ТААСИРИ ТААМАЙ ТАЖРЫЙБА

  • 03.02.2023
  • 0

Нарын районунун пилоттук мектептеринин директорлору Бишкек шаарынын алдыңкы мектептерине тажрыйба алмашуу семинарына келди. Алар эң алгач Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 ОТКГда өтүлгөн «Мектептин өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо – эффективдүү жыйынтыктын өбөлгөсү» аттуу семинарга  катышты.

ТААСИРИ ТААМАЙ ТАЖРЫЙБА

Борборубуздун алдыңкы сабындагы мектепте семинар «Балдар мектеп үчүн эмес, мектеп балдар үчүн!» деген девиз астында өтүп, “Устат шакирт” долбоору жүргүзгөн ишмердүүлүктүн тажрыйбасы, “Мугалимдин сабак өтүү чеберчилиги”, “Тажрыйбалар, табылгалар” деген бөлүктөрдөн турду.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов семинардын делегаттары менен жолугуп, директорлук кызматка жаңы келген жетекчилерди куттуктап иштерине ийгилик каалады. Министр өтүлүп жаткан иш-чаранын алкагында тажрыйба алмашуу саамалыгын улантууну, жаңы демилгелерди жана жергиликтүү жетекчилер менен тыкыс иш алып барууну колго алуусун сунуштады. Ал ошондой эле суроолорду, ортого салчу маселелерди “Министр менен бир жарым саат” аттуу түз эфирде талкууга коюу туура болорун айтты.

Заманбап усулдар

Семинардын жүрүшүндө директорлор бир нече сабакка күбө болуп, жаңы технологиянын колдонулушу, усулу жөнүндө маалымат алды. Алгач немис тилинен берген С.Абдыкеримова жана практикант мугалим Лаурин Золл өткөн “Үй-бүлө мамилелери” деген темадагы сабакка катышуу үчүн лингофон кабинетине келишти. Окуучулар немис тилинде өз ойлорун эркин айтып, тапшырмаларды буйдалбай аткарып сабакты кызыктуу өткөрүштү.

ТААСИРИ ТААМАЙ ТАЖРЫЙБА

А.Токтомамбетова “Таяныч-кыймылдаткыч системасы” деген темадагы биология сабагын интерактивдүү панелди колдонуу менен абдан кызыктуу маалыматтарды кошуп өтүп берди. Окуучулар техкаражаттарды эркин колдоно билүүсү келгени меймандардын ичин жылытты.

— Мындай жабдууларды иштетиш үчүн, мектеп администрациясы мугалимдерди окууларга жөнөтүү менен, керектүү билимге ээ болууга шарт түзүп турат, — деди А.Токтомамбетова.

Ал эми кийинки химия сабагы “Суутек – химиялык элемент, жөнөкөй зат. Физикалык касиети, алынышы” деген темада 8-класста өттү. Окуучулар топторго бөлүнүп, планшет, молекулалардын макеттери менен камсыз болгон. Сабактын жүрүшүнө жакындан токтоло кете турган болсок, ар бир топ өзүнө тиешелүү тапшырманы аткарууда интерактивдүү панелдин колдонулушун ачып көрсөтө алды. Атап айтканда, биринчи топ – суутектин атомунун моделин жасады, экинчи топ – суутектин бирикмелерин, алган билимдерине таянып, валенттүүлүктөр боюнча бүт формулаларын, молекуласынын моделин түздү. Ушул эле ишти алар планшет аркылуу чыгарып жана макетин кураштырып көрсөтүштү. Ал эми үчүнчү топ – суутектин колдонулушу боюнча сүрөттүк тапшырмага кластер түзүп берди.

ТААСИРИ ТААМАЙ ТАЖРЫЙБА

— Биздин сабакта 25 планшет колдонулду. Балдар интерактивдүү панель менен абдан кызыгып иштейт. Тилекке каршы химия предметинде физика, биология предметтериндегидей “виртуалдык лаборатория” жок. Бирок биз өзүбүз изденип, сайттарга кирип акы төлөнбөгөн, өзүбүз иштей ала турган лабораториялык иш болсо, ошону чыгарып алып сабагыбызга пайдаланабыз. Ошондой эле планшеттин жардамы менен тесттерди аткартып, эсептерди чыгартып алганга мүмкүнчүлүгүбүз бар,  дейт – химия мугалими Кенже Рысалиева.

Ийгилик жаратуу оңой эмес

Алыстан келген меймандарга “Устат шакирт” долбоору даярдаган комузчулар, темир комузчулар ансамбли “Салтанат шыңгырама” күүсү, (жет. Эдил Үсөнбек уулу), “Кытай” бийи, (жет. А.Абаева), көркөм айтуу, “Ч.Айтматовдун чыгармалары” актёрдук чеберчилик ийриминин композициясы (жет. Э.Джарашев) жана мектеп жөнүндө видео тартууланды.

Мектеп директору, КР эмгек сиңирген мугалими        С.Атаева мектептин бүгүнкү күнгө чейинки опол тоодой эмгектери, аракеттери, ийгиликтери жөнүндө айтып өттү.

ТААСИРИ ТААМАЙ ТАЖРЫЙБА

— Бүгүнкү ылдам өзгөрүп жаткан заманда жаңы инновациялык технологияларды колдонуу менен сабак өтүү – билим берүүнүн сапатына түздөн-түз таасири бар. Биз өзүбүздүн ишмердүүлүктү көрсөтүп, иш тажрыйба алмашуу менен республикага жайылтуу – биздин максаттарыбыздын бири, — дейт Сайрагүл Токтосуновна.

 Окуучулардын билим деңгээлин ички жана сырткы баалоо жолдору, “Күндөлүк” электрондук системасы, “Акылдуу мектеп” долбоорунун артыкчылыктары, Чет тилдерди окутуу — мектептин негизги багыттары, Эстетикалык таалим-тарбия берүүнүн негизги булагы жөнүндөгү кеңири маалыматтар менен мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары Р.Мырзаева, Ж.Токтосунова, А.Рыскелдиева, тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары Р.Байшериева, А.Маткеримова тааныштырып өттү.

Ийгилик сыры — оптимизм

 — Бишкек шаарынын төрт мектебин кыдырып, көп жакшы таасир алдым. Өзгөчө        Т.Сатылганов атындагы №69 ОТКГнын ата-энелер менен тыгыз иш алып барып, балдарды көзөмөлдөө, каржылоо иштерин туура нукка койгону жакты, ошондой эле улуттук каада-салтты жайылтып, окуучулар арасында сиңирүүсү, улуттук музыкалык аспапта кол ойногон, сахнада кудум театр артисттериндей роль аткарган балдарды тарбиялаган ийрим жетекчилерине ыраазы болдум. Ал эми чет тилин үйрөтүүдөгү тил алып жүрүүчү практиканттын, волонтёрлордун таасири күчтүү болору анык экен, окуучулар өз оюн эркин айтып, сүйлөгөнгө жетишип жатканы ага далил боло алды. Андай деңгээлге жетиштире окутуш үчүн материалдык-техникалык базанын күчтүү болушу дагы чоң өбөлгө болот окшобойбу.  Биздин мектеп жаңы окуу жылынан баштап электрондук күндөлүк, электрондук журнал колдонуп келебиз, бирок дагы техника менен камсыздоо керек деген жыйынтыкка келдим, — дейт Нарын районунун Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин директору Мирбек Абылов.

— Бишкекте өтүлгөн семинарлардан  алып келген эң жакшы пикирлердин бири — ийрим иши болду. № 69 ОТКГнын окуучуларынын актёрдук чеберчилиги, алардын талантын ачкан эмгек сиңирген артисттердин эмгеги, ошол эле учурда ал балдардын окуудагы жетишкендиктери жогорку баага татырлык болду. Ошонун таасиринен, балдардын чыгармачылыгын өнүктүрсөк деген бүтүмгө келдим. Сабакта колдонулган усулдар, техникалык каражаттар, ар бир окуучу пайдаланган планшеттер дагы чоң мааниге ээ, андыктан материалдык-техникалык базабызды чыңдоо менен бирге, “Акылдуу мектеп” долбооруна өтүү үчүн даярдыкты күчөтө баштадык, — деди Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Мамбетов атындагы мектептин директору А.Калназарова.

— Т.Сатылганов атындыгы №69 ОТКГга баратканда заманбап, эркин кийинген шаардык балдарды көрөбүз деп ойлогом. Киргенде эле улуттук каада-салтка каныккан чөйрөгө туш болдук: мугалимден баштап окуучуга чейин ийкемдүү, сылык, бир кылка кийинген, комуз күүсү менен тосуп алган, жүрөктүн түпкүрүн аралап өткөн сахналык эпизоддор. Ал эми сабактар санариптүү каражаттар менен камсыздалып, окуучуну эмес бизди кошо кызыктыра өтүлдү. Бул жамааттын ийгиликтеринин локомотиви – оптимизм экен деп туюндум, директору дагы, мугалимдери менен окуучулары дагы оптимисттер экен,-дейт Б.Бекжанов атындагы мектептин директору Эсенгелди Токтобаев.

Айнура АСАНАЛИЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер