ТҮШТҮК КОРЕЯ ЭЛЧИЛИГИ ОШТУ ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ ЫРААЗЫ

  • 28.10.2024
  • 0

Корея элчилиги ОшТУнун алдындагы Ош 1-Сежоң институтунун башка тил үйрөтүүчү институттарга үлгү иштерине, Түштүк Кореядагы университеттер менен академиялык мобилдүүлүк программаларын жүргүзүп жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу элчи Ким Квангджэ Ош технологиялык университетиндеги жолугушууда билдирди.

ОшТУнун басма сөз кызматы билдиргендей, Түштүк Кореянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Квангджэ мырза жетектеген делегацияны ОшТУнун ректору профессор Ж.Турсунбаев кабыл алды. Жолугушуу учурунда тараптар элчилик менен Ош технологиялык университетинин ортосундагы кызматташтык мамилерди өркүндөтүү маселелерин талкуулашып, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча сүйлөштү.

Элчи Ким Квангджэ мырза ОшТУнун Түштүк Кореянын бир канча университеттери менен тыгыз кызматташып, жаштарды Түштүк Кореяда билим алууда корея тилин үйрөтүп салым кошуп келе жаткандыгына жана ОшТУнун алдында ачылган Ош 1-Сежоң институтунун ишмердүүлүгү Кыргызстандагы алдыңкы сап башында баратканына жана башка тил үйрөтүүчү институттарга үлгү иштерине, Түштүк Кореядагы университеттер менен академиялык мобилдүүлүк программаларын жүргүзүп жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди жана Элчилик ОшТУнун ишмердүүлүгүн өтө жогору бааларын, дагы өсүүсүнө салым кошобуз, магистратура жана аспирантура программалары боюнча кызматташууларда бирге иштешүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Соңунда ректор Ж.Турсунбаев элчинин жаңы дайындалышы менен куттуктап, Ош жергесиндеги алгачкы иш сапарын ОшТУдан баштаганына, сырттан туруп ОшТУнун ишмердүүлүгүнө оң баа бергенине ыраазычылык билдирди жана ОшТУнун Түштүк Корея менен болгон ишмердүүлүгү мындан нары да жогорку бийиктикте чыгармачылык менен уланаарына ишенимин билдирди.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер