ТҮРКИЯДА ОКУП ЖАТКАН ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН ТҮШКҮ ТАМАК УЮШТУРУЛДУ
- 19.01.2022
- 0
Түркиянын Сивас шаарындагы Жумхуриет университетине күзгү семестрде билим алуу үчүн барган студенттер окууларын аяктап калышты. Мобилдүүлүк программасы боюнча окууну жыйынтыктап жаткан студенттер үчүн аталган окуу жайдын эл аралык байланыштар боюнча координатору профессор, доктор Али Аксу коштошуу тамагын уюштуруп, студенттердин окуу учурундагы алган таасирлери тууралуу пикир алышты.
Түштөнүү учурунда студенттер ОшМУнун атынан Жумхуриет университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнө жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатына ыраазычылык билдиришти.
2021-2022-окуу жылынын сентябрында аталган университетке ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинен, медицина, дүйнөлүк тилдер жана маданият, кыргыз филологиясы жана журналистика, математика жана информациялык технологиялар факультетинен 22 студент эки тараптуу кызматташуу келишимдеринин алкагында билим алууга кетишкен.
ОшМУ Жумхуриет университети менен Эрасмус+ программасы аркылуу 2015-жылдан бери кызматташып келет. 2020-жылдын 30-январында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Түркияга болгон иш сапарында Жумхуриет университетинин ректору Алим Йылдыз менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койгон.
Комментарийлер