АРАЛЫКТАН ОКУТУУ: ҮЙДӨГҮ ДОСКАДАН БЕРГЕН САБАКТАР

  • 11.04.2020
  • 0

Кемин районундагы мектеп окуучулары башкалардай эле төртүнчү чейректин биринчи жумасын аякташты. Аны кандай аякташкандыгы, кандай иштерди дагы толуктоо керектиги атайын жүргүзүлгөн анализдин соңунда билинмекчи.

Аралыкта окутууда колдонулуучу ыкмалар менен бардык катмарды бирдей камсыздоо максатын көздөгөн райондук билим берүү тармагынын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин дагы да улантышууда дейт, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Тулебаева. Анын айтымында, балдарды онлайн окутууда кээ бир мугалимдер үйлөрүндө класстагыдай шарт түзүп алышып, бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатышат.

— Окуучуларды аралыкта окутуу үчүн биздин мугалимдер бардык шарттарды түзгөнгө аракеттенишүүдө. Кээ бир мугалимдер үйлөрүнө чакан доскаларды алып барып алышкан. Аларга жергиликтүү элдин колдоосу күч болуп жатканын да баса  белгилеп кетким келет.  Алгачкы эле жардамды биз башкалар сыяктуу эле жергебиздеги байланышты камсыздап келаткан “Мегаком” жана “О!” операторлорунан алдык. Мугалимдер видео сабактарды өткөрүү үчүн “Мегаком” компаниясынын акысыз симкалары менен камсыз болушту. “Мегаком” тартпаган Ак-Түз сыяктуу алыскы тоолуу аймактардагы мугалимдер “О!” компаниясынын ыңгайлуу тарифтерине өтүштү. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектептеги сыналгыларды убактылуу пайдаланууга бердик. Андан тышкары, окууга өз караштары бар молдо ата-энелердин балдарын аралыктан окутууну зарылдыгын, телевизор, телефон сыяктуу керектүү техникалык жабдуулар менен жабдуунун маанисин түшүндүрүүдө бизге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аксакалдар кеңеши чоң колдоо көрсөттү,-дейт Айнагүл Абдрашитовна.

Анын айтымында, мугалимдер менен окуучулардын кайтарым байланышын түзүү да пландагыдай ишке ашырылып, мугалимдер билим берүү бөлүмүнүн адистери жана методисттери тарабынан методикалык жардамдарды алып жатышат.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ: ҮЙДӨГҮ ДОСКАДАН БЕРГЕН САБАКТАР

Айнагүл Абдрашитовна белгилегендей, адистер жаңы ыкма менен жаңы киришкен чейректин алгачкы жумасынын соңунда кандай кемчиликтер кеткенин, андан ары иштөө нугун кандай жүргүзүү керектигин жана аларды четтетүү жолдорун чогуу-чаран анализдеп чыгышмакчы.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер