ТАРЫХТАН ЭЛЕС

  • 13.11.2017
  • 0

ТАРЫХТАН ЭЛЕС

7-ноябрда Бишкек шаарындагы Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө арналган жана Индия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоого багытталган иш-чаралардын бири катары «Элес» спектакли коюлду. Спектаклде башкы ролдордун  бирин Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова аткарган.

Бул спектакль кыргыз элинин басып өткөн тарыхын, жашоосун, каада-салтын, үрп-адатын чагылдырат. Драманы Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Асангүл Абдыгулова жазган.

ТАРЫХТАН ЭЛЕС

Спектаклге режиссерлук кылып гана тим болбостон, башкы ролдордун бирин аткарган Назира Мамбетова:

ТАРЫХТАН ЭЛЕС

– Бул чыгарма капысынан бизге келип калган, мага сунушталгандан кийин ойлонуп-толгонуп атып, пьесаны жараттык. Бул ар бир кыргыздын жүрөгүнө жакын. Себеби андай жашоо кыргыздардын башынан өткөн, каада-салты, үрп-адаты тааныш. Андан кийин согуш башталып, көп суулар акты. Анын баарын жоготуп ийдик. Эми аны кайрадан топтоо керек болду. Ошол убактагы кыргыздын жашоосун, үрп-адатын азыркы жаштар көрүш керек. Эмне үчүн кыргыздын кырчындай жигиттери курман болушу керек эле, эмне үчүн апа-аталарыбыз, кыз-келиндер ошол убактын татаал турмушун башынан өткөрүшү керек эле, мен ушуга жүрөгүмдүн тереңинде ыза болдум, каршы болдум. Акырында кыргыз эли жеңдик. Биримдүүлүк, тазалык жеңди. Булар болбосо жашообуз татаалдана берет демекчимин. Дайыма бири-бирибизди колдоп турушубуз керек деп айткым келди, — дейт Назира Мамбетова.

Автор Асангүл Абдыгулова сахнадан ыраазылыгын билдирип, сөз сүйлөдү. Андан кийин авторду кепке тарттык.

ТАРЫХТАН ЭЛЕС

– Асангүл эже, чыгарманы кантип жазып калдыңыз?

– Азыркы заманда кыргыз элинин каада-салты деп эле жатабыз, аны айтып гана тим болбостон, муну көрүш керек. Чыгарманын түпкү мааниси – унутта калган каада-салтты жандандыруу, биле жүрүү. Чындыгында, бул спектаклде көрсөтүлгөндөй, кыз узап жатканда кошок кошуп, узатышкан илгери. «Жалгыз эле кызыбыз, экөө болсун барганда» деген саптар бала-чакалуу болсун деген тилек. Эки бай кудалашып, жакшы жашоо өткөрүп жүргөн убакта каргашалуу согуш башталат. Бул – болгон окуя. Ал убакта согуштун каарын баарыбыз эле башыбыздан өткөрдүк десек болот. Ата-эне баласынан, жаш келин жолдошунан айрылган учурлар көп эле болду. Чыгармада бир туугандардын, эне-баланын ортосундагы мамиле, согуштун кесепетинен турмуштагы өзгөрүүлөр, ошол убактагы келиндин ыймандуулугун, кайнененин сөзүн эки кылбаган сый-урматы көрсөтүлөт. Бул азыркы жаштарга болгон чоң таалим-тарбия. Ачкачылык, кыйынчылык турмушту башынан өткөрүшсө да мүңкүрөбөй, канчалаган кыз-келиндер кайраттанды, жакшы жашоого умтулушту. Негизги идеясы ушул, жаштарга тарыхыбыздын бир үзүмүн болсо да көрсөтүү, жеткирүү.

– Башка да чыгармаларыңыз барбы?

– Мындан башка «Салиманын бактары», «Бурулча», 75 жылдыгыма арнап 12 драма камтылган “Драмалар” жыйнагын чыгардым. Жакында эле «Калк энеси Каныкей» деген пьеса жаздым. Ал да театрларда коюлуп жатат. 8-9 китеп жазып чыгарганга үлгүрдүм.

– Кесибиңиз боюнча мугалим экенсиз…

– Ооба, өзүм 44 жыл мугалим болуп иштедим. Бул драмаларды 60 жашыман ашканда жаза баштадым. Ага чейин кыска сценарийлерди жазчумун. Окуучулар арасында сахналаштырып койдуртуп, мектепте чакан ийримим бар эле. Баары эле сахнага ылайыктап кененирээк жазып бериңиз деп сунуш кылышты. Менин чыгармам улгайганда театрга коюуга жарамак беле деп койгом, бирок, Кудайга шүгүр, азыр жылуу пикирлерди угуп атам.

ТАРЫХТАН ЭЛЕС

 

 

ТАРЫХТАН ЭЛЕС

 

Венера Койчиева, кызы:

– Менин апам, Асангүл Абдыгулова, акыркы жылдары бир топ драмаларды жазып, драмалары Кыргызстандын бир нече театрларында коюлуп келет. Апам драматург катары таанылып өз ордун тапты. Бүгүнкү коюлуп жаткан «Элес» спектаклинде апам өзүнүн апасынын жаш кезиндеги тагдырын, ошол убактагы кыз-келиндердин турмушун чагылдырган.

Педагогдук ишмердиги

Асангүл Абдыгулова 1966-жылы “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган. 1985-жылы “Эмгектин ардагери” медалын алган. 1999-жылы “Кыргызстандын Эмгек сиңирген мугалими” наамына татыктуу болгон. Ал – Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу.

1994-95-жылдары Лондон шаарына барып келгенден кийин өлкөлөрдүн маданиятын салыштырып окутуу боюнча өзү автордук программа түзүп, Балыкчы шаарындагы №2 Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин 8-9-класстарына “Дүйнөлүк көркөм маданият” сабагын киргизип окуткан.

Ал эми 1999-2000-жылдарда экинчи ирет “Манас таануу” сабагы боюнча автордук программасы 5-10-класстарда окутулуп, Манастын хрестоматиялык материалдары менен окуучулар кеңири таанышышкан. Ал мектепте “Эргүү” драмалык ийримин түзүп, адабий чыгармаларды сценарийлештирип жазып чыгып, окуучуларга драма койдурган.

Ошол өзү иштеген мектепте “Мурас” аттуу улуттук этнографиялык музейин түзүп да иштеткен.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер