ТАЛПЫНГАН ТАЛАНТТУУЛАР АЛДЫДА
- 31.03.2023
- 0
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгын, «Инсандын руханий адеп- ахлактуулугун өнүктүрүү жана дене тарбиясы» жөнүндөгү Концепциясын ишке ашыруу алкагында «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан «Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!» аттуу аймактар аралык сынактын Ош облустук туру Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында өттү.
Маалыматка ылайык, сынактын максаты — жөндөмдүү, таланттуу жаш аткаруучулар менен сүрөткө шыктуу балдарды аныктоо жана колдоо, кыргыз маданиятын балдардын чыгармачылыгы аркылуу таанытуу, жайылтуу жана жаш муундардын ортосунда достукту чындоо, аларга дем берүү болуп эсептелет. Бул иш-чарада райондордон женүүчү деп табылган 100дөн ашык таланттуу окуучулар ыр, бий, улуттук аспаптарда ойноо жана сүрөт тартуу чеберчиликтери боюнча күч сынашты.
— Окуучулардын таланттарын Бишкектен келген жана облусубуздан түзүлгөн кесипкөй адистер баалашты. «Музыкалык аспапта ойноо» жанрынан 7-11 жаш категориясы боюнча биринчи орунга Алай районунан Кылычбеков Эржан, 12-14 жаштар арасында Каныбекова Алина, 15- 17 жаш курактан Жүрдүмаматова Сезимай ээлесе, «Ыр — вокал» жанры боюнча Ноокат районунан Калмаматова Малика, Кара-Кулжа районунан Сагынбаев Улан, Алай районунан Маликова Элеонора чыкты. «Бий-хореография» жанры боюнча Кара-Кулжа районунан Сооронбекова Биби — Айша, ортонку категориядан Өзгөн районунан Жумаева Айбийке, Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун окуучусу Акматова Элнура, Кара-Кулжа районунан Карыбекова Аяна ээледи. «Сүрөт тартуу чеберчилиги» жанры боюнча Кара-Кулжа районунан Кожоева Марджана, Кара-Суу районунан Абдурасулова Анара ээледи, — дейт Р.Назаров, Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору.
Ал эми женүүчүлөр аталган мектептин бүтүрүүчү таланттуу окуучуларына Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Б.Б.Зулуев музыка факультетинин бюджеттик бөлүмүнө тастыкталган сертификаттарды тапшырды.
— 1-2-3- орунду камсыз кылган окуучулар ОБЧБнын дипломдору жана «Капитал- курулуш» компаниясы тарабынан баалуу белектерине ээ болушту. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ОМПУнун ректору Б.Б.Зулуевге, «Капитал- курулуш» компаниясынын жетекчиси Арзыматов Бактиярга окуучулардын, устаттардын атынан ыраазычылык билдиребиз. Алыскы райондордон балдарын сүрөп келген ата-энелер менен устаттар сынак жагымдуу маанайда өткөнүн белгилешти. Облустук сынактын жыйынтыгында биринчи орунду камсыз кылган 12 окуучу май айында республикалык сынакка катышып, Ош облусунун намысын коргошот, — дейт жетекчи.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер