ТАРЫХ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ ТРЕНИНГ

  • 24.01.2022
  • 0

Ош Билим берүү институтунун тарых каанасынын башчысы Ураимова Эңсегүл эжеке Кара-Суу районунун тарых мугалимдери үчүн үч сааттык мазмундуу тренинг өттү.

ТАРЫХ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ ТРЕНИНГ

Улуу педагог Адольф Дистеверг ар бир мугалим өз ишине өтө чыгармачылык менен мамиле кылышы керектигин миң кайталап айтып келген. Дистевергдин бул ойлорунун тууралыгын биз, карасуулук тарыхчы мугалимдер, тренингде отуруп кан-жаныбыз менен сездик. Билим берүү институтунун тарых каана башчысы Ураимова Эңсегүл эженин үч сааттык сабагы ушунчалык кызык болду. Анда ноутбукта тест түзүп, окуучулар менен иштөөнүн жеңил жолдорун, «Ротация» педагогикалык технологиясын, Инсерт — белги коюу менен маалыматты иштөө усулун, окуучунун «Портфолиосу» менен катар башка заманбап усулдарды да текши үйрөндүк. Өзү да бизге кеп-кеңешин айтып, өнүгүү үчүн тынымсыз семинар, тренингдерге катышып турууга чакырды.

ТАРЫХ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ ТРЕНИНГ

Мугалимдик энергияга бай Эңсегүл эжеден  көп пайдалуу кеңештерди угуп, жагымдуу маанай менен үйгө кайттык.

ШАЙЛИЕВА Назира, Кара-Суу районундагы Топ-Терек негизги мектебинин тарых мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер