-энелер!

Азыр сиздердин алдыңыздарда келечек тагдырды чечүүчү кадамды таштоо милдеди турат. Бул – эң жоопкерчиликтүү жана тандоодо кыйынчылыкты жараткан  олуттуу кадамдардын бири.

Биздин максат – сиздердин муктаждыкты канааттандырып, келечекке карай туура кадам таштоодо  эң оптималдуу, эң ыңгайлуу, заманбап жолду тандап берүү менен эң мыкты адис болууга жардам берүү. Ошондуктан сиздерди башка окуу жайлардан артта калбай, коомчулукта өз үнү, өз максаты, тандап алган таасирдүү багыты, уникалдуу таалим-тарбиясы менен айырмаланып келе жаткан Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна чакырам.

Максатка жетүү үчүн заман талап кылган агымдан артта калбай, маалыматтык-технологиялык жактан камсыз болуп, жаңы үлгүдөгү билим берүү жолун тандап, атаандаштыкка туруштук берип келе жатабыз.

Ар бир кесип – ардактуу. Бирок ошол кесиптердин ичинен мугалдимдик кесип баарынан улук. Ар бир ийгиликтүү инсандын, спортчунун, музыкант, ишкер, атүгүл мугалимдин да артында устаты бар. Андыктан сиздерди жаркын келечек үчүн жан үрөп, аракеттенген мугалимдик кесипти тандоого чакырам.

Мезгилдин өтүшү менен көп нерселер өзгөгөрөт, бирок бир кылымдык тарыхтын ичинде кылымга тете тажрыйба, билимге сугарылган адистер, эчендеген жаңылыктар, миңдеген идеялар бар. Ошолордун баары сизди күтүп, кучак жайып тосуп алууга дайыма белсенип турат.

Андыктан урматтуу достор, ата-энелер, стандартка туура келген мыкты педагог, белгилүү спортчу, ырчы, чыгаан инсан болууну кааласаңыз, тарыхы терең, келечек максаты анык, аракети бийик, ниети түз – ОГПИни тандаңыз. Сиздин тандооңузга биздеги билим алууга түзүлгөн шарттар толук кепилдик боло алат.

Андыктан  куттуу окуу жайыбызга кош келиңиздер!

ОГПИнин ректору п.и.д., профессор Зулуев Бекмурза Бекболотович

 

ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ, КЕЛЕЧЕК МАКСАТЫ АНЫК, АРАКЕТИ БИЙИК – ОГПИНИ ТАНДАҢЫЗ!

 

Атагы бүтпөс чыгарма,

Айланды чырпык чынарга.

Кылымга жакын педагогикалык иш тажрыйбага ээ, кадырлуу кесиптин татыктуу ээлерин даярдаган мугалимдер устаканасы болгон Ош гуманитардык-педагогикалык институту эл агартуу майданында кадрларга болгон муктаждыкты жана билим берүүдө  пайда болгон көйгөйлөрдү чечип келет.

Биздин студенттерибиздин 95 пайыздан ашыгы айыл жергесинен. Демек, элет жергесиндеги жана тоолуу аймактардагы мектеп көйгөйлөрү ОГПИ менен байланыш аркылуу чечилип, оң натыйжаларын берген учурлар арбын.

Билим берүү реформасынын иш-чараларынын алкагында айыл мугалимдерин даярдоонун өзгөчө шарттарына көңүл бөлүп, Ош гуманитардык-педагогикалык институту Ош облусунун Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Кара-Суу  райондоруна,  Баткен облусунун Баткен районуна жана Жалал-Абад облусунун Аксы районуна окуу жайдын аймактык дистанттык билим берүү борборлорун уюштурган. Бул борборлор компьютердик технологиялар менен жабдылып, дистанттык бөлүмдө окуган студенттер, райондун тургундары үчүн ошол борборлор аркылуу маалымат алууга шарт түзүлгөн.

Таалимди алат ар иштен,

Билимди болсо адистен.

ОГПИде студенттерге билим берүүдө 3 илимдин доктору, профессорлор, 37 илимдин кандидаты, доценттер, 22 магистр, 70 ага окутуучу, 160 окутуучу иш алып барат. Алардын ичинен бешөө Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктылары, төртөө спорттун чебери, 70 Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктылары жана белгилүү усулчу педагогдор.

Окуу процесси электрондук башкарууга өткөрүлүп, студенттердин билимин баалоо сынактары  компьютер аркылуу жүргүзүлөт. Сабактардын өтүлүшүн ж.б. коомго жат көрүнүштөрдү азайтуу максатында окуу имараттардын  кааналары  жана коридорлорго  видео көзөмөл орнотулган.

 

ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ, КЕЛЕЧЕК МАКСАТЫ АНЫК, АРАКЕТИ БИЙИК – ОГПИНИ ТАНДАҢЫЗ!

ОГПИ — кылым менен жаңы технологиянын айкалышы

ОГПИде студенттер үчүн  заман талабына жооп берген  төрт окуу корпусу, 650 орундуу студенттик жатакана, жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылган 13 компьютердик зал, 2 виртуалдык лаборатория,  100 компьютерден турган 2 электрондук китепкана,  40 компьютерден турган дистанттык билим берүү жана тестирлөө борбору,  интерактивдүү доскалар менен жабдылган 20 заманбап мультимедиялык каана,  видеопроекторлор менен жабдылган 15 лекциялык зал, 150 орундуу 3 окуу залы, китепкана, 2 спорттук, 1 гимнастикалык, 1 күрөш залы, 2 теннистик корт, 3 студенттик ашкана кызмат көрсөтөт. Мындан тышкары Эгемендүү Кыргызстан борбору, Улуттук Рух борбору, Тилди интенсивдүү үйрөтүү борбору, Музыкалык маданий-эстетикалык борбор, Окутуунун инновациялык технологиялары борбору,  Айтматов таануу борбору, Экологиялык борбор, Лидерликке үйрөтүү борбору,  Медия борбору,  Жандуу бурч борбору, Америка таануу борбору, Манастаануу борбору, Этнопедагогика жана тарых борбору, «Эрк» спорт клубу жана ондогон  студенттик дебат, дискуссиялык, чыгармачыл, илимий клубдар, ийримдер иш жүргүзөт.

 

ОГПИ — ооматы бийик ак жалын,

Колдогон дайым жаштарын

Студенттердин эркин ой жүгүртүү, сөз эркиндигин колдоо багытында «Таалим +» усулдук журналы, «Студ kg» газетасы, «Мурас» студенттик телестудиясы, «Нона» эстрадалык тобу, «Айымдар»  вокалдык тобу, «Элегия» вокалдык тобу, «Даткайым» бийчилер тобу жана «Жаратман» чыгармачылык борбору  улуттук маданиятыбызды өркүндөтүү багытында иштерди жүгүзүүдө. Мындан сырткары спорттун 12 түрү боюнча секция ырааттуу түрдө иштеп келе жатат.

ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ, КЕЛЕЧЕК МАКСАТЫ АНЫК, АРАКЕТИ БИЙИК – ОГПИНИ ТАНДАҢЫЗ!

ОГПИ – стратегиялык мааниси жогору окуу жай

ОГПИнин билим берүү системасындагы  учурдагы ордун эске алуу менен 2013-жылы аймактык стратегиялык мааниси бар педагогикалык окуу жайлардын катарына киргизилген. ОГПИ — мекенибиздин келечеги болгон жаш муундарга мугалим — устат, ар тараптуу өнүктүрүүчү, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуучу, жан дүйнөсүнө адамгерчилик сапаттарды калыптандыруучу окуу жай.

 

ОГПИ:  Кызматаштыктан интеграциялык биримдикке

Учурда Ош  гуманитардык-педагогикалык институту менен төмөндөгү бир топ алыскы жана жакынкы чет өлкөдөгү окуу жайлар менен педагогикалык кызматташууну жүргүзүп келет:

  1. Кемерово мамлекеттик университети ( КМУ)
  2. Урал мамлекеттик педагогикалык университети (УМПУ)
  3. Синьцян педагогикалык университети (СПУ)
  4. Мордова мамлекеттик педагогикалык университети (ММПУ)
  5. Новосибирск мамлекеттик педагогикалык университети (НМПУ)
  6. Перм мамлекеттик гуманитардык педагогикалык университети (ПМГПУ)
  7. Санк-Петербург мамлекеттик психология жана социалдык иштер институту (СПМПжСиИ)
  8. Щадринск мамлекеттик педагогикалык университети (ЩМПУ)
  9. НИИ Ботаника жана фитиоинтродукция институту (НИИ БжФИ) (Казакстан)
  10. Waseda  университети (Япония)
  11. Польша мамлекеттик педагогикалык университети (ПМПУ)
  12. Орто Азиядагы Америка университети  (АУЦА)
  13. Чех дыйканчылык университети
  14. Youth  of  Osh Коомдук бирикмеси
  15. Агахан фонду
  16. ЮНИСЕФ
  17. USAID
  18. Тынчтык корпусу

 

ОГПИнин коом алдындагы негизги миссиясы — билим берүүдө сапат кепилдигин камсыздоо менен коомдун өнүгүүсүнө салым кошо алган, интеллектуалдык потенциалы жогору, атаандашууга жөндөмдүү, дүйнөлүк деңгээлге интеграцияланган, педагогикалык, социалдык-экономикалык багыттагы жогорку жана орто кесиптик  билимдүү компетенттүү адистерди даярдоо.

 

 ОГПИге тапшыруунун жолу:

1-кадам. Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катталып, кошумча предметтик тесттерди туура тандап, даярданып жана сөзсүз тестирлөөгө катышуу зарыл.

2-кадам. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында министрлик бекиткен босоголук упайдан жогору упай топтоо керек.

3-кадам. ЖРТнын сертификатындагы упай менен министрлик бекиткен мөөнөттөрдө каалаган адистик/багыт боюнча конкурска катышыңыз. Конкурстагы позицияңызды ОГПИнин сайтынан (www.ogpi.kg) on-line режиминде көрүп турууга болот.

4-кадам. Конкурстун жыйынтыгында гранттык комиссия кабыл алууга сунуштаган тизмеде бар болсоңуз, документтерди тапшыруу менен өзүңүздүн тандооңузду тастыктаңыз.

 

ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ, КЕЛЕЧЕК МАКСАТЫ АНЫК, АРАКЕТИ БИЙИК – ОГПИНИ ТАНДАҢЫЗ!

ОГПИнин курамында азыркы кезде алты факультет бир колледж ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө

 

КЫРГЫЗ-РОССИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550300. Филологиялык билим берүү:
  • Кыргыз тили жана адабияты;
  • Орус тили жана адабияты;
  • Кытай тили.

 

ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550300. Филологиялык билим берүү:
  • Англис тили.
  1. Социалдык-экономикалык билим берүү:
  • Тарых.
  1. Социалдык иш

 

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

  1. Башкарууну документтик камсыздоо жана архив жүргүзүү;
  2. 050 Чет тили.

 

ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550100. Табигый-илимий билим берүү:
  • Биология;
  • География;
  • Химия.
  1. Экология жана жаратылышты пайдалануу

 

МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550700. Педагогика:
  • Мектепке чейинки билим берүү;
  • Башталгыч билим берүү.
  1. Музыкалык билим берүү (ЖРТ милдеттүү эмес)
  2. Психология

 

ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Дене тарбия (ЖРТ милдеттүү эмес)

 

МАТЕМАТИКА ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550200. Физикалык-математикалык билим берүү:
  • Математика
  • Информатика
  1. Колдонмо математика жана информатика
  2. Менеджмент

 

Жогорку билим үчүн окуу мөөнөтү:

  • күндүзгү окуу үчүн — 4 жыл;
  • сырттан окуу үчүн – 5 жыл.

 

ОГПИнин КОЛЛЕДЖИ

  1. 050709. Башталгыч класстарда окутуу
  2. 050704. Мектепке чейинки билим берүү
  3. 230108. Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча)
  4. 050720. Дене тарбия
  5. 080501. Менеджмент (тармактар боюнча)
  6. 080106. Финансы (тармактар боюнча)
  7. 040101. Социалдык иш

 

Атайын орто кесиптик билим үчүн окуу мөөнөтү:

  • 11-класстын базасында — 1 жыл 10 ай;
  • 9-класстын базасында — 2 жыл 10 ай;
  • 11-класстын (сырттан) базасында — 2 жыл 6 ай.

 

Керектелүүчү документтер:

  • Абитуриенттин арызы;
  • АТТЕСТАТ же ДИПЛОМ (түп нускасы);
  • ЖРТнын сертификаты;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
  • Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, көчүрмөсү;
  • Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү.

