ТААЛИМ-ТАРБИЯНЫ ИЛИМ МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРГАН ИНСАН

  • 17.04.2024
  • 0

ТААЛИМ-ТАРБИЯНЫ ИЛИМ МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРГАН ИНСАНТоктосун Атанаев мындан 70 жыл илгери Тогуз-Торо районунда жыл бою көк кашка көбүгүнөн жанбаган Көк-Ирим жана Колбоор дарыяларынын боюндагы Арал айылында дүйнөгө келген.

Атасы Бегалы, апасы Чүрпөбүбү экөө көп балалуу болушуп, 8 уул-кызга татыктуу тарбия беришип, өмүрлөрүн, ак эмгектерин советтик чарбага арнаган карапайым адамдар болгон.

Окуучулук кезин өзү минтип эскерет: “Мени атамдын агасы Ысак деген киши багып алыптыр. Ал атам малчы болчу. Мал менен чогуу алып жүрө берип, мектепке бергенди унутуп калышыптыр. Ал кезде телефон жок. Капысынан эле баккан атам тоодон айылга учкаштыра келиптир. Анан көрүп калышып мени алып калышыптыр мугалимдер. Ошентип тогуз жашымда окудум. Бирок 1,5 жылдын ичинде аттап-аттап өз классташтарыма жетип бардым”-деп эскерет.

Окууну бүтүп турмуш жолун айылда трактор айдоо менен баштаган. Бир жыл иштегенден кийин Советтик Армияда кызмат өтөгөн. Андан кийин азыркы Кыргыз улуттук университеттин даярдоо бөлүмүнө кирип, физика факультетинин 1-курсуна өткөн. Аталган университетти 1980-жылы ийгиликтүү бүтүп, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун атайын өтүнүчү менен физика жана биофизика  кафедрасында калтырылган.

Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда (КММИ) улук лаборанттык кызматтан баштап окутуучулук кызматка өткөн. 1986-жылы КММИ Токтосун Бегалиевичти Москвага И.Пирогова атындагы Ленин ордендүү мамлекеттик медицина институтуна (азыр РГМУ) аспирантурага жөнөткөн. Аталган институтта 3 жыл максаттуу (целевой) аспирантурада окуп, аны ийгиликтүү аяктап, 1990-жылы “биофизик” адистиги боюнча биология илимдеринин кандидаты болгон. Кандидаттыгын жактагандан кийин өзүнүн жумушун КММИ де улантып доценттик наамга ээ болгон.

Токтосун Бегалиевич кандидаттыгын жактап келип эле токтоп калбастан, тынбастан эмгектенип медицина илимдеринин белгилүү докторлору Акматов Б.А., Зурдинов А.З., Мусуралиев М.С. менен бирдикте биофизиканын заманбап ыкмаларын медицинада, биология жана экологияда колдонуу менен илимдин 3 кандидатын даярдоого жетишкен. Анын жыйынтыгы менен Токтосун агай ВАКтан биология боюнча профессордук дипломду алган.  Демек Москвадан алып келген билим текке кеткен жок. Анын жарыгын Кыргызстанда окуган студенттер, жаш илимий кызматкерлер, окумуштуулар көрүштү. Натыйжада бир патент алынып 50 дөн ашып илимий макалалар жарык көрдү. КММИ де баш аягы 15 жыл иштеген.

1995-жылы ноябрь айында такшалган илимий кадыр катары Токтосун Нарын шаарында ачылып жаткан Кыргыз архитектура курулуш институтунун (КАКИ)филиалына директор кылып жөнөтүлгөн. Филиал ишин даярдоо курсун уюштуруп, угуучуларды кабыл алып,анда 1 жыл ичинде 27 угуучуну даярдаганга жетишкен. 1996-жылы КАКИнин, педучилищанын, мугалимдердин билимин өкүндөтүү институтунун жана айыл чарба техникумунун базасында Нарын мамлекеттик университети (НМУ) ачылып, университетте кафедра башчысы катары калтырылган.

ТААЛИМ-ТАРБИЯНЫ ИЛИМ МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРГАН ИНСАННМУ ачылгандагы барган (чакырылган) тогуз илимдин кандидаттарынын ичинен Атанаев Токтосун жана Дюшекеев Кубанычбектин гана университетте иштеп калышкан. Демек окуу маселелериндеги иштер негизинен ушул адамдарга таянып уюштурулган. НМУда Токтосун Бегалиевич кафедра башчысы, сырттан окутуу бөлүмү боюнча проректор, Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик башкаруу институтунун Нарындагы филиалынын директору(2,5 жыл), НМУнун окуу бөлүм башчысы, академиялык суроолор боюнча проректор (8 жыл), дистанттык окутуу бөлүмүнүн директору (2 жыл) болуп иштеген.

Нарын мамлекеттик университетине Токтосундун түздөн-түз жардамы менен биринчи класс-компьютер (12+1 даана) алынган, анын жардамы аркылуу НМУ менен КНУнун ортосунда биринчи вебинар өткөрүлгөн.

Токтосун Бегалиевич жеке эле окуу-уюштуруучулук маселелери менен алектенбестен илимий иштерин да калтырбай 3 өз алдынча изденүүчүлөр менен иштеп 20 дан ашык илимий –методикалык макалалары жарык көргөн. Ал эми окуу процесси боюнча Болон системасынын принциптерин ийгиликтүү өздөштүрүп модулдук-рейтинг системасын, электрондук окуу-методикалык комплекстерди практикага жайылтуу менен университет ар кандай конкурстарда биринчиликти алып турган. Университетке 1С-бухгалтерия программасынын, ABN маалыматтык системасынын киргизилиши да Токтосунга таандык десе болот.

Академиялык суроолор боюнча проректор болуп иштеген жылдары өзүнө да профессор-окутуучуларга да катуу талаптарды койгон. Анын натыйжасында ар бир окутуучу компьютердик технологияларды окутуу процессинде пайдаланганды, силлабустарды, электрондук окуу-методикалык комплекстерди даярдаганды, ар бир сабакты презентация менен өткөндү терең өздөштүрүшкөн. 25 жылдын ичинде окутуучулардын арасынан бир катар илимдин кандидаттары жана докторлору өсүп чыкты.

Токтосун Бегалиевич физик-лирик дегендей ыр жазмай да өнөрү бар. Өзүнүн айтуусу боюнча учурда эки жүздөн ашык ырлары бар. Айрыкча арноо, баяндоого көбүрөөк шыктуу окшоймун, обондуу ыр жазайын десем такыр эле окшобой койду деп эскерет. Төмөндө НМУну ыр менен баяндаган түрмөгүнөн кыскача үзүндү  келтирели:

 Деп баштадык…

Мезгил анда кыш эле,

Качып элдер Нарындан.

Ачса окуу жайын да,

Ойлору жок окуудан.

Арадан өтүп тогуз ай,

Жакындап жаздын айы май.

Буйругу менен ажоонун,

Ачылды чооң окуу жай.

Адегенде агылып,

Алты жүзү тапшырды.

«Түзөлү тез база»-деп,

Жетекчибиз шаштырды.

Илимден тогуз кандидат,

Билим жагын күчтөдү.

Түн уктабай, күн тынбай,

Калганын Жанат түптөдү.

Демократ Салидин,

Арманын угат ар кимдин.

«Чечими менен чыгат»- дейт,

Окумуштуулар Кеңештин.

Алдыда иштер туңгуюк,

Адашаар андан көп шашкан.

Аман турса жамааты,

Алып кетет ишти жакшы адам.

Учурда Атанаев Токтосун Бегалиевич И.Арабаев атындагы КМУнун физика жана математика факультетинин “Физика жана аны окутуу технологиясы” кафедрасынын профессору. Жубайы Кожалиева Айгүл Жакшылыковна жогорку филологиялык билимге ээ. Бир кыз эки уулду табиялашат. Кызы Айгерим Америкада окуп иштейт, уулу  Теңдик графикалык дизайнер фирмада иштейт, кичүү уулу Жанат Ж.Баласагын атындагы КУУ да 3-курстун студенти.

ТААЛИМ-ТАРБИЯНЫ ИЛИМ МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРГАН ИНСАН

                                   Бердибайдын белестери

Токтосун байкени айылда Бердибай дешет. Убагында «Бегалынын баласы Бердибай окууга кетиптир, өтүптүр» деп калышар эле. Андан көп өтпөй «Баягы Бердибай илим жазып жатыптыр, профессор, академик болуптур» деп аңыз кепти көп уктум. Угуп эле койбой сыймыктанып жүрдүм. «Биз да Бердибай болобуз» деп айылдагы далай жаштар үлгү тутуп өстүк.

Адамдын турмушунда ар кандай окуялар болот тура. Токтосун байке менен айылдаш, тууган болгонум менен, сыртыбыздан билгенибиз менен учурашкан, таанышкан жерибиз Москва шаары болгон. Анда ал Н.И.Пирогов атындагы медицина институтунун медико-биология факультетинин биофизика кафедрасынын аспиранты, мен М.В. Ломоносов атындагы Москва университетинин журналистика факультетинин студенти элем. Ал 1988-жыл болчу. Ошондон бери ага-инибиз. Токтосун байкенин андан берки баскан жолу, салган изи, жасаган иши менин көз алдымда өтүп келе жатат.

Кээде Токтосун байкенин илимдеги жолу, ага кошкон салымы Кыргызстанга караганда Орусияда жогору бааланабы деп калам. Антпесе бул наам-даражалар жөн эле айтылбаса керек. Ал 1991-жылы Орусиянын көз карандысыз илимдер академиясынын академиги наамын алган. 1999-жылдан бери Орусия илимдер академиясынын орусия философтор коомунун мүчөсү, 2009-жылдан бери     EdNet аккредитациялык агенттигинде эл аралык эксперти, 2014-жылдан «Эл баасы» аккредитациялык агенттигинде эксперт катары үзүрлүү иштеп келет.

Токтосун байке «жигитке жетимий өнөр аздык кылат» демекчи, кийинки жылдары ыр жандуу, поэзия күйөрманы катары тааныла баштады. Ырларын байма-бай ысыгы сууй электе социалдык тармактар аркылуу жарыя кылып келатат, -дейт саясий илимдеринин кандидаты, бегилүү журналист Бакытбек Орунбеков.

                    -Токтосун Бегалиевич менен 50 жылга жакын убакыттан бери таанышмын. Студенттик жылдарыбыз бирге өттү. Кийин 1998-2013-жылдары С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университинде үзөӊгүлөш болуп эриш аркак иштештик. Ал Теӊир тоодогу университеттин ачылышына, андан кийин университеттин бутка турушуна жана өнүгүүсүнө зор салым кошкон адис десем жаӊылышпаймын. Жаӊы ачылган жылдары кафедра башчысы, андан кийин сапат бөлүмүнүн башчысы, проректорлук кызматтарда иштеп, университеттин нормативдик актыларын иштеп чыгуудагы, окутуучуларга методикалык кеӊеш берүүдөгү салымы баа жеткис. Ѳзү илим кандидат болуп туруп, кандидаттарды даярдап чыгарган адистер Кыргызстанда саналуу гана. Токтосун агай ушундай адистердин катарын толуктап турат. Ал ар дайым илимге көп убактысын арнап, илимий макалаларды, билим берүүнү башкаруу, илимий изилдөөлөрдүн негиздери сыяктуу бараандуу эмгектерди басып чыгарганын да айта кетели. Ал өзү табиятынан боорукер, бирок талапты катуу койгон жетекчи, кесипкөй жана билим берүүнүн жана башка көптөгөн маселелерде компетенттүү адис,- деген пикирин билдирди Ала-Тоо Эл аралык университетинин илимий иштер боюнча проректору,п.и.д., Салидин Калдыбаев.ТААЛИМ-ТАРБИЯНЫ ИЛИМ МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРГАН ИНСАН

Токтосун Бегалиевичти Нарын университетинде доцент катары иштеп жаткан мезгилинен бери билемин. Аталган университеттин жогорку окуу жай катары негизделишинде, Токтосун Бегалиевичке окшоп алгач барган кадрлардын ролу абдан чоң. Алгачкы жылдары жоктон, бар кылышты деп айтууга болот.  Токтосун Бегалиевич Нарын университетинин окуу иштер боюнча проректору катары өз милдеттерин абийирдүүлү менен аткарды. Ал түзгөн система, бүгүнкү күнгө чейин бузулбай сакталып келе жаткандыгы, анын эмгегинин үзүрү деп айтууга болот.

И.Арабаев атындагы КМУга тажрыйбалуу адис катары мен чакыргам. Токтосун Бегалиевич кыска мөөнөттүн ичинде өз ишин терең түшүнө билгени жана жетекчилер тарабынан коюнлган тапшырмаларды өз убагында, сапаттуу аткаргандыгы менен тез аралыкта эле коллективдин сыйына ээ болгон,- деди Кыргыз билим беруу академиясынын Вице-Президенти, психология илимдеринин кандидаты, доцент Тууганбай Коңурбаев.

-Нарындан эл качып жаткан убакта коркпой барып, ЖОЖдун филиалын иштетип, анын базасында ачылган университетти бутуна тургузуп, Нарындын илимий чөйрөгө айланышына Токомдун эмгеги зор десем жаңылышпаймын.Окуу түйшүктөрү менен бирдикте коомдук иштерди жылдырып келет. Убагында «Менин өлкөм» саясий партиясынын Нарында жанданышына, анын облустагы башчысы болуп туруп бир катар жаштарды шаардык кеңешке депутат кылганга жетишти. Физиктен биофизикке айланып, академик наамды Москва илимпоздору ыйгарганы Токомдун адам касиети да терең дегендин белгиси,-деп айтты»Каган» коомдук бирикменин жетекчиси Бегалы Шадыканов.

С.Нааматов атындагы НМУнун окуу иштери боюнча проректору, НМУнун ардактуу профессору Н. Чоробаеванын айтымында, Токтосун Бегалиевич С.Нааматов атындагы НМУда бул окуу жай ачылганы Нарын жергесинен чыккан патриот окумуштуу катары тоо койнундагы студенттерге Бишкектин ЖОЖунан алган билимин, тажрыйбасын берүү максатында алгачкылардан болуп Нарынга келген окумуштуулардын бири .

-Нарын мамлекеттик университетте иштеген жылдары Токтосун  Бегалиевич өзүн ишине так, адилеттүү педагог катары көрсөттү. Терең билим берчү, ошол эле мезгилде кайтарым байланыш да ошондой сапаттуу болушун студенттерден талап кылчу. Студент кандай сабакка мамиле кылса, ошондой жыйынтык алчу. Студенттерге талабы күч эле. Жамаатка болгон мамилеси да туруктуу болчу, кимдир бирөөгө катуу айтып, же тескерисинче кошоматчылык да кылчу эмес. Окуу процессине байланыштуу көп маселелерди жеринде чечүүгө аракет кылчу. Ар бир окуу жайдагы ары татаал, ары түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү ишти талап кылган кызмат-  окуу иштери боюнча проректор болуп иштеп жүргөндөгү эмгектери алкоого татыктуу, дейт ал.

ТААЛИМ-ТАРБИЯНЫ ИЛИМ МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРГАН ИНСАНТоктосун агайга ОшМУнун медицина факультетинин жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын доценти, биология и.к.,доцент Жоомарт   Молдалиев да ыраазычылыгын билдирди: “Токтосун Бегалиевичти 2019-жылда  ОшМУнун Табият тааану жана география факультетинин 520200-биология магистрдик программасын аккредитациядан өткөрүү EdNet агенттик комиссиясынын мүчөсү болуп келгенде тааныштым.

Агай мыкты устат, менин ачык сабагыма катышты, мыкты кеңештерди айтты. Ошентип эсперт эле эмес устат болуп калды. Мыктыны мыкты эле деш керек Токтосун Бегалиевич мыкты биофизик эле эмес, мыкты ырларды жазат экен. Мени абдан таң калтырды. Жигитке 70 өнөр аздык кылат дегендей агайыма суктанып устат тутуп сыйлап  урматтап келем”.

Нарын шаарынын ардактуу атуулу, Нарын шаардык аксакалдар сотунун төрагасы Зарылбек Арыкулов дагы Токтосун мырзанын калыстыгын, адамкерчилигин, иш билги, мененчил адис экенин, Нарын университетинин калыптанышына зор салым кошконун баса белгиледи.

Токтосун агайды “Кут Билим” медиа борбору дагы 70 жаш мааракеси менен куттуктайт!

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер