ТААЛИМ САБАК
- 18.12.2019
- 0
Бишкек шаарындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстар мугалими Гүлүмкан Асанкадырованын ар бир сабагын ак пейил балдар чыдамсыздык менен күтүшөт. Эжейдин бул күнкү 3 -«д» класстагы Адабий окуу предметинен бөлүм боюнча кайталоо сабагы да балдар үчүн ары таасирдүү, ары пайдалуу болду.
Сабак улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган ыр саптары менен башталды.
— Балдар, 12-декабрда классыбызда Айтматовдун туулган күнүн белгиледик. Ошондогу ырлардан айтып өтсөңөр,- деди мугалим.
— Анда мен айтып берейин? – деди Алберт.
— Анда Албертти угалы, балдар!
Алберт:
Биздин Чыңгыз калеминен тамат бал,
Дүйнё элинин баарына жагат ал.
Ар бир жазган чыгармасы туу болуп
Адамзатка чырак болуп жанат ал.
— Рахмат, Алберт! Сен да Айтматовдой кыргыздын атын чыгарган жаштардан бол! Бүгүнкү сабакта “Бабалардан калган сёз” бөлүмүн бышыктайбыз. Карлыгач, үйгө кандай тапшырма берилди эле?
— Үйгө макал-лакаптарды, жаңылмачтарды жана табышмактарды таап келүү берилген.
— Баарыңар тапшырманы жакшы аткарып келипсиңер. Китепчелердин баарын мында илип койдук. Арууке, китепчелерди жасап жатканда эмнелерди үйрөндүң?
— Мен ата-бабалардан калган макалдарды үйрөндүм.
— Азаматсың! А сенчи Дөөлөт?
— Мен болсо көп табышмактарды билип алдым.
— Азаматсың! Кыял, сен эмнени үйрөндүң?
— Мен жаңылмачтарды бат айтканды үйрөндүм.
— Эң сонун! Жаңылмачтар да абдан керек. Ошондойбу, балдар?
— Ооба, эжей!
— Анда үч топко бөлүнүп алсак!
Окуучулар өз топторуна ат коюшту.
— Биз тобубузду «Булбулдар» деп атадык, — деди Анелия.
-Эмне үчүн?
— Сүйлөгөндө булбулдай уккулуктуу сүйлөшүбүз керек!
— Мыкты жооп болду, Анелия! Олтурагой! Эми башка топторду да угалы!
— Биздин топту «Тулпарлар» деп атадык. Анткени тулпар – аттын күлүгү, — деди Нурзада.
— Туура ат коюпсуңар, Нурзада! А силердики кандай аталат?
— Биздин топтун аты – «Шумкарлар». Шумкарлар бийик учуп, ыраакты көрүшөт, — деп жооп берди үчүнчү топтон Чынара.
— Балдар, эми ойлонуп жооп берсеңер. Ата-бабалардан бизге дагы эмнелер мураска калган? Кана, Элхан айтагой!
— Башыбыздагы ак калпак мураска калган.
— Дагы?
— Улуттук оюндар мурас болуп калган.
— Кайсы улуттук оюндарды билесиңер?
— Тогуз коргоол, аркан тартышмай, чүкө атмай, ат чабыш, кыз куумай…
— Эми Алтынайды угалы!
— Боз үй, комуз мурас болуп калган.
— Азаматсың, Алтынай! Чындыгында кыргызды ак калпаксыз, боз үйсүз жана үч кыл комузсуз элестетүүгө болбойт! Кыздардвн аткаруусунда күү укпайлыбы, балдар!
— Угалы, эжей! – дешти ак жүрөк балдар.
Улуттук кийим кийишкен Нурзада, Малика жана Чынара комузда “Алтын балалык» күүсүн аткарып беришти.
— Азаматсыңар, кыздар! Өркөнүңөр өссүн! Балдар, азыр «Манас» эпосубуз боюнча билгенибизди бышыктап алсак, — деп Гүлүмкан эжей окуучуларга эпос боюнча суроолорду узатты.
— Айткылачы, Манас ким болгон?
— Манас «үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган» журт атасы, айкөл, баатыр болгон.
— Манас төрөлгөндө кандай эле?
— 15 жаштагы баладай көрүнгөн.
— Ак элечек байбичелер орочуга оройлу десе, орочуга батпаган.
— Манастын атасы Жакыптын кандай арманы бар эле?
— Балалуу болсом деген арманы бар эле.
— Атасы түшүндё эмнени көрдү?
— Түшүндө укмуштуу алгыр кушту кармап алат.Түшүн жоорутса, «уулдуу болосуң» дешет.
— Баракелде, балдар! Айткылачы, «Манас» эпосунан кайсы окуялар эсиңерде калды?
— Кырк чоросун кураганы эсибизде калды.
— Канчасында жеңишке жетишет?
— Он беш жашында Жолой баатырдын алдын торойт. Ал Манасты көрүп, артка кайтат.
— Атасы Жакып ошондо эмне дейт?
— «Кой, балам! Алтайдан күткөн сан каранын баарын берели, айтканына көнөлү!» дейт.
— Балдар, эпос боюнча билимиңер жакшы экен! Эми айтсаңар, кийинки аңгемеде акылман ата баланын эмнесине баа берди?
— Өнөрүнө баа берди. Кичинекей бала кумдан шаар куруп ойноп жатыптыр.
— Акылман ата баланы кантип сынады?
— Акылман ата балага үч суроо узатты. Акылына баа берип, батасын берди.
— Туура, балдар! Биз өткөндө ушул бөлүмдөн «Конок ырыскысы менен келет» деген жомокту өткөнбүз. Жомок кантип аяктайт эле?
— Мурда жолоочудан тамагын аяган кемпир-чал эми элден бөлүнбөй жашап калышат.
— Аларга жолоочунун акылы себеп болду.
— Конок келгенде эмне кылышыбыз керек экен?
— «Келиңиз!» деп төргө өткөрөбүз.
— Дасторкон жаябыз.
— Бул жомок кайсы макалды эске салат?
— «Конок ырыскысы менен келет» дегенди эске салат.
— Азаматсыңар, балдар! Жакшы жооп бердиңер! Азыр топтордо иштесек, — деп Гүлүмкан эжей окуучуларды топтук ишке багыттады.
«Булбулдар» тобу макал айтышты.
— «Аганы көрүп, ини өсөт,
Эжени көрүп, сиңди өсөт».
— «Көз коркок, кол баатыр».
— Айжан, азыркы макалды чечмелеп берчи?
— Себеби көз көргөндө “Кантип жасайм!” дейт. Кол баарын бүтүрөт.
— Азаматсың!
— «От менен ойносоң күйөсүң,
Суу менен ойносоң чөгөсүң»
— Эмне үчүн антип айтылат?
— Күкүрт менен ойносоң, өрт чыгышы мүмкүн.
— Билбеген жерде сууга түшсөң, чөгүшүң мүмкүн.
— Демек, балдар, биз оттон да, суудан да этият болушубуз керек экен.
Эмки кезек «Тулпарлар» тобунда.
— Биз жаңылмачтарды даярдадык.
— Анда айтып бергилечи!
— Былкы-былкы, былкы таш,
Былкылдаган кызыл таш.
Таар токум чаар таш,
Тайгаланма кара таш.
— Баракелде! Эми табышмактарды кайсы топ айтат?
— Биз айтабыз, эжей!
«Шумкарлар» тобу өздөрү ойлоп табышкан табышмактарын айтышат.
— «Ичи бар, эки кулагы бар». Бул эмне?
— Казан!
«Ичи ичинде, ичегеси тышында». Ал эмне?
— Комуз!
— Бали, балдар! Азыр китеп менен иштесек. Китептен «Бакыт-таалай кайда?» деген текстти окуйбуз.
Окуучулар текстти окуп чыгышты. Ар бир үзүмдү бүткөн соң, дубалдагы сөздөр менен иштешти. Мында тексттеги бейтааныш сөздөрдүн түшүндүрмөсү жазылган. Мисалы: аштык – эгин, кырман – дан үйүлгөн жер...
-Баракелде, балдар! Эми тест менен иштесек. Суроолор эки вариантта берилген. Туура жоопторду тегеректеп чыгабыз, — деди Гүлүмкан эжей.
Окуучулар берилген убакыттын ичинде суроолорго жооп беришти. Андан кийин алмашып, бири-биринин ишине баа беришти.
— Балдар, бүгүнкү сабакта эмнелер жакты?
— Мага Манас атабыздын төрөлүшү тууралуу аңгеме жакты.
— Мага ак калпак, боз үй, комуз жакты.
— Мага «Ырыскы» деген аңгеме жакты.
— Мен жомоктогу акылдуу баладай архитектор болгум келет!
— Тилегиңе жет, Акназар! Бүгүн бардык топтор жакшы иштешти. Азаматсыңар! – деп Гүлүмкан эжей ак пейил балдардын жоопторуна ыраазы болуп, бул күнкү сабакты жыйынтыктады.
А.Алибеков, «Кут Билим», АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)
Комментарийлер