ТАКШАЛГАН ИШМЕРГЕ ИШЕНИМ ЧОҢ

  • 25.02.2023
  • 0

ТАКШАЛГАН ИШМЕРГЕ ИШЕНИМ ЧОҢ

Көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер, журналист, жазуучу  Каныбек Иманалиев   КР Президентинин Жарлыгы менен Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Каныбек Иманалиев өмүр баяны айтып тургандай, чоң баскычтардан, сыноолордон өтүп, баралына келип турган кезде министр кызматына дайындалып олтурат. Ал Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты болгон. Алгач “Асаба” аттуу эркин гезитте  эмгек жолун баштап, таланттуу журналист катары элге кеңири тааныла алды. Такшалган журналист тез эле Кыргызстандын тунгуч президентинин басма сөз катчысы кызматына көтөрүлүп, көп жылдар бою мамлекеттин маалымат саясатын оң жолго салып турган.

Кезинде Кыргыз-Орус Славян университетинде проректорлук кызматты да аркалаган. Ушу күнгө дейре билимге, тарыхка, кыргыз рухуна, маданиятына байланышкан талылуу маселелерди үзбөй жазып, ага жүрөгүнөн күйүп келет. Саясат таануу илиминин доктору.

 К.Иманалиев билим берүү жана илим тармагынын башына  бул система реформалык чукул өзгөрүүлөрдү талап кылып жаткан учурда келип отурат. Дүйнө да, кесиптик талаптар да динамикалуу өзгөрүп, жаңы технология бүт жашоону жиреп жатканда аталган тармактын  агымдан калбай өнүгүшү керек болууда. Келечектин мектебин курууда соңку учурдагы жүргүзүлүп жаткан реформалар мындан да ыкчам, тез жүрүшү үчүн чечкиндүү  стратегиялык жүрүштөр зарыл. Билим берүүдө чечилбеген көйгөйлөр көп, окуу китептери тартыш, мектеп, бала бакча жетишсиз. Мугалимдердин кесиптик потенциалы жаңы талапка жетпей жатат. Билим берүүнүн мазмунун эскирген жүктөн тазалап, функционалдык сабаттуу окуучуларды чыгара турган практикалык нукка бурбаса болбойт.

Учкул мезгил коюп жаткан талаптарды реалдуу турмушка ашырууда солгундоого жол жок. Ушундай чалкеш мезгилде бул тармакка стратегиялык көз карашы күчтүү, чечкиндүү, мамлекеттик маанилүү тармакты алдыга алып кете турган чоң лидер керек эле. Ошол зор милдет такшалган ишмер Каныбек Иманалиевге жүктөлүп олтурат. Бул милдетти аткарууга анын менеджерлик, уюштургуч тажрыйбасы, саясий эрки  толук жетет деген ишеним бар.

Алдыда табигый илимдердин предметтик багыттары боюнча окуу китептерин адаптациялоо,  мектептерди PISA эл аралык изилдөөсүнө даярдоо, мугалимдердин кесиптик деңгээлин көтөрүү, электрондук мектеп форматын өнүктүрүү, балдардын кыска мөөнөттүү жана эрте өнүктүрүү борборлорун ачуу, өнөктөштөр менен кызматташуу, башталгыч жана жогорку кесиптик билимди жаңылоо, коррупцияга каршы механизмдерди киргизүү өңдүү көптөгөн кечиктирилгис иштер бүткөрүлүүгө тийиш. Билим берүү административдик-бюрократиялык жолойдон бошоп, заманбап инновациялык, практикалык ийкемдүү системада өнүгүүгө тийиш. Билим берүүдөгү өзгөрүүлөр ишке ашышы үчүн биринчи кезекте анда иштеген адистер өзгөрүшү керек. Ошондуктан жаңы келген жетекчинин колуна кол, бутуна бут болуп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ынтымак менен баарылап жардамдаш болуу атуулдук парзыбыз.

МУГАЛИМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨН ӨСҮП ЧЫККАН

Каныбек Иманалиев кыргыз журтчулугуна эң таанымал инсандардын катарына кирет. Жашынан зирек өсүп, чыгармачылыктын, билим менен илимдин аркасынан сая түшүп, эл-жер үчүн тынымсыз талбай эмгектенүүнүн үлгүсүн көрсөтүп, анысын парзым, милдетим деп билген бул мекенчил жараныбыз мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлүп, тарбия көргөн. Каныбектин атасы Капаш Иманалиев 28 жашында мектеп директору болгон. Бүткүл өмүрүн мектепке, балдарга арнаган агайдын колунан окугандар анын чыныгы таланттуу педагог экендигин сыймыктануу менен эскерип жүрүшөт. Министрдин бир тууган эжеси  КР эмгек сиңирген мугалими Динара Иманалиева да ата кесибин улантып келе жатат.  Уулу Адилет Иманалиев да А.Токомбаев атындагы мектептин директору. Көрүнүп тургандай, К.Иманалиев агартуу тармагынын уясынан учуп чыккан, бешигине термелген адам.

ДАРКАН ЖОЛ

Каныбек  Иманалиев 1969-жылдын 11-майында Чүй областындагы Кемин районунун Кайыңды айылында туулган. Улуту – кыргыз. Эки жогорку билимдин ээси. Саясат таануу илимдеринин доктору. Ал 1987-1989-жылдары СССР Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн эң жакшы баада окуп аяктаган. Эмгек жолун 1992-жылы «Асаба» эркин гезитинде корреспондент болуп баштап, ал жерде 1994-жылга чейин иштеген.

1994-1995-жылдары Президенттин пресс-кызматынын референти, 1996-жылдын январь айында пресс-кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. 1996-1999-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-катчысы болгон. 1999-2004-жылдары «Учкун» АК президенти кызматын аркалаган.

1998-жылы «Политология» адистиги боюнча Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Россия мамлекеттик кызмат академиясын эң жакшы баада бүтүргөн. 2002-жылы Москва шаарында аталган академиядан кандидаттык диссертациясын, 2010-жылы  Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияда докторлук диссертациясын жактаган.

2000-2005-жылдары №2 Жал округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Эл аралык жана парламенттер аралык байланыш боюнча комитеттин мүчөсү болгон. 2005-жылдын февраль айында №62 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Бир катар мыйзам долбоорлорунун автору.

2008-2010-жылдары  Кыргыз-Орус Славян Университетинин эл аралык байланыш боюнча проректору, 2010-жылдын ноябрь айынан тартып «Ар-Намыс» партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитеттин мүчөсү, ОБСЕде Жогорку Кеңештин өкүлү болгон.

2002-жылы  Парламенттер   аралык    КМШ    ассамблеясы     К.Иманалиевди   «Достук багы» алтын медалы менен сыйлаган. КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда өткөн эл аралык сынакта «Биздин замандаш» номинациясынын I даражадагы дипломун алган.  Ошондой эле ага    маданиятка кошкон салымы үчүн Евразия чыгармачыл Кеңешинин эл аралык алтын медалы ыйгарылган.

Каныбек Иманалиев республикада көрүнүктүү журналист, публицист, акын, жазуучу катары да жакшы таанымал. Ал  орус жана англис тилдеринде басылган «Кыргызстан (Слово о Родине)» китебинин, «Жоогазын ыры» («Тюльпаны пустыни»), «Кыргызские притчи», «Алтын көлдүн аккуусу», «Кыргыз нааме», «Тагай бий», «Шабдан баатыр» аттуу тарыхый чыгармалардын жана «Арзуу ыры» ырлар жыйнагынын автору.  Көптөгөн ырларына обон жазылып, учурда бир катар ырчылардын репертуарынан орун алган. Ошондой эле кыргыз элинин тарыхы, маданияты, этнографиясы жөнүндө макалалар жана маалыматтар жыйналган «Кыргыздар» басылмасынын 10 томдугунун түзүүчүсү.

2009-жылы анын «Каганат» (“Сокровенное сказание кочевников”) китеби КМШ өлкөлөрү катышкан мамлекеттердин эл аралык сынагында «Наш современник» номинациясындагы I даражадагы диплому менен сыйланган. 2010-жылы улуу манасчы Саякбай Каралаевге арналган «Саякбай» («Баллада о гение») китеби басылып чыккан.  Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.

Майрамбек ТОКТОРОВ,  “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер