ТААЖЫ ТУМООНУН ТААСЫН САБАКТАРЫ

  • 11.06.2020
  • 0

ТААЖЫ ТУМООНУН ТААСЫН САБАКТАРЫ

 

 «Ар бир кризис – бул жаңы мүмкүнчүлүктөр».

Уинстон Черчилль

 

Ооба, таажы тумоо[1] баарыбызды жабыктырып, экономикабызды эңшерди, өз ара мамилебизди чектеп, үйүбүзгө камады. Эң жаманы, көптөгөн өмүрлөрдү алып кетти. Бирок анын биз сабак ала турган жактары да арбын болду.

 

Кимдин ким экендигин көрсөттү

 

  1. Таажы тумоо кимдин чындап иштей аларын көрсөттү, жалган айтып келгендердин калпын ашкереледи. Кыйын кезеңде эл ичиндеги жөнөкөй, карапайым, эмгекчил адамдар көп нерсени жасай аларын көрсөттү. Креативдүү ой жүгүрткөн, чыгармачыл, маселе чече билген адамдарды көтөрдү. Жалган аброй алып жүргөндөрдүн чүмбөтүн сыйрып салды. Мындай эл башына кыйынчылык түшкөн, ыкчам иш-аракеттерди аткарууну талап кылган катаал учурда, сенин алып жүргөн наамдарың, кызмат абалың, даража-даңкың эмес, канчалык тез, пайдалуу чечимдерди кабыл аларың, турмуштун күрөө тамырын сезе билип, ал багытта иштерди аткара аларың маанилүү экендигин көрсөттү. Өлкөнү санариптештирүүнү кыска мезгилде жаңы деңгээлге көтөрдү.

Кызык, бир заматта тынч мезгилде ашыкча “аңкылдап”, жалган аброй топтогондор “жок болуп кетти”, алардын ордуна чыныгы иш кылгандар кыйналган элдин ажарын ачып, “жарк” этип алдыга чыкты. Баарынан жакшысы, ошолор элге жардам берип жатабыз деп кыйкырган да жок, мен “кыйратып жатам”, мага сыйлык бергиле деген да жок. Таажы тумоо колунан иш келген адамдардын ыймандуу, топуктуу экенин да айгинеледи.

  1. Китеп окууну таптакыр унутуп же ага “убактысы болбой”, жалаң соцтармактарда отуруп, кыйкырып, көрүнгөнгө сын тагып, аларда ашата сөгүп, бирок өзү эл көрө турган кымындай пайдалуу иш кылбагандарга кыйын эле болду, чындап келсе, андайлар карантин учурунда деградацияга, депрессияга учурашты. Анткени андай жашоо образынын жөнөкөй жаранга да, мамлекетке да, Жаратканга да кереги жоктугун таажы тумоо дагы бир жолу көрсөттү. Карантин аяктап, жай турмушка келгенде деле андай адамдардын абалы өзгөрбөйт, тескерисинче кыйындагандан кыйындай бериши мүмкүн. Кыргызда “эсиң барда этегиңди жап” деген жакшы макал бар. Дагы да кеч эмес. Бирок сабак албай, мындан ары да ушинтип эле аңкылдай берем дегендерге айла жок, орус туугандарда “Бүкүрдү көр түздөйт” (“Горбатого могила исправит”) деген макал бар эмеспи.

Ал эми дайыма пайдалуу бир иш менен алек болгондор, эмгекчил адамдар, чыгармачылык менен алектенгендер карантин учурунда анча деле кыйналган жок, тескерисинче бир топ иштерди бүткөрүп алышты, жаңы көндүмдөрдү үйрөнүштү, жаңы иштерди башташты, үй-бүлөсүнө, жакындарына, дүйнөгө болгон мамилесин, көз карашын өзгөрттү, эң негизгиси, “сен өзгөрсөң, дүйнө өзгөрөт” дегендей, өзүн өзгөрттү. Керек болсо, аларга убакыт жетпей жатты.

  1. Таажы тумоо ошондой эле абийирдүү адамдарды да, абийирсиздерди да ачык көрсөттү. Бир топтору үйүнүн эшигинин алдына алып келген гумжардамдан чыныгы муктаждар, кыйналгандар алсынчы деп, колунда бар оокатына топук кылып, ыймандуулугун көрсөтүп, баш тартса, экинчилери жалган айтып, жетерлик турмушу болсо да, ар жакка арызданып, кыйкырып жүрүштү. Айрым чоң компаниялардын, дүкөндөрдүн ээлери учурдан пайдаланып чөнтөгүн кампайтууга, элдин жон терисинен кайыш тилүүгө аракет кылды. Карантин башталган кезде алар кол таштап, бут таштап, ар өнөрдү көрсөттү, азыктарын сатыкка чыгарбай басып жатып, кымбаттаганда чыгарууну максат кылып, түрдүү шылтоону айтып ишканаларын токтотуп турууга жан далбас кылышты. Айрым элге белгилүү болуп калган супермаркеттер аларга соода кылганга уруксат бергенинен пайдаланып, товарларынын баасын дээрлик эки эсеге көтөрө коюшту. Бийлик көзөмөлдөгөндөй болгон менен, баарына жетише албады. Кийинчерээк базарлар иштей баштаганда, ошол супермаркеттеги товарлардын айрымдары дээрлик эки эседен ашык арзан сатыла баштады (буга өзүм күбө болдум, далилдерим бар). Акыры алар кызмат абалдарынан пайдаланып, Жогорку Кеңеш аркылуу буудайды экспорттоого кошумча нарк салыгын 5 жылга алдырып салууга жетишип, жандары жай алгандай болду.
  2. Бул маселеге кеңири токтолуп жатканымдын себеби, негизинен пайданы гана көздөгөн ошол бизнес башындагылардын (бизнесин ар кимге каттатып койгону менен өздөрү эле башкарат) эл башкарууга аралашып жатканы, бийликте отурганы. Бизнесмендердин бизнес кылганына эч ким каршы эмес, алар экономиканы өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп жатышат. Бирок акчасын колдонуп бийликке келип, кайра байлыгын көбөйтүү менен гана алек болуп, коомдук түзүлүшкө да, элдин аң сезимине да зыян келтирип жаткандар, коррупциянын гүлдөшүнө өтө чоң салым кошуп жаткандар тууралуу сөз болууда. Кытайдагы эң бай адам Джек Ма: “Саясат менен акчаны бириктирүүнүн кереги жок. Эгерде саясатка кирсең, анда бизнести унут, бизнеске аралашкан адам саясатты унутушу керек. Акча менен саясат аралашканда, ширеңке менен динамит кездешкендей, сөзсүз жарылуу болот”, — дейт (“Де-факто” гезити, 23.01.2015). Учурунда У.Черчилль: “Бизнесмендерди бийликке жолотууга болбойт, алар өз чөнтөгүн мамлекеттин чөнтөгү менен алмаштырып алышат”, — деген экен.

Акыркы кезде бүтүндөй дүйнө артка кетип жатканынын бир себеби “өз чөнтөгү менен мамлекеттин чөнтөгүн чаташтырып алган” бизнесмендердин “бийликти басып алганындабы” деген ой келет. Анткени дүйнөдө бизнесин пайдаланып бийликке келип жаткандар көбөйдү, бийликтен кеткенден кийин камалган мамлекет башчылар, президенттер арбыды, дүйнө боюнча бийлик деградацияланууда. Мындай көрүнүш токтомоюнча, бизде да кыйын абал сактала берет го, натыйжада көпкө өнүгүү болушу кыйын го деген ой.

 

Үй-бүлө, Мекен жана баалуулуктар

 

  1. Таажы тумоо баарыбыздын жүрөк үшүбүздү алганы менен, ал үй-бүлөнүн, жакындардын кадырын, үйдө даамдуу тамак жасап, чогулуп баарлашуунун баркын, мээримдин эмне экендигин билдирди. Үй-бүлөдө, жакындар арасында өз ара мамилебиз начарлаганын, катар жүрүп бири-бирибизди билбей бара жатканыбызды көрсөттү.
  2. Баарынан да Мекендин баркын, эркиндиктин баасын сездирди. Канча кыйын болсо да, ушул күндөрү сыртта жүргөндөрдүн дээрлик баары Мекенине келгенге умтулду.
  3. Акыркы кезде бедели өтө төмөн түшүп кеткен дарыгер менен мугалимдин аброюн көтөрдү. Кыргызда эки гана кесиптин ээсине карата макал чыгарылган:

“Дарыгер – өмүр сакчысы”,

“Мугалим – мөмөлүү дарак”.

Башка кесиптер тууралуу, керек болсо, Президент, депутат, Өкмөт башчы, министр, кийинки кезде жаштар көп кызыгып жаткан бизнесмен же “каралар” тууралуу да элде макал жаралган жок.

  1. Жашоо-турмушубузга кайра карап, көп маселелерди аңдап сезгенге мүмкүнчүлүк берди. Ден соолуктун кадырын, тазалыкты сактоонун, гигиенанын, билимдүү болуунун баркын билгизди.
  2. Тартипти сактоонун маанилүү экендигин көрсөттү. Кайсы мамлекетте тартип болсо, ошол мамлекет пандемиядан жеңилирээк чыкты. Кайсы мамлекетте ашыкча демократияга берилген болумуш этип, тартиби начар болсо, тартипти сактагысы келбесе, таажы тумоо аргасын кетирди, акыры келип алар кыңк этпей тартипти сактоого мажбур болушту. Испаниянын мисалын эстеп көрөлүчү. Оору жаңы башталган кезде, “Көчөгө чыкпагыла дешет, эмне үчүн чыкпайт экенбиз, учурашпагыла, өбүшпөгүлө дешет, керек болсо мына мынтип өбүшөбүз”, — дешип, жаштары көчөгө чыгып алып, шалпактап өбүшкөнүн теледен көрсөтүп, бүтүндөй дүйнөгө кыйкырып жатышты эле, акыры эмне болду? Акыркы маалыматтарды карасак да, тартипти сактабагандар өзгөчө жабыр тартууда. Деги тартипти сактагандын эмнеси жаман?..
  3. Таажы тумоо турмуштагы, экономикадагы, өз ара мамилебиздеги алсыз, чабал жерлерди ачыкка чыгарды. Ашыкча аш-тойлордун, шаан-шөкөттөрдүн, сан жетпей бараткан кафе-ресторандардын, зарыл болсо да, болбосо да самсаалап чогула бергендин кереги жоктугун көргөздү, ашыкча ысырапкорлуктун зыяндыгын далилдеди. Жалжактаган айрым тамадалардын, фонограмма менен үн созгон “жылдыздардын” кадырын кетирди. Катаал учурда алардын түккө деле турбастыгын көрсөттү. Анын ордуна жандуу үндүн, калк арасындагы карапайым ырчылардын баркын көтөрдү. Теле, радиодогу, мисалы “Санжыра” радиосунун, кийинчерээк “НТС” каналынын “Селкинчек” берүүсүндөгү жандуу үн менен ырдаган ырчылардын кадыр-баркы, эл ичиндеги аброю күн санап өсүүдө.
  4. Табият менен шайкеш (гармонияда) жашоонун баасын билгизди. Табияттын тазаруусуна, жөн жай жашоо өткөрүүсүнө шарт түздү, жапайы жаныбарлар эркин жүрө башташты. Мүмкүн, таажы тумоо табиятка каршы жасап жаткан ишибиздин куну болуп жүрбөсүн? Болбосо адамзат жыл сайын 7 млрддан ашык жандыкты союп, ысырап кылып келбеди беле.

Канча элиталык болсо да, ата-бабабыз карманып келген жер үйлөрдүн квартирадан алда канча жакшы экендигин, жерге жакын болуунун артыкчылыгын көрсөттү.

  1. Бай кедей, карапайым чоң экенине карабай, өлүм ак экенин, “өлүм үчүн катарыбыз бирдейлигин” айгине кылды. Кудайга жалына берүү да апааттан алып калбай турганын ачыктады, кийинки кездеги абдан катуу жайылып бараткан динге берилүүнүн “керемет эмес экендигин” далилдеди. Ажыга, дааватка барып келсем эле элден башкача, “ыйык” болуп калам, башка катмарда жүрөм деген түшүнүктүн натуура экендигин далилдеди. Андан көрө эл менен болуп, тазалыкты, кадимки эрежелерди сактоо маанилүү экендигин көрсөттү.

 

Дүйнө, ааламдашуу жана илим тууралуу

 

  1. Бул илдет дүйнө өтө бекем эместигин, араң турганын, экономика да, ден соолук да, тазалык да, билим берүү да ж.б. байланышта экендигин, дүйнө чырмалышып калганын көрсөттү. Ааламдашуу аркылуу дүйнөнү бир ууч топтун, азганактай мамлекеттердин “ээлеп алуусун”, дүйнөлүк гегемонияны жайлатты. Ал тургай, АКШнын президенти Дональд Трамп таажы тумоонун айынан ааламдашуу доору аяктагандыгын билдирди (14.05.2020. https://news.rambler.ru/world/44179312).
  2. Коом биримдикте болуусу керектигин көрсөттү, кызматташуунун, өнөктөштүктүн барк-баасын көтөрдү. Айтмакчы, кийинки кезде “Нобель” сыйлыгын да кызматташып, өнөктөшүп иштегендер алууда.
  3. Таажы тумоо илимдин бир топ тармактарынын, анын ичинде педагогика илиминин да, ийкемдүү болбой калгандыгын, дүйнө боюнча кризисте экендигин көрсөттү (педагогика илими өзү менен өзү болуп калгандыгын, реалдуу турмуштан алыстап, абстрактуу болуп кеткендигин, медицина илими бул жагынан ийкемдүү экендигин, ыкчам аракеттене тургандыгын ачыкка чыгарды). Натыйжада илимдин колдонмо багыттарын күчөтүү, ыкчам изилдөөлөрдү өткөрүүгө көңүл буруу, шарт түзүү керектигин далилдеди.

 

Жыйынтык катары азыноолак сөз

 

Ооба, таажы тумоодон ала турган сабактар көп болду. Бирок биз ал сабактарды канчалык өздөштүрө алабыз, маселе ушунда. Наполеон Хилл айткандай, «Маселени ийгиликке жеткирчү трамплин катары карайбызбы» же эртең абал өзгөргөндө, баарын унутуп, кайра эле мурдагыдай быкылдаган турмуш улана береби?..

Жыйынтыктап жатып айтар сөз. Жакшылап көңүл коюп караган адамга кийинки кезде аалам акылынан айнып бараткандай же кимдир бирөөлөр атайылап адамзатты туура жолдон чыгаруу аракетин көрүп жаткандай сезилген учурлар бар. Буга 3 мисал келтирели.

1-мисал. Жакында интернеттен Human Rights уюму тынчсызданып кайрылуу жасап, коркутуп эскерткендиги тууралуу окудум. Көрсө, бир мамлекеттин бийлигинин “ким жалган маалымат таратса, жоопкерчиликке тартылат” деген билдирүүсүнө каршы чыгып жатыптыр. Жалган маалымат таратканды колдогон уюмду кантип түшүнсө болот?!. “Калптын казаны кайнабайт” деп ата-бабабыз ага каршы чыгып келбеди беле? Жалганды, калпты, ушакты тараткандарды коргоп, колдоп кантип келечек муундарды тарбиялайбыз? Аларга эмне деп тарбия беребиз? “Жалган айткан адамды корго, колдо” деп, балдарыма, небере-чеберелериме, деги эле тааныган адамыма, бир да адам баласына эч качан айтпас элем. Жалган маалыматты таратуу эмес, жалган маалыматка каршы күрөшүү, ага бөгөт коюу, жалган маалыматты жок кылуу жалпы адамзаттык асылдык (баалуулук) эмеспи!

2-мисал. Кирешеңерди, кайдан акча алып жатканыңарды көрсөтүп койгула десе, кысым жасап жатат деп, бейөкмөт уюмдар аябай ызы-чуу салышты. Учурунда бүтүндөй Кыргызстанды кыдырып, бейөкмөт уюмдар тууралуу тренингдерди өткөрүп, алгачкы бейөкмөт уюмдарды түзүүгө салым кошкон, бейөкмөт уюмдар менен дайыма активдүү кызматташып келе жаткан, аларды өнүктүрүү керек деген позициядагы адам катары айтарым, бейөкмөт уюмдардын дээрлик бардыгы негизги максаттарынын бири катары ачык-айкындыкты жайылтууну, коррупция менен күрөшүүнү аташат. Же коррупция менен ушинтип “күрөшүп” калдыкпы?!.

Кыргызстанда эч ким (бийликтеги адамдан баштап жөнөкөй жаранга чейин) кирешесин жашырбашы, эч ким мыйзамдан тышкары болбошу керек деген саясат жүрүүдө. Ушундай учурда бул ишке салым кошуунун ордуна коррупция менен күрөшүп жаткан бейөкмөт уюмдар эмне үчүн кайдан акча алып жаткандыгын көрсөтүп койгондон ушунча коркушат?!.

3-мисал. Өткөн жылы маданияттын чордону болгон республикалык музейде, жаш балдар да жүргөн кезде жыпжылаңач аялдын чыгып алышы коомчулукта чоң талашты жаратты. Мени таң калтырганы, алардын колдоочуларынын кечирим суроого же жай түшүндүрүүгө, талкуулоого аракет кылбастан, догурунуп, башкаларды күнөөлөп, алардын инсандык сапаттарына, деңгээлине шек келтирип долулангандыгы болду. Кыргыз муну “осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат” деп одоно айтчу эле. Же эчтекеден эчтеке жок эле, аларды бирөө кодулап жатпаса деле гейлердин борбордук аянтка чыгып алып, улам митинг өткөргөндүгү.

Анан да азыр ар бир тармакты компетентсиз “активисттер” басып алды. Чындап келсе, ал тармакка тиешеси да жок, бирок ошолордун сөзү сөз, айтканы айткан. Тармак жетекчилери, кызматкерлер алардан кадимкидей коркот. Ал “активист” аларды коркутуп алган.

Дагы бир абдан коркунучтуу учур, көпчүлүк талоонго алат деп (кээде соцтармактагылардын ызы-чуусунан коркуп), бийликтегилердин, жада калса жөнөкөй адамдардын пикирин ачык билдире албаганы көбөйдү. Мамлекеттин келечеги, тагдыры, жаш муундун тарбиясы, асылдыктар (баалуулуктар) тууралуу сөз болуп жатканда, тайсалдап, көпчүлүккө карап (Чынгыз Айтматовдун “Кассандра тамгасы” чыгармасындагы Ордоктой болуп) пикирин өзгөртө коюу чыккынчылыктын жеткен чегидир? Мындай жол менен жаңы замандын жаны жок жаңы жаштарын же “жүзү жок” жаштарын тарбиялап калбайбызбы?!.

Деги эмне болуп баратабыз? Ушинтип отурсак асылдык (баалуулук) деп эмнени келечек муундарга беребиз, аларды кантип тарбиялайбыз?!.

 

(макала 2020-жылдын 16-майында жазылган эле)

 

Алмазбек Токтомаметов

[1] Элибизде жаман, коркунучтуу нерсенин атын атаганга тыюу салган эреже бар (илимде «табу» деп аталат). Анын атын канчалык көп атасак, биз аны чакырабыз, ал күчтөнөт деген түшүнүк бар. Ошондуктан бул вирустун атын мен «Таажы тумоо» деп атап келем.

Бөлүшүү

Комментарийлер