 

Биздин дарек:

Ош шаары Н.Исанов көчөсү 73,

Кабыл алуу комиссиясы 120-каб.,

Телефон: 0(3222)43567

Сайт: www.ogpi.kg,

E-mail: priem_[email protected]

0(779) 671 963

0(778) 494 687

0(776) 906 907

 

 

 

 ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ, КЕЛЕЧЕК МАКСАТЫ АНЫК, АРАКЕТИ БИЙИК – ОГПИНИ ТАНДАҢЫЗ!

ОШОЛ СЕНСИН, билесиңби…

Элибиздин эртеңки келечеги аталган, жан дүйнөсүн жалаң жакшылык ыроологон, жүрөгү таза, ыйманы бекем, максаты бийик, аргымагы күлүк, акылы тунук, багыты түз болгон, мектептин акыркы коңгуроосун балалык сезим менен акыркы ирет тыңшап жаткан урматтуу бүтүрүүчүлөр!  Мен силерге кайрылуу жасабасам да, силер мен айткан нерселерди даана билесиңер, бирок артык дөөлөт баш жарбагандай эле, керектүү маалымат да оордук жаратпайт. Менимче, көбүңөр студент болууну самап турасыңар, бул абдан жакшы чечим, бирок аракеттен гана берекет болорун унутпагыла урматтууларым… А балким, кимдир бирөөңөр окууну бүтсөм эле “акчалуу коркпойт базардан” деген ураанды туу тутуп же чындап эле муктаж болуп же билим алуудан ансыз да араң кутулдум дегендери канча, эмнеси болсо да акча табуунун ар кыл жолун миң ойлонуп, жүз пландап жаткан чыгарсыңар, бул да туптуура чечим болушу ыктымал, бирок бир нерсени эске алуу керек:  дүйнөнүн эң бай адамдары болсун, кылычы кынынан чыга электе тизесине кулдук урган ноендорду башкарган баатырлар болсун, көз ачып жумганча бир жерден бир жерге жетип барган сыйкырчы болсун, кыскасы менмин деген мыктылардын бири да убакытты кайрадан артка кайтара алган эмес. Бул адам баласынын иш-аракетине көз каранды болбогон, эң баалуу байлык. Андай болсо, кийин окуймун, акчалуу болгондо билим алам деген чийки ойлор арадан айланып жылдар өткөндө өз башыбызга келген сокку болуп жүрбөсүн, билим алууга каражат кетет, бирок билимсиз өткөн жашоого андан да көп каражат жумшалат. Демек, убагында окуганга  не жетсин…

Күн санап заманыбыз оңолуп, элдин түшүнүгү бир топ бийиктиктерди эңсеп баратат, ошол ийгиликтерге алып чыга турган инсандарды күтүп да, үмүт артып да турган чагы, ошол үмүттүн отун жандырган, элдин эңсеген адамына айланган инсан “СЕН” болушун мүмкүн… Азыр адамдар материалдык байлыктары менен эмес, акылдуу ойлору, изги идеялары, туруктуу чечимдери, руханий баалуулуктары, сапаттуу билими менен бааланып жаткан учурга жеттик. Бирок студент болуунун тепкичтери татаал жолдорду ашуунун артынан гана келет, тагыраагы эң кеминде 110 баллдан жогорку деңгээлди багындыруу менен студенттик орунга кошулууга мүмкүнчүлүк берилет, бирок кептин баары студент болууда эле эмес. Кыйын кырдаалга кириптер кылган адистик тандоо маселеси жаралат, ошол  жолдо эгерим адашпагыла, ар бир кесип ардакталууга татыктуу, андыктан акылыңардан ойлонуп, жүрөгүңөр менен чечим чыгаргыла, өз адистигин мыкты билген күчтүү кадр эч качан ара-жолдо калбайт, анда чамдагыла…

Өзгөнү өз баласындай бапестеген  мугалимдердин берген билими жугумдуу болсун. Керектүү кезде чачылган үрөөн, акырындап мол түшүмүн берет. Мезгил келээр, бир күнү өзү тарбия берген балага, кайрадан өзү таң калып, менин окуучум эле деп жар салып сыймыктанган мугалимдердин куттуу жүзүнүн нуруна себепчи болор күнүңөр көп болсун. Таштаган кадамыңар байсалдуу, тандаган жолуңар пайдалуу жана жаркын келечектин шам чырагын жандырган аракеттен болсун, силерге ак жол каалайм.

 

Катты жазган ОГПИнин 4-курсунун студенти

Исамидин уулу Бектурали

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер